Читать онлайн Бабалардын жанырыгы бесплатно

Бабалардын жанырыгы

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»

А. Токомбаев

Китеп касиеттүү Беккулу атанын урпактарына арналат.

***

«Жараткан Теңирим өзүң колдой көр!»

Ак бата сөзү.

***

«Касиеттүү, ыйык Бугу энемин арбагы «колдосун!»

Ак бата сөзү.

***

«Беккулу атамын талы колдосун!Оомийин!».

Карылардын урпактарга берген бата сөзү.

***

Аркы атабыз Ырыскандан

Айдыңдуу кеп башталган.

Байыркынын башталмасы

Баардык элге таралган.

ЫРЫСКАН

Мен бир жолу Ийри -Колот менен келе жаткам.

Быйыл жаан көп жаагандыктан сайдын жээгинде жашаң чөп белден буралат. Арык жээгинде ала бата козу карын, арпа чөп жыш өскөн экен. Арыктан ары ар түркүн гүлдөр жанаганын көзүм чалды. Боз үйдүн оордундай тегиз жерде бир кары адам кичинекей баласы менен отурганын байкадым.

Бул баягы келишимдүү узун бойлуу, айрыкча балдарга өтө жакын, кебетесине карылыктын элеси али келе элек Темиркан деген асыл карыя экенин баамдадым. Карыядан кыйгач кетүү мүмкүн эмес эле. Салт боюнча, кичүү адам улууларга салам берип, ден соолугун сурап, анын алдынан өтүп коюу парз экен. Учураша жанына барып сүйлөшө кеттим. Ал ата-бабасынын санжыра уламышын, жомокторун жакшы билчү эле. Салам берип аркы-беркини сүйлөшүп бүтүп:

–Чоң ата мага ата-бабанын уламышын айтып бербейсиңби,-дедим.

– Айтса айтып берейин санжырага кызыгасыңбы,-деди асыл карыя.

Анын көздөрү бүркүттүкүндөй сүрдүү болуп, сөздү куюулуштуруп маңыздуу айткандыгы адамды бир кубантып, бир сүйүнтүп, бир кайгыртат. Ал чөнтөгүндөгү чакчасын алып, насбай атып, ары бурулуп түкүрүп, саамга ойлонуп калды да: – Балам, бул улама, жомок окуянын кандай болгонун мен да билбейм, бирок уламада ушундай деп айтылат.

«Ошол байыркы замандын заманында кыргыз ажосу журтту чыңап, башкаларга кор кылбай кыргыз элин башкарып турган экен. Андай күчтүү өлкөнү билгич өкүмдар башкарып турганы абзел эмеспи. Бирок кыргыздарды каратып, жерин, байлыгын тартып алуу үчүн чет жактагы коңшулар көз арта баштайт. Айрыкча кара кытай, калмактар, аттын кулагы менен тең ойногон уйгурлар жана башка майда барат элдер. Аларды кыргыз түздүктөрү, шаркырап аккан сайлары, көгүлтүр көлдөрү, берекелүү жерлери суктанта тартып жатпайбы. Ата-бабадан калган жерлерибизди ээлеп, биздин журтту башка жактарга сүрүп, же такыр тукум курут кылгысы келишет. Касиеттү өкүмдар ажо алардын кара санатай оюун даана билип, жоокерлерин топтоп, чыңдап, тартипке келтирип, баардык кезде элди шайма-шай даярдыкта кармап турду. Ажо аябай узак жашка барган эле тагдырыбы, бир күнү эли менен кош айтышып кете берди. Касиеттүү адам кайтыш болгонун угуп чет элдик басып алуучулар карышкырдай кутура баштады. Алар ажонун кош айтышып кеткенинен пайдаланып басып алууну каалап жатты. Эл-эл, журт-журт эмеспи жоокер куралып душман менен салгылашууга өттү. Жунгарлык калмактар тез эле кыргыз элин басып алууга аракет кылып жатты. Кармаш катуу болуп кан төгүлдү. Айбалталар кыңгырап, кылыч белде шыңгырап турду. Баатырлар өлүп бара жатып, күн нурун аянычтуу карап: « Пендем бизге кылаарың ушул беле? Кош бол жарыкчылык! Кош бол өмүр!»– деп тиги дүйнөгө узап кетип жатышты. Өлөт десе өөрчүгөн, түгөнөт десе түтөгөн душмандардын кошуундары үстү-үстүнө келип жатышты. Учкан жебеден күн көрүнбөй калып, ат үстүндө кармаштан эрлердин денеси талып, адам өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Каргалар каркылдап, кузгундар куркулдап, бөрүлөр кыр ашып, түлкүлөр жыт алып турду. Алардын коркунучтуу добушун угуп, адамдар саруулап үрөйлөрү учуп жатты. Жырткыч жорулар адамдардын этин жеп, тойгонунан асманга жогору көтөрүлүп уча албай калды. Ай талаада эр өлүп, ат кишенеп, армандуу добуш айланага эшилет. Эркин жел ары-бери «Өлүм-өлүм» деп жортуп жүрөт. Баарынан армандуусу, ошол кармашта айбалта менен чабышып, жоо менен алышып жүрүп, кыргыз ажосунун баатыр уулу окко учуп шейит кетти. Жунгарлар кумурскадай жайнаган эл эмеспи, биринин артынан бири келип, согуш көпкө созулду. Башка элдер жунгардык калмактарга туруштук бергени үчүн кыргыз элинин эрдигине суктанат. Акыры кыжылдаган жунгарлар « Бул элди жеңе албайт экенбиз» деп согушту токтотушту. Бул эң жаман айла-амал эле. Кыргыздар «Баш аягыбызды жыйалы»– деп тынчып калышты. Анан душман тарап кайра күчтөнүп, кыргыздарды аябай талкалайт. Ошондо биздин элибиз кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабылып, аман калгандары жан айласы кылып, тукумун сактап калыш үчүн туш-тушка качып, тоо-токойдун арасын мекендейт. Каза болгондорду карга-кузгундарга жем кылбай ак кепиндеп көөмп ариетин жасашат. Эки жактан ээсин жоктогон ат кишенеп, ай талаада каңгыган ит армандуу улуду. Атасын жоктоп бала ыйлап, уулун жоктоп эне муңканды. Карыялардын көзүнөн аккан жашы ак сакалын аралай куюулуп турду.

Жомокчу карыя көп сүйлөгөндүктөн демигип кетти окшойт бир паска эки жакты карап далайга эс алып, анан алтын кебин ары улап кирди.

– Кайсы жерге келдим эле балам, эсиңе жара чыккырдыкы десе, ошентип жанагы жунгар калмактары биздин элди туш-тушка бөлүп азап көрсөтө баштабадыбы. Бирок жунгарларга бир нерсе болдубу, биздин элдин биримдигинен айбыгып жаттыбы, өз аймагына кетип калышты.

Акыры алар тынчып, кыргыз жергесине кичине пейпилдик орноду. Жер-жердеги, кокту-колот, карагай чердеги, тоонун үңкүрүндө жашаган адамдар чогулуп мурунку турагына келе башташты. Жунгарлар « Кыргыздарды баш көтөрө алгыс кылып кырдык»– дешти. Ошентип чачылган эл жыйылып, тербиген эл биригип, кайра тиричилигин өтөөгө киришти. Бирок аларга баш көз, камчы сап, тээк боло турган адам керек эмеспи. Башчы ажосунун баласы чоң казатта эрдик көрсөтүп шейит кеткен. Сакалы белине жеткен карыя:

– Айланайын калың эл кыжылдаган жунгарлар чапты эле деп апаат тукум курут болуп кетпейли, чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү удайлы!– деп карыя элди ынтымакка чакырды. – Айтканы туура,– деп улуу журт карынын кебине капка салды, макул болду. Ошентип эл биримдикке келип, баш көз боло турган Ажону шайлаш керек болгуп турду. Элдин башы катып, « Кимди ажо кылабыз, ажонун баласы да майданда мерт болду. Жок дегенде дагы бир уулу болгондо эмне? Кайсы уул ушул кыйналган журтту баштап кете алат. Ошондо жүздөн ашкан сакалы белине жеткен бир карыя пикирин айтып турду:

– Ажодон тукум калган жок анын баласынан артык көргөн бир кыраан ак шумкары бар эле. Ошону белги кылып учуруп көрөлү, алгыр кимге барып консо, ошол ажо болсун,– дешти.

Кээ бири айтты:

– Бир эси жок пендеге конуп анысы журтту башкара албай, мазебизди албайбы?

– Байкагыла! ажо журттун башкаруучусу элдин тагдырын акылы жок бирөөгө карматып жиберип, кайра өзүбүз кор болуп калбайлы!

–Аялынын тилин алган бир катынпоз болсо, биздин түбүбүзгө жетип кууратпасын.

– Айланайын журт азып-тозуп кетпейли,– деп санаага батып чарчаган эл эмне кылаарын билбей апдаарып турушту.

Дагы бир жеерде сакалчан карыя, чепкенин топчулап, ак сакалын жай акырын сылап жатып айтты:

– Кагылайын калк мурунку ажобуз акылман, баатыр, сөз билги туйгун эле анын учурунда элибиз өсүп-өндү, өркүндөдү. Мен бул кушту учуралы деген карыянын оюн кубаттайм. Кушту учуралы кыраан өзү билеер, байыртадан эле кыргыз эли алгыр кушту, күлүк бууданды бапестеп келген кыраан кимге барып консо, ошону ажо кылып шайлап алалы. Андан кийинкисин дагы көрө жатаарбыз.

Куш элдин жол таба албай кыйналып жатканын билдиби, токтоно албай каардуу түрдө шаңшып-шаңшып жиберди. Жаштар удургуй дуулдап кыйкырып жатышты:

– Учуралы.

– Учуруп көрөлү.

– Кудайга тобо!

– Айланайын куштун пири буудайык эл журтту ыйлата көрбө! –аппак сакалчан бир карыя муңканып айтып жатты.

– Ыраматылык ажонун алгыр, акылдуу кушу журтту алдабас, – эл уу-дуу болуп басылбай удургуй толкуп турду.

– Жаратканым өзүң колдой көр кимге консо тагдырыбыз ошол кишиге байланыштуу. Элибизди ошол адам башкарат.

Акыры куштун тилин билген ажонун башкы мүнүшкөрү Ажыбек куркук кыраанды колуна кондуруп, канат куйрйгун сылап, учурууга даярданды.

Улгайган карыя:

– Жараткан кудайым, ыйык канаттуум, элдин тагдырын сага, сени кудайга тапшырдым, эл үчүн байлык бийликке алданбаган журттун камын ойлогон тайманбас эр азаматка коно көр. Оомийин!– деп бата жолдоп безилдеп жиберди. Элдин баары ага кошулуп алаканын жайып кудайдан ырайым күттү.

Мээрим төккөн жай айы эле. Ыйык күн тийип айлана жаркып, кемелине келип турган болчу. Күкүктөр үн безеп сайрап, булбул куш чарчаганча күү чалып жаткан эле. Кыраан обого көтөрүлүп, алдыга сызып канат кагып баратты. Журттун баары элейе кайкыган куш караанды карашат. Шумкар тээ обого бийик учуп жогорулап, үстү тегерек бийик жерге барып конду. Ошол жерден тээ алда кайдагы чөлкөм алаканга салгандай даана көрүнүп турчу эле.

Калк айтты:

– Ажо бул аскага чыгып душманга дүрбү салчу.

– Кароол чоку.

– Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.

– Жарыктык канаттуум ээсин эстеп жатат. Тили жок куш болсо да баатырча келаткан жоону карап турат. Касиеттү кароол чоку. Теңирим жараткан. Тоодой алтынга бергис чоку. Бизге кыраандык жолун айтып жатат.

– Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.

– Арбакты сыйлап баш урууда.

Куш ал жерден айлана учуп мүнүшкөрдүн колуна келип конду.

Эл мүнүшкөргө:

– Шумкарды дагы учур кимге барып коноор экен- деп, жаалашты.

Жанагы аксакал куштун башын, канат куйругун дагы бир жолу эркелете сылап кушту учурду. Бул жолу кыраан эч кимге конбой бийик карагайдын башына барып жай алды. Кайран кыраан билген экен. Ошол карагайдын түбүнө ажо мезгил-мезгили менен элди чогултуп, курултай өткөрүп турчу. Эл эмне сунуш айтса, ажо ошол ойуду аткарган. Журт муну эстеп:

– Касиеттүү канаттуу элди сыйлап жатат.

Мүнүшкөр үчүнчү жолу кушту учурду. Канаттуу асманда үч ирет кайкып үн сала чыгышка карай сызды.

Журт:

– Ал келбейт.

– Кайра-кайра учура берип, бизге таарынды окшойт.

– Ал биз менен коштошуп алыс сапарга кетти.

Эл жакшылыкты үмтөтүпкуш кеткен тарапты колун серепчилеп карап турушту. Журт бул көрүнүштү жаманчылыкка жоруп жатты.

Көк асман. Куштан дарек жок. Муштумдай боз караан учуп отуруп, асманга сиңип кеткен экен. Эл кушту жоктоп, асманды карап, баарынан айрылгансып, жалдырап туруп калышты. Бир чай кайнамдай убак өттү шекилденет. Алыстаасмандан бир караан элге карай сызып келаткандай болду.

–Тетиги эмне?

– Бир караан сабалай учуп келатат.

– Көзү курч балдар карагылачы?

– Карарган ал эмне?

– Көк кажыр го.

– Тарп жору окшойт.

– Таз карабы.

– Алар чоң болот жай учат. Мунун учушу ылдам экен. Бир кыраан куш го.

– Бул чабыты алыска кеткен алгыр кыраан куш тура.

– Жарыктык зыпылдай учуп келатат.

– Ой, ажонун кырааны.

– Ал кайра келатат.

– Кудай берди.

– Айланайын жаратканым колдой көр!

– Эмне кылаар экен карап туралы.

– Бизден кетпесе экен. Теңирим бизге кубат берсин!

– Деги эли-журтубуз аман болсо экен.

Куштун учушу өтө олуттуу тыянак чечимге келгендей сыяктанат. Жаныбар болсо да, бүткүл элдин ой-санаасын билип тургандай сезилет. Эл кушту көрүп шыктана түштү. Канча кылса да мекен, эл жерин коргогон адамдан калган асыл таберик эмеспи. Асманда күүлдөгөн дабыш эшилип, жаныбар шукшурула келип ылдыйлап, анан жай каалгый абада айланып далайга туруп алды.

Журт:

– Кыраан бизди таштаган эмес экен.

– Ал таштабайт, эстүү жаныбар эмеспи.

– Акылдуу жаныбарды жаратканым колдой көр!

– Ал бизди ташташы мүмкүн эмес. Ал баарыбыздын колдоочубуз. Канаттуу жай акырын каалгып келип, Рыс деген кишинин оң ийнине жай жайгаша конуп кайраттуу шаңшып жиберди. Баары сүйүнө кубанып, кыйкырып жатышты. Эл токтоно албай термелет. Каны кызуу жаштар дүргүп дуулдап турушту. Эми Рыс деген ким эле? Майданга жибербей эл аны катып калган. Өзү жарды үй-бүлөдөн. Андай баатырлар эл ичинде өтө аз төрөлүп, өтө аз чыгат. Ал калыс журттун тагдырын ойлогон, акылман, чечен, баатыр адам болчу. Колунда болгон байлыгын жардыларга таратып бере берген. Эл башкарууга ылайыктуу адам болуп, жаштайынан эле калайыктын камын көздөп жүргөн. Ал каза болгон ажонун биринчи кеңешчиси болуп, ажо баардык ишин анын айтканындай аткарып жүргөн.

Карыялар:

– Кагылайын журт эл тербип турганда багыбыз бар экен.

– Рыска конду туура конду.

– Ал элдин камын ойлогон баатыр жигит.

– Мындай баатырларыбыз турганда элибиз кор болбойт.

– Өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коёт.

– Эми Рысты хан көтөрүп, Рысхан атайлы.

– Жаштар дуулдап кыйкырып жатышты.

– Биздин ханыбыз Рысхан!

– Рысхан!

– Рысхан!

– Рысхан!

Рысхан деген ат тээ обого теребелге бобу ачык ай-талаага тиги аркы карагай жыш өскөн жылгага чакырык болуп таралып жатты.

Ошентип журт Рысты хан көтөрүп, Рысхан деп, аташты. Жараткандын буйругу экен Рыс элге хан болуп калды. Кыргыздын кырк уруусу биригип баягы баскынчы кара кытай, калмак, манжуларга тең ата болуп, аларга эркиндигин алдырбады. Рысхан жаңы алтымыштан ашкан. Ал ары акылман, ары аяр, ары чечен көрүнүктүү аскер башы эле. Кыргыз элинин биримдигин чыңап, башка элдер менен тең ата жашап турду.

Карыя улама-санжырасын эң жакшы аяктады. Бул уламаны ал бирөөдөн укса керек ошол үчүн бизге жакшы айтып бербедиби. Мен аны толуктап туруп башкалар окусун деп кагазга түшүрүп койгом.

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УЧУРУ

Айланасы өтө бийик эмес жапыз тоолор, чычкан жөргөлөп өтө алгыс калың токой, көпчүлүгү кызыл карагай, эмен алардын арасында ар кандай бадалдар жер жемиштер. Тээ арыда улуу дайра алтын казык жылдызына карай, суусун жарга уруп, атам замандан бери агып жатат. Касиеттүү ата-бабабыз мекендеген дайранын жээгинде улуу токой соккон шамалга бой керип, сеңселе кыймылдайт. Токойдун арасы ар кандай илбеесин жан-жаныбарларга жык толгон. Бул жерге кышкысын кар калың жаап, жайкысын бир топ эле салкын тартат. Кечке чейин сайраган канаттуулардын үнү басылбай, кереметтүү кайрыктары кайра эленет. Ал эми күкүктүн, булбулдун андан башка түркүн канаттуулардын үнү бирде бул жерден, бирде тигил жерден чыгып, жашоонун өлбөс элесин тартуулайт. Бул жердин адамдарынын бойлору узун келбеттүү, сары чачтуу, кызыл жүздүү, көздөрү көгүш эле. Ошол үчүн аларды «Кызыл жүздүүлөр» деп атап алышкан. Алар токойдун арасында бир жерден экинчи жерге малын айдап, көчүп жүрүшөт жана токойдун арасына кирип кас элден коргонушат. Жана токойго жашынып душмандарына кол салып, чабуул коюп, бат эле майкандап жок кылып, качып кетишчү экен. Курч балта, араалары менен келиштирип жыгачтан үй салып алышат,

Тээ тетиги токойлуу тоонун бери жагындагы аймак ушул жердин бийлөөчүсү Олобектин андан ары Единал, Алдиер жана башкалардыкы. Ал жердеги кыргыздар ушул мекен коргоор баатырлары менен сыймыктанышат.

Береги жайыктан бир топ атчандар чыгышты. Алар буудандарын камчылана катуу таскак менен алгалайт. Жолочулардын минген аргымактары өтө чымыр жана күлүк эле. Жаныбарлар кеминде он күн жол жүрсө да арыбас-чарчас түрлөрү бар сыяктанат. Тээ ары жакта бай Олобектин төөлөрү, уйлары, койлору жайылып жатат. Төштө оттоп жаткан кара куйруктуу текелерди ак калпакчан бир бала төмөнгө карай айдап келатат. Токойдун бери жагындагы өзөндөн баш-алты бала жаны тынбай балык кармоодо. Балыктардын ооз-муруну башынын асты жагында болуп, денеси кылкандуу тартып өтө майлуу эле. Балдар аттын куйругунан, жалынан жасалган торлорду иримге салып, бир тобу таяк менен балыктарды ылдый карай айдап жатат. Ылдый кайыган балыктар торго түшүп жатты. Өспүрүмдөрдүн өңүндө кубанычтын элеси чачырап, бай жээктен алар күндө ушинтип балык кармашат.

Береги топ атчандар кайрат чачкан көк асабасы желпилдеген Олобектин үйүнө жете келип, унааларынан түшүп боз үйгө киришти. Алар дагы бир тараптан атчандарды күтүп жатышты. Көп өтпөй тээ береги чоң сайдын жанындагы бурулуштан беш атчан көрүнөт. Аларды акбозчон баатыр баштап келатат.

– Ырыспек келатат. Жардамчысы Асаат, Маатай да бар экен.

Ырыспектин атчандары бат эле боз үйгө жете келип, улуулата төрдөн орун алышты. Отургандар кымыз ичип, анын артынан эт жеп, ортодо кызуу сөз жүрдү. Сөздү аягы монголдорго барып келген Дөөлөс алды:

– Мен Темүчүндүн ата конушуна барып көп жерди кыдырып келдим.

Отургандар:

– Деги Темүчүн деген ким экен ошону айтып берчи?

– Темүчүн ошол көчмөн монголдордун Тайшит уруусунан чыгыптыр.

– Ата теги энеси ким монголдордо көп уруу бар эмеспи?

– Анын энеси Оолун бизче «булут» дегенди билдирет. Атасы Есугей баатыр, чоң атасы Бартан, дагы Хабул хан.

– Мен кимдир бирөөнөн уктум эле анын жетинчи атасы кыргыз экен,– деп

– Ошондой шекилденет өңү саргыч тартып, кыргызга окшоштурушат экен.

Дагы бирөө чыйылдап сүйлөп калды:

– Балким ал биздин чоң аталарыбыздын бирөөсүнүн баласы болуп жүрбөсүн.

Баардыгы кыраан каткырыкты салышып, сөз андан ары уланды.

–Тайшиттер өзүнө каршы урууларды каратып алып, баш көтөргөндөрдү талкалап жок кылышты.

– Алар татарларды, наймандарды, меркиттерди, өзүнө багындырып, бийликти Темүчүндүн колуна топтошту.

Баардыгы сүйлөбөй ойго батышат. Олебек монголдорго барып келген адамдан сурады:

– Баарын тактап чачпай баяндап берчи Темүчүн жөнүндө эмнени билесиң?

Тигил киши үнүн жай чыгарып акырын сүйлөй баштады:

– Темүчүндүн баяны арбын анын атасы Эсүгөй ал баатыр адам болгон экен. Анын атасы Бартан баатыр, Хабул хан, Тумбинай чечен, Байшинкар, Хайду, Бодончар анан Кул Малик, анан Алангоо деген аял Кул Малик менен кошулуп, Бодончар төрөлүптүр. Уламада айтылган ошол Кул Маликти кыргыз экен дешет. Аланго деген аял күйөөсү өлүп калып. Береги Кул Малик менен жүрүп, Чынгыз хандын түпкү аталары Бодончар төрөлүп жатпайбы. Дагы Темүчүн жөнүндө бир уламаны айтып берейинчи. Бир күнү монголдордун меркит уруусунан Эскиледу деген мыкты жигит Оолун деген кызга үйлөнүп аны арабага салып үйүнө бараткан экен. Ошондо теңсиздик менен кызды Есугей тартып алып үйүнө алып келип үйлөнүп алат. Оолун акылман аял болуптур. Укканга караганда Жочу, Угедей, Чагатай, Тулуй деген балдарды төрөптүр. Темүчүн төрөлгөндө оң алаканына кан уучтап түшкөнүн көргөн кемпирлер болуптур. Алар ошондо аябай таң калышат. Бала төрөлгөн күнү ачык эле туруп күн тутулуп, жети күн катары аба ырайы ачылбай бороон согуп, кадимкидей кыш кычырап аяз түшүп турат. Түнүндө ат кишенеп, айбалта шыңгырап, кылыч кыңгырап, согушкан баатырлардын үнү угулуп, бала ыйлап, эне боздогон каңшаар сезилип турган экен. Араң дегенде сегизинчи күнү асман ачылып, калың тумандын арасынан күндүн көзү агылыптыр. Булуттар тарап, айлана жылымык тартат. Ошондо таягын такылдатып улуу бакшы айтыптыр:

– Айланайын эл журт бир балакет болбосо экен, бул тозок адам пендесине көрүнүп, жер үстүндө киши задиси кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабалып азап тартпсын. Жер бетиндеги жазыксыз адамдарды тирүү койсо экен. Көзү ачык бакшы жаны тынбай секирип баардык жерге ушул сөзүн айтып чыгыптыр. Кыраакы бакшы туура эле айткан окшойт. Ошол бала төрөлөөрдө энеси бир кызык түш көрүптүр. Бала жөрмөлөп отуруп туу чокуга чыгат. Тоонун этегинде эл быкпырдай кайнап, журт балага ийлип таазим кылат. Тоонун башында ак кар көк муз эрип суу ташкындап кыян агып жаткан имиш. Бала сууга кылыч, найза, жаа салып агызып жатат. Суу элге жетип, алиги куралдар калың журтту өзүнөн-өзү эле өлтүрүп кирет. Өлгөн адамдарды быкпырдай кылып суу агызып жаткан экен. Агып жаткан суу суу эмес эле, кандуу дарыяга окшошот. Азаптуу сууда адамдын баштары, буту, колу, денеси агып жаткан болот. Чынгыз хандын энеси Оолун суу башында туруп, баласына карап:

– Темүчүн бул эмне кылганың, адамдар тынч өмүр сүрсүн!

– Жок эне мен ааламга чаң чыгарыш үчүн төрөлгөм, ошол бойдон калам. Ааламдагы элдер мага баш ийиш керек эгерде баш ийбесе суу кан болот.

– Антпе балам, адамдарга тынчтык керек, алар тынч жашасын. Алар тынч жашап жакшы өмүр өткөрүш үчүн төрөлгөн. Жараткан эгем да ошону каалайт!

– Жок мен туу чокуга жетем, мен кан агызып отуруп бийликке барам. Мен ааламды башкарып анын эгеси болом!

– Кой, уулум антпе, биз тынч жашайлы, сенин атаң, анын атасы да кийинки аталар да тынч жашап келген. Сен тоодон түшүп кел,кан акпасын!

Ушул кезде Оолун ойгонду аябай тердеп кетиптир.

Жанагы көзү ачык бакшы боло турган окуяны чын эле болжолдогон окшойт.

Темүчүн желмогуз ошентип эр жетип чоңоёт. Чоңойгондо эле ал аскер курап, баш ийбеген журтка кан агызып, тынч жаткан тайпаларды багындырып кырып келатты.

Отургандардын баардыгы катуу санаага чырмалат. Алардын бул ойлонуусунда «Эми биздин тагдырыбыз эмне болот?»– деген божомолдор бар эле. Улуу Кемжет кем (Жогорку Эне Сай) Кичи кем ( Кичи Эне Сай) дарыяларына, Миң Суу өзөнүн мекендеген туягы курч, шамал эшкен басканда арыбас, күлүк аттарын минип курч кылыч, калкандарын колуна кармаган журт, ааламды басып алууга аракет кылган Темүчүндүн жүз миңдеген жоокерлеринин келишин билгенде тымтырс болуп ойлонуп жатышты…

Дагы бир абышка кайталап сурады:

– Анын жети атасы каргыз дедиңби, кайталап айтчы, түшүнбөй калдым?

– Ооба анын ата теги санжыра боюнча кыргыз дешет.Биздин ушул эле Миң Суу өзөнүн жердеген Маалик деген адам бир себеп менен туткунга түшүп, монголдорго кетет. Ал ошол жерде жашап, чыныбы, калпыбы алиги аял менен байланышат. Ургаачы улама боюнча ал кишиден үч бала төрөп алат. Баарысы тең азырка Темүчүнгө окшош чачы сары, көк көз Темүчүн ошол жети атасын тартып калса керек. Өңүнө караганда аны биздин тукум деп эсептөөгө болот,– бул сөздү укканда баарынын өңүндө кубанычтын элеси чачырай түштү.

Дагы бирөө күлүп:

– Биздин тукум болсо, эмне бизге каршы кол аттантып жатат. Эми биз менен каршы күрөшөбү.

Баары күлүп калышты.

– Кыргыз каны менен монголдун каны бириксе, көк бет болуп, бүткүл ааламды чаңызгытып бушайман кылбайбы.

– Алар жер жайнаган кара кытайларга да коркунучтуу душман болуптур.

Отургандар жоонун каардуу, сүрдүү, күчтүү, жеңилбес экенин билип ойлонуп отуруп калышты. Алар «эмне болобуз» деп өз күнүн ойлонот. Булардын келечегине кандайдыр бир шектүү жаман окуялар башын кылтыйтып турду.

Бирөө:

– Чектеш Тумат эли менен биригип, Темүчүндүн колуна каршылык кылсак эмне болот.

Демейде чечкиндүү ажо Ырыс, Алдиер, Олебектер да тунжурап отурушат.

Олебек:

– Едине келсин ал эмне айтаар экен. Ошонун пикирин угалы.

Отургандар эт жеп, кымыз ичип анан тарап кетишти.

Кыргыз билермандары кечинде жыйын курмай болуп, баардык жерге кабар таратышты.

Түн кирип эртеси таң атты. Дагы бир күн өттү. Түн кирип дагы таң атты. Эки күн өттү. Касиеттү кыргыз эли. Миң Өзөн жергеси. Токой жолу. Асманы ачык, ай жарык. Жери жер, суусу суу болуп жайкалат. Калың токой анын арасында түркүн куштар үн безеп сайрашат. Жайыттан ат кишенеп, кой маарайт. Токойдун арасындагы булактан эки бугу суу ичип, чар тарапты абайлай карап, калың черге кирип кетишти. Тээ береги жайык талаа. Ал чоң карагайдан кураштырып салынган үйдүн жанында бийик даракта көгүш желек желбирейт. Береги мелтиреген жып-жылма улуу аска, байыркы замандан бери ичине сыр катып жаткансыйт. Асканын жанында улуу карагай ыргалып, анын канча жашка чыкканы белгисиз. Анын башына кыраан бүркүт жылда уялайт. Анын уясы ар кандай чычырганак, талдан жана башка бадалдан бекем салынып, жаныбардын жүнү менен жылууланат. Азыр бүркүт эне уяны басып, кыраан ата ага ар кандай азыктарды ташып берип, балапанын учуруп кеткен. Эки бүркүт балапандарын аман-эсен басып чыгарсын. Бар бол туулган жеримдин кыраан бүркүттөрү! Сенин шаңшыган сүрдүү үнүң биз жашаган жерден алыска-алыска угулсун! Биз сени менен сыймыктаналы! Бар бол касиеттү Эне Сайжерим!

Ушул аймак Олебектин жери болуп, кул-кутандары менен ушул чөлкөмдү мекендейт. Анын үйүнө ажо Ырыс, анын артынан Долон бий, Единал жана башка бир топ сөөлөттү кишилер келишти. Кыргыздарды ал кезде жалпы ажо башкарчу андан кийинки кызматта иналдар турушчу.

Чогулгандар семиз койдун этин жеп, ал арада Темүчүн жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

– Эми эмне кылабыз?

– Балким тумат, кыштым, урасут, төлөс уруулары менен бириксек Темүчүндү жеңеер белек.

– Ай ким билет баарын кыйратып келаткандан кийин Темүчүндүн жоокерлерин токтотуу кыйындыкка турат го.

– Ооба Темүчүндүн колу күчтүү аны жеңе албайбыз. Жер жайнаган кара кытайларды да коркутуп жатпайбы.

– Канкордун колу күчтүү аны багынта албайбыз.

– Ошондуктан ага белек берип, ошолор тарапка өтсөк балким элибизди кызыл кыргын, кара сүргүн өлүмдөн сактап калаар белек. Андан башка бизде кандай арга.

– Бизге кошулуп душмандарыбыз менен согуш десечи.

– Согуша албайбыз жерибиз башка, жада калса дитибиз эки бөлөк. Алар менен эмне ишибиз бар. Балким анча-мынча салык төлөөрбүз.

Баардыгы Олобектин айтканына макул болушту. Эми белекке эмне бере турганын жөнүндө ойлонуп жатышты.

– Темүчүн баскынчы, кан ичеер эмеспи ага ыраазы болгондой кымбат белек бербесек болбойт.

Ошентип кыргыздар ителгинин кыраан чыкмасынан шумкар тандашты. Ак жана кара шумкарды, кан ичеер ушул эки кыраанды көргөндө биздин элди аяп, анча жамандык кылбас деген ойдо болушту. Ушул эки шумкардын атагы алыска белгилүү эле. Канаттуу кыраандар далай бүркүткө кол сала жара тээп, ар кандай илбээсин канаттууларды айылдын үстүнө топ-тобу менен айдап келип, бирден тээп түшүрчү. Бирөөнүн өңү агыш келип, куйругунун алдындагы сыңар жүндөрү жаңы жааган ак кардай аппак болчу. Тумшугу жана тырмактары кызыл эле. Карасынын өңү каралжын тартып, көргөн жанды улам-улам каранта берчү. Саятчы Каратөлөк «Көз тиет»– деп аны эч кимге көрсөтчү эмес. Бул шумкарды Долон бий кармап саятчы Каратөлөк экөө тапка келтирген. Ар бир шумкарды эки жүз койго бааласа боло турган эле. Бул тартуу менен бирге акбоз аттын башына окшотуп жасалган чылгый алтын бар болчу. Теңирим берип асмандан түшкөн кара таштан согулуп, токойду кыйып, көмүрчүлөр көмүр өчүрүп, уу булактан сугарып, ажыдаардын заңына үч ай таштатып, түн ичинде кындан суурса, айланасы жарык болуп жалыны өрттөй чыгып, тоону чапса таш кескен, шиберге койсо өрт кеткен кылычтарды, найзаларды буларды Ашмай, Эркашка, Көкүм табылгыс чебер усталар узанып жасаган эле.

Ошентип, монголдорго Единал, Алдиер, Олобектер көп жигиттери менен сапар тарта жөнөп калышты. Элчилер менен кошо бектин кеңешчи, көзү ачыктары кетип баратты.

Темүчүн: «Мага кимде-ким өз эрки менен баш ийсе менин тууму желбиретип, бизге кошула берсин»-деп монголдордун ыйык деп эсептелген туусун көп жерге таратып жиберген. Ошол туудан бирди кыргыз элчилери аны жанындагы меркит урууларынан алып, карагайдын жыгачына желбирете тагып алышкан. Бара жаткан кыргыз элчилерин «Башка бирөө кол салабы»– деп мыкты куралчан өрт жигиттер кайтарып келатты. Жолдо келе жаткан кыргыз кошунууна эч ким каршылык көрсөткөн жок. Темүчүндүн колу дүйнөнү багындырып келатканын баардык эл билип, туюуп турушкан. Аларга кол салуу өтө оор болуп калган. Кээ бир начар коргоноору жок элдер өздөрү эле кошула башташкан. Бара-бара жүрүп отуруп, кыргыз элчилери монголдордун жоокерлерине жолугушту. Кошуун менен кошо короо-короо койлор, уйлар, үйүр-үйүр жылкыларды айдап өтүп жатышты. Жаныбарлар чабуулда жүргөн монгол жоокерлеринин азык-заттары эле. Эч бир жерде баш аламан нерсе жок баардык жерде тартип менен кетип бараткандай сезилет. Монголдордун желегин көргөндө эч бир жоокер аларга каршылык кылган жок. Монгол жоокерлери аларга урмат кылып колун бооруна алып ийиле салам берип өтүп жатты. Бул «кошулалы» деген башка элди урматтаган белги болчу.

Алар жолдо чоң кошуунга кезикти. Миң башы айтты:

– Силер каякка бараттыңар эле. Сөздү тилмеч которуп турду.

Единал:

– Биз улуу хандын баласына жолугууга баратабыз. Ага кошулгубуз келет. Биз улуу хан Темүчүндү жактайбыз. Хандын жигиттери кыргыздарды ээрчитип отуруп, Жучунун чатырынын жанына келишти. Чатыр өзүнчө бөлөк жерде экен. Айланасын жоокерлер кайтарып жатканы байкалат. Бул аймакта эч бир баш аламан нерсе жоктой. Кыраакы кишиге баардыгы өтө катуу тартип менен уюушулганы билинет. Ханга кабар небак эле кеткен. Кыргыздар береги чоң карт карагайдын көлөкөсүндө эс алып, өздөрү ала келген тамакты жеп жатышты. Жучунун чатырынын үстүндө ажыдаардын сүрөтү тартылган хандын асабасы соккон желге шаңдуу желбирейт. Чатырдын айланасында бейадеп басып жүргөн жан көрүнбөйт. Бир гана айбалта кылыч кармаган сакчылар. Ары-бери жумуш менен чапкылаган чабаган атчандар. Алар ханга ар кандай жаңылыктарды жана жардыктарды айтып турат. Единалдын тобун көпкө күттүрүп, акыры эки күн болот дегенде кабыл алмай болду. Кыргыздар шумкарларды колго кондуруп, ак булгундун эң кымбат терисинен жасалган ичикти, жана ар кандай белек-бечкектерди ханга тартуулаган жатат. Кыргыздар монголдордун тартибине таң калды. Акыры алар хан чатырына кирмей болушту. Жучунун алтын жээктелген көркөм чатыры. Тиги төрдө кооз отургучта магдырап бирөө отурат. Бутунда кереметтү өтүк, белинде укмуш жасалган кур. Ушул көрүнүш ыйык ханга жарашык бергенсийт. Жерде жолборс терисинин үстүндө көзү ачыктар, кеңешчилер, жардамчылар. Көзү ачыктын колунда алтын ыйык китеп турат. Жучу ыйык отургучта отуруп, жай гана ыңгырана башын көтөрдү. Анын көк көзү, калың ак аралай элек муруту, денеси булчуңдуу тарамыштуу келип, балбан күрөшкө түшүүчү жайы бар экен. Суроону хан эмес анын жанындагы жардамчылары берип жатты.

– Силер кайдан келдиңер жолочусуңар?

– Биз түндүктөн Миң Суу өзөнүнөн токой арасынан келдик.

– Анда кимсиңер?

– Кемжет өзөнүндө биздин улуу дайрабыз бар. Кыргыз уруусунанбыз.

Суроо берген киши таң кала:

– Кыргызсыңарбы?

Хан кыргыз деген сөздү укканда жандана кетип, Олебектин кишилерин таң калуу менен карап калды. Кебетеси «Кыргыз» деген сөздү ал бир жерден уккандай элес берди.

Тилмеч айтты:

– Шибелерсиңерби?

Олобек жандана сүйлөдү:

– Ооба шибелербиз.

Хан бир пастан кийин:

– Ии шибелер деген элди уккам, баатыр эл турбайсыңарбы,– деп Жучу жандана түштү.

Кыргыздар хандын оозунан бул сөздү угуп шердене калышты.

Тилмеч:

– Токой адамдары.

–Токой адамдары.

–Эмнеге келдиңер эле?

– Улуу урматтуу Темүчүн ханга кошулалы деп келгенбиз. Жеңилгисардактуу Темүчүндүн осуяттарын чын дитибизден аткарабыз,– деп Единал жобурап айтты.

Котормочу бул сөздөрдү бат-бат которуп берип жатты.

– Улуу даражалуум мархабат этсеңиз алыс жерден алып келаткан белегибиз бар эле, ошону сизге берип койсок кандай болоор экен.

«Белек» деген сөздү укканда баардыгы жандана түштү.

Хан котормочу менен үч кишини ээрчитип, бир чоң чатырга келишти. Ал жерди да кайтарып турган сакчылар бар экен. Хан сакчыларга бир сөздү айтты эле Чатырдан үч киши чыга калып, ханга жүгүрүп келишти. Жучу Олобекти жылмаюу менен карады. Олобек түшүндү окшойт белектерди ханга берип жатты. Хан ал белектерди ыраазы боло алып, береги жигиттерне табыштады. Жучу баардык белектерден акбоз атка таң калды. Жаныбардын чекесинде сүрөтчү түшүргөндөй кара сызыкча жана жалы, куйруктары кап кара аргымак эле. Ага укмуш зергерлер жасаган алтын ээр токулган Жучунун адамдары акбоз аттын чылбырын кармаганда жаныбар кыргыздарды карап «Мени кайда берип жатасыңар?»– деп зээнди кейите армандуу кишенеп жиберди. Кыргыздар атты карай албай жерди карап калышты. Андан кийин кыргыздар усталар жасаган кылыч, калкан, найза, жааларын беришти. Жучу албарс кылычты кармап абага ары-бери булгалактатып көрдү. Жарыктык кылычтан «Зың, заң» эткен кайратту үн тарапка угулуп турду. Хан кылычтын кынын колу менен кармалап таң калды. Анын өңүндө кызыккан белгилер пайда болду. Ал тилмечти карап, бир нерсени айтты. Тилмеч:

– Булар темирден жасалды беле?

– Жок касиеттүүм, ал ободон теңирим түшүргөн таштан жасалган.

Хан бул сөзүн маанисине түшүнгөн жок. Өз алдынча бир нерселерди кобурап басылды.

Котормочу:

– Бизде мындай кылычтар жок демек силер бизге курал жарак жасап берет турбайсыңарбы,– деп кубана жылмайды.

Андан кийин Хан жааны кармалап көрүп жатты. Жааны жебеси менен кыргыздын укмуш усталары жасаган эле. Аны көрүп хан таң калды. Бир жебени кармап асманга атып көрдү. Жебеден зыңылдаган үн чыгып алыска узап көздөн кайым болуп жоголду. Анын каякка кеткени да белгисиз болду. Кытайдын жибек шайысына оролгон ак боз аттын башы куюп жазалган алтынды Единал Жучуга карматты. Жучунун жанындагылар алтында көргөндө укмуш нерсени көргөнсүп көздөрү чачырап жатты. Эң аягында касиеттү булгундун терисинен жасалган ичкти Жучунун үстүнө жаап, башына кундуз тебетейди кийгизишти. Хан кадимки эле кыргыз ханына окшош болуп калды. Ичик менен тебетейди кыргыз эне уздары укмуштуудай ченегендей жазашыптыр. Жучу өз кебетесин көрүп аябай ыраазы болуп, жаадырап күлдү. Беркилер да кошо күлдү. Эми куш тапшыруу аземине келди. Жучу жанында куштун кол кабын кармаган дөөдөй болгон эки мүнүшкөр турган эле. Алар кол капты Ханга беришти. Хан кол капты кийип кушту алганга аракет кылды. Жарыктык ак куш «мени кимге берип жатасыңар»-деп аянычтуу шаңшып жиберди. Хан жакшы көрүп касиеттүү кушту башынан сылап эркелетип аны узакка таң калуу менен карап турду. Экинчи кара кушту да тапшыруу ушундай абалда болду. Кара кыраан ханга көп каршылык кылган жок. Хан аны көпкө карап жаадырай эркелетип турду. Хан куштарды мүнүшкөрлөргө берди алар кушту алып бир жакка кетишти. Баардык белектерди хан ыраазы болуу менен алды. Жучу баардыгынан кыргыздын курал жарактарына таң калды. Кан күсөгөн монголдор кыргыз усталарын курал жаракты жасатып ал монголдун жоокерлеринин колуна тийип, далай жерге бүлүк салаары азыр эле белгилүү болуп калды.

Жучу:

– Ыраазыбыз силерге шибелер, курал жарагыңар менен бизге кошулгула, силерди биз коргойбуз, биз турганда силерге эч ким кол сала албайт.

Ханга кошомат кылып анын жанындагы кишилер айтып жатты:

– Ыраазыбыз шибелер.

– Алар биздин жоокерлер.

– Биз аларды коргойбуз.

Жучу жанындагы адамдарга буйрук берип, өзү жанагы келген чатырынына карай жөнөп кетти.

Эки жигит кыргыздарды чоң боз үйлөргө ээрчитип келип аларды алты-жетиден бөлүп, ар бир үйгө эшик ачып киргизип жатышты. Алардын минип келген аттарды монгол жигиттери бир тарапка жетелеп кетти. Кыргыздар жакшы жасалган чоң боз үйлөрдө отурушту. Олобектин жанында Нуркебай деген көзү ачык бар эле. Олобек ага кайрылды:

– Көзү ачыгым, булардын тагдырын далыга, жылдыздарга карап байкап көрчү келечеги эмне болоор экен.

– Байкап көрөйүн бегим мен дагы ошону ойлонуп жаттым эле.

Алар боз үйдөн тамак ичип эс алып жатып калышты. Тамагы бир укмуш экен көпчүлүгү жылкынын эттери. Дасторкондо ар түркүн жер-жемиштер жайнайт. Набат, жүзүм деги койчу кыргыздар билбеген тамак аштар. Андан башка дагы айнек ийдиштерде ар түркүн суусундуктар бар эле. Аларды ичип көрүштү эле ачуу арак экенин билишти. Ошентип элчи кыргыздар монголдордун укмуш сыйын көрүп жатышты. Минип келген жылкылары бир ишеничтүү жерде экен. Өздөрү монголдордун иштери жөнүндө сүйлөшүп киришти. Монгол ханынын баласы баатыр чалыш Жучуну көзүн эми анык көрүштү. Олебектер ушул жерден элинин тагдырын ойлоп санаага чөмүлүшөт. Кыргыз жигиттерин катуу согушка салып, «майкандаар бекен» деген ойдо болуп, ошол үчүн алардын жегени желим, ичкени ирим болуп жатты. Анткени алар бүгүнкү майданга аттанып жаткан жигиттерди өз көздөрү менен көрүшпөдүбү.

Эбак жылдыздар чыгып түн кирген болчу. Бир кезде Олобек көзү ачыкка кайрылды:

– Көзү ачыгым бул элдин тагдыры эмне болот экен?

– Бул эл далай жерди каратып алат. Далай кан агат, далай жерди майкандап талкалап жүрүп отурат.

– Алардын бийлиги көпкө созулат бекен?

– Ооба бегим көпкө созулат булар эч убакта бийликти башкаларга бербейт. Себеби булардын укум-тукуму башкарып жүрүп отурат.

Олобектер бул сөздү укканда алардын өңү жаман боло түштү.

Сөздү Единал коштоп кетти:

– Ошондой болот окшойт буларды эч бир эл күрөшүп жатып жеңе албай жатат. Бул кыргын сүргүн кайсы жерге чейин бараар экен.

Баардыгы тунжурап ойлонуп калышты.

Отургандардын арасынан бирөө айтып калды:

– Андан көрө монголдордун ичкилигин ичели келгиле,-деп чыныгы куя баштады.

Баардыгы каркыттарды эки сапар жутту эле чарчаган денеси жазылып, бойлору ымыр-чымыр боло жазылып жатты. Единал жылмайып:

– Эң бир сонун нерсе ушул жакта тура, хан бизди жакшы курал бергенибиз үчүн баарыбызды күчтүү ичкилик менен сыйлап жатат- деди.

Баардыгы тең жаадырап-жайнап күлүп калышты. Алар үч күн жакшы эс алышты.

– Көзү ачыгым бул бийлөөчүлөрдүн тагдыры эмне болот.

– Көрдүм баарын көрдүм, бегим алардын тагдырын жылдыздарга салып байкадым. Ардактуум Темүчүндүкүн ?

– Сен бизге ошону айтсаң?

– Темүчүндү көргөнүм жок, бирок анын тагдырын жылдыздардын жылышына, далыга жана бир нече жолу төлгө салгам. Жана Жучунукун көрдүм. Булардын бийлиги укумдан-тукумга кетет. Бирок анын өмүрү өтө узакка барбайт. Анын өлүмү аялдан.

Олобек таң калды.

– Кандайча көзү ачыгым. Аянычтуу болгону кандай?

– Мунун өлүмү энеси менен атасынан.

– Ооба өз атасынан, ал эми өз энесинен эмес Темүчүндүн аялдары көп эмеспи. Ошолордун бирөөнөн болоор.

Нуркебай олуя чыныгы көзү ачыктардын бири болчу. Анын ата –энеси бакшы жана көз, ачык эле. Алардын көзү ачыктыгы тее байыркы убактан бери атадан балага өтүп келаткан кесип болчу. Миң Сууда мындан таасирдүү киши болгон эмес. Булардын укум-тукуму мурунтан бери бийлөөчүлөрдүн кызматын кылып ошолордун ишине ар дайыма жардам берип келген. Нуркебай көзү ачык Токой жериндеги баардык көзү ачык, бакшылар менен байланышта болгон. Эне Сай жеринде Нуркебай сыяктуу чыныгы көзү ачыктар өтө зейрек. Анын айтканы ар дайыма туура болгон. Бирок ал баарына эле көзү ачыктык кылып баарынын эле тагдырын айтып бере бербейт. Ал айрым адамдарга гана көзү ачыктык кылган.

Көзү ачык Жучунун тагдырын туура эле айтты окшойт. Өмүрүнүн акырында Темүчүн Кулан деген сулуу аял менен жашап, ал эмне десе ошонун баарын аткарган. Жучу кийинки учурда Темүчүнгө такыр баш ийбей моюун толгой баштайт, мунусу Темүчүнгө жакпайт. Кулан дагы Жучуга каршы иштерди жүргүзөт. Алардын ортосунда чоң карама-каршылык пайда болот. Ушул экөө тарабынан Жучуга уу берилип жок кылынган сыяктанат. Канчалык ченемсиз бийлик болсо да ал жараткандын буйругуна баш ийет эмеспи. Адамдар өмүрдүн артында өлүм бар экенин билет болду бекен.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЧАБЫЛЫШЫ

Бул кезде Долон кыргыздын бир уруусун бийлеп жүргөн бийлердин бирөө болчу. Ал өз жакындарын бириктирип инал Олебектин айткандарынан чыкпай ошонун жолу менен жүрдү. Кыргыздардын ал кездеги бийлик башында турган адамды «Инал» дечү. Ал бийликтин хандан кийинки сереси эле. Олебектерге Монголдор көп кыршылык кылган жок. Кыргыздардын жанында тумат. кыштым, урасыт, төлөс жана башка уруулар бар эле. Булардын ичинен саны арбын ушулар болчу. Туматтарды монголдор өтө катуу эзип жиберди. Алардын эзүүсүнө туматтар чыдай албай калган сыяктуу. Ошол үчүн жигиттер курал-жарак жасап монголдрго каршы күрөшүү үчүн даярдана баштады.

Жучудан туматтарга чабаган чаап келди.

– Бизге үч миң кол берсин,-деген экен.

Туматтардын ажосу Элкен:

– Бере албайбыз биздин согушка даярдыгыбыз жок,– деген кабарды айттырды

– Анда салык төлөсүн,-деп жатат.

Элкен буга дагы көнбөдү. Анткени ал жакында эле көп салык төлөгөн эле.

Чабаган болгон жаңылыктын баарын Жучуга жеткирип барды. Хан каарланып, Баргул баатырды чакыртты. Ал кыйын ноён эле баардык салгылашта жеңилген эмес. Жеңилүүнү да каалабаган. Баргул көп жерге кыргын салып, далай кошуундун канын суудай агызган. Ошондуктан Темүчүн аны жанындай көрүп, ага көп сыйлыктарды жана арбын наамдарды берген.

– Баргул сен жоокерлериң менен барып туматтарды баш көтөргүс кылып жок кылып кел, сага ал жердеги кыргыз кошууну жардам берет.

Баргул жоокерлери менен туматтарга каршы жөнөп калды. Туматтар да оңой эл эмес экен бул согушка аябай катуу даярданыптыр. Баргул кыргыздарга кайрылды:

– Силер бизге кошулуп, туматтарга каршы согушкула!

Кыргыздар буга мойнобой койду:

– Туматтар эзелтен бери биздин коңшубуз алар менен кантип согушабыз.

Муну укканда Баргул баатырдын жини келди. Монголдор көп жоготууга учурап, бул согушта Баргул баатыр окко учту. Монголдор жеңилип артына карай кетти. Көп узабай ошол кабар Темүчүнгө жетип, ал такыр ишенбей:

– Баргул өлдүбү, кантип эле ошондой болсун, чыныгы баатыр эмес беле. Андай болушу мүнкүн эмес, менин кыраан шумкарым токой адамдарынан өлүшүн мен чындык деп эсептебейм.

Темүчүн дагы ойлонду:

– Баргулга эмне болду, Баргул чын эле өлдүбү? Токой дадамдары туматтар чын эле жеңдиби? Ал мага кара тулпарын минип келбейт беле.

Темүчүн Баргулду жанындай көрчү эле, аны менен тамашалашып көңүл ачкан кезин эстеди.

Темүчүн жардамчысын чакыртып, ал бат эле кирип келди.

– Баргулдан кабар барбы?

– Жок ардактуум ал эчак эле өлгөн аны туматтар жок кылды.

– Туматтарга каршы Жучунун өзүн жибербедим беле, дагы аны жиберем. Бешиктеги баласы калганга чейин кыргын салсын. Туматтардын айланасындагы баардык эл Жучуга кошулсун. Эгер кошулбаса аларды да тып-тыйпыл жок кылып, кызыл кыргын кара сүргүн кылсын макулбу.

– Ардактуум айтканыңызды айтам.

Улуу хан тарабынан ошондой катуу буйрук берилди.

Дарбын Дакшин коп колу менен калдайып аттанып чыкты. Жучу кыргыздарга кабар берди. Бизге кошулуп бул жердеги баардык уруулар туматтарга каршы чыксын деген жарлыкты кабыл алды. Катуу салгылаш Тунук- Көлдүн жээгинде болду. Дарбин Жакшин байкоосуздан алдырып жиберди. Эми Жучу аябай жини келип, өзү кол баштап майданга катуу кирди. Туматтардын колу менен Жучунун колу бетме-бет келди. Хан туматтардын колун аябай байкоого алып, анын түштүк жагы начар корголгондугун жана имерилиш аркылуу орой келип чабуул коюуну жактырды. Ал жанындагы жоокерлерге бир нерсени айтып жатты. Чабагандар аттарын тыз коюп чаап кетти. Чабуул бетме-бет келген жактан башталбай башка тараптан башталып, монголдордун жоокерлери ошол жерден жарып кирип катуу чабуулду баштап жатты. Туматтардын жоокерлери бат эле алсырап ары карай кача баштады. Душмандардын алсызданып калганын билип, хан күчтү ошол жакка топтоп, чабуулду баштап коргонууну уюштурду. Хандын ачыгып калган жоокерлери туматтарды майкандап, кара сүргүн, кызыл кыргынды баштап кирди. Бирок туматтын жоокерлери колунан келишинче каршылык кылып, ошенткен менен алдырып жибергени белгилүү болду. Күчтүү Жучунин колу бат эле туматтарды кызыл кыргын, кара сүргүн кылып майкандап таштады. Туматтар такыр эле баш көтөрө албай калып, алардын жерине каран түн түшүп, ат өлүгү тоо, эр өлүгү боо болду. Курган туматтар мындай кырылган жок эле. Алардын ыйык желеги тепселип жерде калып, ошол эл жашаган аймакта карга, кузгун карк-курк этип учуп жүрдү.

Жучу Баргулдун кунун кууп, эми калган урууларга кол сала баштады. Каардаган Жучу Темүчүндүн буйругу боюнча кыргыздарга кол салып майкандап кирди. Алар токойлорго, ар кайсы жактарга качып жоголду. Жучу башка урууларга дагы кол салганы кетти. Ошондо Ырыскан аман калган кыргыз элин байыркы убакта жашаган «Теңир Тоого качкыла» деген осуятын айтып жатты.

Каардуу жоодон жок болуудан коркуп, кыргыздар душманга көрүнбөй кара жанын сактап калыш үчүн Теңир-Тоого карай тербип жөнөй башташты. Алар түн жүрүп, күн жүрүп отуруп айрымдары ыйык тоого сапар тартып келишти. Бул кезде Чынгыз хандын жоокерлери бул жакка келе элек эле. Кыргыздар бул тарапты конуштап, өздөрүнүн тектеш урууларына жолугуп бир топ чыңалып алды. Бирок Чынгыз хандын баскынчы жоокерлери ушул аймакка да келеери шексиз эле. Алар жолдогу душмандарын талкалап отуруп, Теңир Тоого келаткан болчу. Ошол кезде кыргыздардын эң коркунучтуу душмандары калмактар болгон. Алар монголдордон качып Теңир Тоону ээлеп алууга аракет кылып жаткан.

Долон бий аскер өнөрүн билген мыкты уюштургуч сапаты бар эле. Душмандарга каршы ар кандай даядыкты көрүп жатты. Кыргыздар ошентип эки оттун ортосунда калды. Калмактардын жана келе жаткан монголдордун чабуулуна тушуга турган болду. Монголдор өтө ырайымсыз кан ичеер болгон алар кыргыздарды кылыч, найза курал жарак жасаттырып алар менен душмандарына каршы согушуп турган. Ошондой эле кыргыздардан жоокер курап аларды эң алдыңкы сапка тизип жоого каршы жиберген. Катуу согушта байкуш кыргыздар көп кырылып такыр бири калбай жок болгон учур да кездешкен. Ошол үчүн монголдордон такыр күдөр үзүп, аларга кыргыздардын дити агарбай калган.

ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ТҮПКҮ ТЕГИ КЫРГЫЗБЫ

Жапыз тоонун түшө калышынан бери шиберлүү аймак созулуп, чөбү чыктуу келип малга тоюттуу ушул жерди Эрке Харанын боз үйү андан башка тайшит урусунун адамдары жанаша конгон. Булардын ичинен байы эле ушул Эрке Хара. Анын көптөгөн төрт түлүк кой, эчки, уй, өгүз, жылкы жада калса, бийик тоолордо сан жеткис топоздору жайнап жайылат. Бул жердегилер Эрке Харага баш ийет. Анын бир канча кул-кутандары бар. Аймакта көптөгөн адамдар жашап, алардын арасында Борчунун үй-бүлөсү да бар. Ал сөөк-саактуу боюу узун далдагай адам. Анын ата-бабасы көптөн бери ушул жерди конуштап мергенчилик кылып келатат. Анын кой көздүү кара каштуу бир-бирине оп-окшош үч баласы бар. Борчу малга аттын кылынан чылбыр эшип жатканда ага аялы Аймарал айтты:

– Дайым эле эркек балалуу болдук. Эмки наристебиз мага кол кабыш кылгандай кыз болсо экен.

Анын айта турган жөнү бар болучу. Кайын энеси улгайып каруу күчтөн тайып калды. Ал эми Борчунун биринчи аялы мындан эки жыл мурун төрөттөн ооруп дүйнөдөн кайтып, үй-бүлөнүн түйшүгү казан-аяк иштери жалаң Аймаралдын колунда калды. Анын үстүнө үч баласын өтө жакын жүйүр төрөп аларды чоңойтуу да азап болгон.

Акырындык менен мезгил жылып жатты. Борчу түйшүктүү адам аңчылык менен шуулданып, үй-бүлөсүн багыш үчүн жер кезип, тоо-талааны аралап жүргөнү-жүргөн.Тамагын жалаң талаа-тоодон тапкан.

Бир жолу коңшу айылдагы атактуу Алтан төрө той берип жатыптыр деген каңшаар угулду. Ошондо Борчунун баласы Добун атасына айтты:

–Ата, Алтан төрө чоң той берип жатыптыр. Мен ошол жакка барып келейинби?

–Мейлиң балам, бирок этият бол меркит уруулурынын жигиттери келет деди эле, алар көрүп калса сени зыян кылбасын.

–Эцеге (ата) мен алардан коркпойм жаам бар эмеспи.

–Балам чеберде жааң менен бирөөн кырсыктатып саласың.

–Чебердейм, эцеге андай жерде жааны пайдалана билиш керек. Зыян болуп кетсе, жаман былтыркы керет уруусундагыдай чатак болот,-бала кадыр эсе чоң кишидей жооп берди.

–Анан жаа атышуу мелдешке катышам,эгерде жеңсем Алтан төрө мага чоң сыйлык береер.

Ошол күнү күн ачык болду. Өрүштө ыңкып жаткан мал. Аларды көзөмөлдөп жүргөн малчы балдар, кул-кутандар. Ар тарапка сайгактап качкан уйлар, аларды кайтарып жүргөн атчан адамдар. Өтөктө монголдордун аппак боз үйлөрү көрүнөт. Тээ береги айлана берген урчукта шылдырап аккан кичинекей суунун жээгинде Алтан төрөнүн аппак боз үйлөрү. Конуштун айланасында байланган аттар ары-бери чапкылаган адамдар. Алар эшек, качыр, төө, өгүз минип кээ бир байлар арабачан келишти. Эл боз үйдүн жанында аппак дасторконго отуруп, чай, кымыз ичип, андан кийин эт жеп жатышат. Чоңурактары кымыздан тартылган арактан ичүүдө. Тээ дөңдө бир топ адамдар, алардын четинде төөнүн жүнүнөн жасалган чепкен кийип, карышкыр көлдөлөңдүн үстүндө улигерчи (жомокчу) ата бабасы жөнүндө дастан айтканы ээ бир сонун керемет. Улигерчиге чоң атасы ушул дастанды айтып берген. Бул жерге келген Добун быштысынын тизгинин түрүп коё берип, жомокчунун жанына барып, сөзүн тыңшап калды. Дастанчы баланы өтө таң калтырды, анын ак сакалы белине жетип, ак каштары калың тартып, чап жаак экен. Ал байыркы дөө-шаалар, желмогуздар, баатырлар жөнүндө укмуштуу окуялардан жомок курап айтып, колун ары бир жаңсап, бери бир жаңсап, башка бир жакка обого учуп кетчүдөй куш сыяктуу сезилет. Анын айткан баянын жөн эле татканып угасың, сөздөр өзүнөн-өзү куралып ыр сыяктуу кереметтүү туюлат. Мындай сыйкырдуу жомоктор бул дүйнөдө жоктой же жарала электей сезилет.

Ал Алтын каган жөнүндө баян айтты. Аңгемеде монгол баатырлары Тибет башчыларын жана тангуттарды кантип сүрүп чыкканын айтканы бир укмуш. Ушул кезде улигерчи кыраакы адам окшойт, бала Добунга:

– Эй,балам, сен, жомок угам деп тамак ичпей ачка калдың бар тамактанып кел!

Бала жаасын колуна кармап чуркаган тейден түзөңдөгү дасторконго келип отурган. Ага чай, кымыз берип анан койдун жана суурдун майлуу этинен чоң табакка салып берген. Ошондо энеси Аймаралга окшош ак жүздүү аял:

– Тойдуңбу жаш каган майлуу эттен дагы жей түшсөңчү,-деп тамашалап ырайлуу карап, бала уялбай эле:

– Дагы эт барбы? – канча кылса да этти көп жеген мергенчинин баласы эмеспи жанагы энесине окшош аял ага ичеги карын жана чоң койдун кичине мүлжүлгөн жамбаш сөөгүн алып келип берген. Добун кадыр эсе эркектерче чөнтөгүндөгү бычагын алып жамбаш сөөктүн этин калтырбай мүлжүйт. Тамак жеп жатып, керемет жомок айткан улигерчи отурган дөбөнү улам-улам карап коёт. Ал жерде эч ким жок экен. Баары жомок угуп тарап кетишиптир. Тиги түзөңдө той кызуу өтүп балбан күрөш жүрүп жатыптыр. Эки чоң семиз адам белинен өйдө жылаңач болуп күрөшүп жатат. Тойду акылман белгилер башкарып жүрүшөт. Мына тайшиттердин бир балбаны күрөшкөнү чыкты. Эки балбан бири-бирин жыга албай букадай челишип жатат. Экөө тең оңой эмес экен. Акыры кермураттын балбаны тайшиттерин балбанын көтөрүп чаап, аны эл кыйкырып сүрөп жатат. Тойдо жаа атуу мөрөйү башталып, ким узун карагайдын башында илинген чымчыкты алыстан атып алса, сый катары эки кой берилмек. Жаачылар четтен туруп жакшылап эле атып жатышты бирок, бирөө да тийгизе албады. Анан мергенчилер эки жаат болуп аткылап киришти. Ошондо Добун өзүнүн уруусу менен жаа атуу мөрөйүнө кошулуп бак башындагы алакандай чымчыкты атып алышкан. Топту башкарган узун бойлуу эжигейдей сары башчы мерген баланы ийинден таптап:

– Мына сен дагы биздин уруунун мергендеринин катарына кошулдуң,-деп куттуктаган.

Добун сүйүнүп, жаасын кайа-кайра өпкүлөп, атам сыяктуу мен да чоң мерген болуп, үйдөгүлөрдү кор кылбай багып алам деп өзүнө-өзү кайра-кайра ант берген. Ошол тойдо элге аралашып жүрүп Корултай мергендин кызы Алан-Коого жолугат. Кыздын боюу узун мойну койкоюп, бети сепкил тарта караган жанды өзүнө тартат. Добун ошол кызды тымызын сүйүп калды. Алан-Коо кыздардан бөлүнүп баланын жанына басып келет. Экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылып сүйүү элесин берди. Бала кызга,-Жаамы алгын ,-дейт.

Кыз:

– Сага дагы жаа керек,өзүмүн жаам бер,-деген

Кыз өзүнүн ата-жотосун Добунга аңгемелеп айтып берген. Экөө аман болсок дагы жолугабыз деп ажырашты.

Ошондо эле булардын тагдырын кудай бириктиргендей болгон.

Салтанат шааниси жай бүтүп, тойго келгендер жай-жайына тараган. Добун тойдон кийин өзүнүн кер быштысын табай албай бушайман болду. Бала жаасын кармап, токтобой ары бир чуркап, бери бир чуркап, эч бир жерде кер быштысын таба албады. Акыры айласы кеткен Добун Алтан төрөнүн жигиттерине кер быштысын жоготуп ийдим деп даттана кайрылган.

Кара тоголок жигит:

– Кеч болуп калды үйүңө бара бер кер быштыңы тапсам байлап коём,-деген.

Добун чуркап отуруп өзүнүн боз үйүнө эл орунга отурганда араң жеткен. Бул кезде,-Балабыз эмне болду,-деп атасы Борчу энеси Аймарал айыл четинде жолдун айрылышындагы чоң кара таштын жанында күтүп жаткан экен. Алар алыстан сербеңдеп чуркап келаткан караанды көрүшүп:-Биздин бала экен,-деп сүйүнүшкөн.

Борчунун жини келип, аны Аймарал тыйып:

– Баланы көп жемелебечи ансыз деле айыптуу болуп келатат.

Борчу аялынын сөзүн угуп жумшарат.

– Балам, кер быштың кана?-деди бору ооруп.

– Эцеге(ата)мен аны чылбырын түрүп оттосун,-деп коё бергем, той бүткөндөн кийин карасам эле жок таппай калдым.

Айрмарал эне эки ортону жумшартып:

– Эчтеке эмес уулум эртең атаң барып таап келет. Жоголбой жүрчү бышты беле бир жерде оттоп жүргөндүр. Уулум эл көп болдубу?

– Ооба эне, Алтандын тойуна адамдар көп келди, сакалы белине жеткен улугерчи карыя жомок айтып, балбан күрөш, жаа атыш ар түрлүү оюндар көп болду,-деп бала көргөн-билгенин кобурап жатты.

– Сен жаа атыш ойнуна катышкан жоксуңбу? Мергенчинин уулу эмесиңби?

– Катыштым, ата эки ууру, эки жаат болуп атышты, биз атып кетип жеңишке жеттик.

– Мергенчинин уулу мергенчи болот,-деп сүйүнүп айтты,-Аймарал эне баласынын ийгилигине жетине албай сыймыктанып.

Анан бала менен энеси шыбырап сүйлөшүп калышты.

– Эне мен Алтанды көрдүм ал чокчо сакал койдурган чоң адам тура.

– Ооба ал бай жана төрө эмеспи.

– Эне ошол айылда Корултай деген мерген бар экен. Анын Баргужин-Коо деген аялы, алардын Алан-Коо деген кызы бар тура.

Энеси таң кала:

– Анан ал эмне экен?

– Ал аябай сулуу экен.

Энеси жүрөгү жибип, күлүп жиберди жетине албай:

– Менин уулум тойго барып, өзүмө келин таап келген го,-деп сүйүнө айтты.

– Ошону менен тааныштым.

– Таанышканың жакшы уулум көрүнгөн тоонун ыраагы жок аны биз келин кылып алабыз.

Береги Борчу мергендин баласы бир тойдо тагдыр буйруп, Корултай мергендин кызы Алан-Коо деген сулуу кыз менен таанышып калыптыр.

Борчу аялы Догулан экөө өз турмуштарын өткөрүп жатышты. Борчу түндүктөгү токойдун арасынан ар кандай илбеесин кармап аң терилерин даярдаган мерген. Терилерди ашатып ийлеп, бүтүп жаасын асынып, жылуу кийинип аң улоого жөнөдү. Аны ээрчип Добун жөнөөчү ошондонбу ал кайсы жерде аң болот аны кандай кылып, атыш керек кыскасы ата кесибин мыкты өздөштүргөн. Баралына жеткенде эң мыкты мерген болчудай. Борчу ушул чөлкөмдөгү жөндөмдүү аңчылардын бири. Ал жер өңүтүн коёндун жатагына чейин билген.

Добун Корултайдын баласы менен достошуп алды. Анын максаты Алан-Коо менен сүйлөшүп жакындоо болчу. Анан закымдап мезгил өтүп, жаштар бойго жетишти. Бирок кызы төрөлгөндө эле башка бирөөнө кудалап, анча мынча мал алып койгон эле. Анын кудалаган жери Эрке Харанын таякелеринин уулу Кубулай деген бала болчу.

Алан Коо атасы менен энесине айткан:

– Мен ага турмушка чыкпайм.

Анткени ал Борчунун баласы Добунду жакшы көрүп калбадыбы. Добун узун бойлуу, шадылуу келип, ак жуумал улан эле.

Бир күнү булак жанында Алан-Коо Добун менен сүйлөшүп жатып айтты:

– Сен мени бат эле ала качып кетпейсиңби же, болбосо атам кудалаган жерге берген жатат.

Корултай кызын антташкан жерге бермек болгон. Бирок Добун Алан-Коону эл жатаарда келишкен кер жорго менен келип үйүнө ала качып кеткен.

Ал мезгилде айлана суук тартып, соккон шамалга калың чийлер бетеге башка өсүмдүктөр кыймыл жасашып желге термелишет. Булуттар батыштан чыгышка карай сапар улашкан.

Корултай кызынын кайда кеткенин билбей калды. Добундан шек санабады ал жөн эле жолдош деп ойлогон.

Бирок энеси Баркужин Коо билчү. Энеси да бул баланы жакшы көрүп жактырган.

Мерген жолду карап жалгыз аттын изин кууп жүрүп отуруп, бир нерседен шектендиби же, өзүнүн иши менен бир тарапка кеткен го деп божомолдоду.

Акыры баланын атасы Борчу эки жолдошун ээрчитип Корултайдын үйүнө келип түштү.

– Ууру болуп калдык кудалар көп күнөөбүздү аздай көрүп кечиргиле- деп, башын ийип салаңдатып,-Алам десең баш мына,-деп айыптуу болуп турду.

Анан эле токтоно албай Корултайдын аялы аюудай болуп чамынып айтты:

– Анын кудалаган жери бар эмес беле, эми карыздан кантип кутулабыз?

– Мен аны кайдан билем, эки бала бирин-бири жактырып калыптыр.

Кыздын атасы ээ-жаа бербей каардана:

– Кызымы алып келгиле анан көрөлү,-деди.Жигиттер аттарын кара жолдо чапкылап баратат. Аларды иттер үрүп кубалашат. Куугунчулар бат эле селкини алып келишти.

Ошондо кыз көзүнө жаш алып кайгыра:

– Энеке, мен биздин үйгө келип жүргөн Добун мергенди жакшы көрүп калгам. Кыздын ата-энеси баласын ыйлаткысы келбей анын эрки менен калышты.

Ушул баян ушул бойдон калган жок.

Адегенде шарт боюнча эки куда сүйлөшүп сөз бекитишип туугандарды чакырып той беришти. Анан кийин мурунку кудалаган жердин карызынан ашыгы менен мал берип кутулушту. Жана Алан-Коо деген сулуу Добун мергенге турмушка чыгып бактылуу жашап калат. Ошентип эки жаштын тагдырын байлык эмес таза сүйүү чечти. Ал көзгө атаар мерген эле. Тоонун кайберендерин атып келип, өз жашоолорун өткөрүп жатышты. Алардын бактысы тоонун назык гүлүндөй болуп шоодур кагып, жаз желине жанданып, учкул өмүрү тоо шапатасына бой салып ыргалат. Экөөнүн бактысы чыгышта нур чачып жанаша турган кош жылдыздай болгон. Эки жаш эң туура табышып, улуу тоо-талаада назик сүйүүнүн гүлү ачылып жаткан сыяктанып көрүнгөн. Алар үйлөнгөнүнө эки жыл болот дегенде эркек балалуу болушту. Анан бир жыл өтүп дагы бир уулду болуп ого бетер сүйүнүштү. Добун мерген менен Алан-Коо сулуунун сүйүнгөнүн айтпа. Балдарыбыз аман эсен чоңойсо, деген жакшы сонун тилеги болгон. Баарынан да эки эркек уулдун Добун мергенге окшоштугун айтпайсыңарбы. Алардын өзүнө окшоштуруп, мерген аябай кубанып тагдырына ыраазы болгон.

Ата ошого жетине албай Алан-Коонун сыйын сүйөт. Тынч албаган Добун ар дайыма аңчылыкта жүрсө, ал эми аял эки баланы багып үй-тиричилиги менен алек.

Ошол жылы жаз илеби эрте байкалып, улуу Гоби чөлүнөн жылуу илеп жете келип, жер тоңу кетип, топуракка жылымык келип, күңгөйдөгү тоонун кары эртелей эрип, тентек суунун үстүндөгү муздар шар агымдын эпкини менен ылдый карай агыла баштады. Кыштын ызгаардуу суугу эчак эле кайтып жер жылымдап,айрым сууктан далдаа жерге көк чөп өнүмдөп кылтайа башбагат. Түштүктөн куштар учуп келип, канат кага күңгөй жылымык тарапта,учуп-конуп көкөлөй торгой куштун сайраганы анда-миында чыгып, айлана бир керемет сыяктанат.

Адамдардын баардыгы жаздын эрте келгенине кубанышты. Жаз келсе тиричилик жанданып,бирин-экин мал төлдөп адамдар сүт, ууз айран ичип быйылкы жылдын эрте келген напсисин татмак.

Ошол күндөрдүн биринде айылдын ары жагында Кара тоо деген зоо бар эле. Анын башын көк жалтаң аска, кар мөңгү мекендеп, тоодон бери түркүн дары чөптөр өсүп, аскасында улар кушу мекендөөчү. Куштардын түнөгүн Добун мерген билчү .Анын эти кандай дары, кандай даамдуу жана жумшак. Ал кылтак тартып улар кармап келүүнү көздөп, өрүлгөн желени алып, аңчылыкка даярдана баштады. Ошондо аялы көңүлү чөгө, бушайман боло:

– Добун ардагым, эмнегендир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп тынч албай жатат. Ал жакка барбачы анын үстүнө күн бүркөө түндүктөн удургуп басылбай шамал согобаштады.

Бирок күйөөсү болбоду.

– Эки бала ачка болотко Кара тоонун үстүндөгү аскага улар кушу жылына мекендейт, желе тартсам эле алар түшөт, бат эле келем,-деди болбой.

Алан-Коо бир эсе балдарды, бир эсе турмушту ойлоп, «Мейли эми бат эле кел»,-деп макулдугун берген.

Добун мерген кадамын бат-бат шилтеп, Кара тоо жакка багыт алган. Аңчы кой терисинен шырылган ичикчен, топоздун терисинен тигилген тумакчан узун карааны тээ алыстап, урчукту айлана берип көрүнбөй калган…Эмнегендир тынсыздандыбы жээ үйүнүн карааны жакшы көрүнүп кеттиби, эки-үч жолу бурулуп артын карап койду.Боз үйүнүн жанында Алан-Коо эки баласы менен күйөөсүнүн узата тиктеген. Балдардын жанында Ала мойнок күчүк ойноп жаткан. Дөңдүн далдаасына киреерде мерген артын кылчактай карады дагы эле Алан-Коо эки баласы менен күйөөсүн карап турган экен. Добун мергендин жүрөгү бир нерсени сезип уйгу-туйгуланат. «Кайра үйгө кете берсемби» деди. «Бирок болбойт мынча болду үйдөн чыкпай эле койсом болмок», ал кетип баратып аялына айткан кебин эстеди.

– Ардагым, сүйүктүүм ата-бабам аңчылык кылып келген жер. Бул аймактын сырын коёндун жатагына чейин белем. Камтама болбо, бат эле келем. Андан көрө ысык тамагың болсо, даярдап кой ,-деген.

Ошол күнү кечинде басылбай согуп, шамал улам күч ала берди. Анан бирин-экин жылдыз чыгып, түн акырын көшүлүп кирип келген.

Бир күн өттү. Эртеси деле күн ачылбай айлана сургут тартып, шамал согуп турду. Сапар улап дагы бир күн өттү. Добун мерген келбеди. Алан-Коо балдары менен Кара тоо тарапты телмирип карап турат. Айрыкча эки баласы:

– Атам качан келет,-деп энесинин тынчын алды.

Айласы кеткен аял:

– Атаңар келет шашпагыла, ал кармалып жатса керек,-дейт.

Анан күйөөсүнүн аңчылыкка кетип келбей калганын Добундун туугандарына айтты.Адамдар ат минип чабагандап чер токойду, тоодогу аңчылык кылган жерди аңтарып-теңтерип карап чыгышты. Акыры чабагандар асканын бетине карга-кузугун айланып турганын көрүп, жогору Кайкы өтөккө чыгып барышса, Добун мерген аскадан кулап түшүп, башы ташка тийип, түбөлүк уйкуга кеткен денесин табышты. Адамдардын айтымында Добун мерген асканын башында уларга желе тартып жатканда ашуу тараптан катуу куюн башталып, кулап башы менен урчук ташка тийип, жарадар болуп, алы кетип, тура албай калган шекилденет.

Добун мерген буту-колун тартып, бүрүшүп жатып калыптыр. Анан суука чыдай албай байкушум жан берген шекилденет. Атчан келген чабагандар сөөктү аскадан түшүрүп, алдына өңөрүп үйүнө алып келатышты. Чабагандар чаап келип, суук кабарды Алан-Коого угузушту. Ак жуумал тарткан эстүү аялө өзүн жоготуп дендароо болуп, кайгыга бөлөнүп, жашын төгүп-төгүп ыйлап жатты. Аны үйгө алып кирип, бети-колун жууп айрандан чалап ичиришти. Жесир аял эсине келип-келбей:

–Жөлөгүмөн айрылдымбы, аны такыр көрбөй калдымбы,эми балдарды ким багат,-деди муңга батып армандана шурудай жашын тамчылата буркурап.

–Бул да болсо, тагдырдын иши кайраттан,-деп аны кармап турган аялдар сооротуп жатты.

Ошентип эки балалуу ак жуумал аял тагдырдын буйругу менен жесир кала берди.

МААЛИК ТЕКСИЗ КУЛДУН БАЯНЫ

Ошол мезгилде кыргыздар Эне Сай өзөнүнүн жанында Миң Суу деген жерде аңчылык жана мал багуу менен жашоосун өткөрүп жатышты. Бул аймакта кыргыздардын бир канча уруусу бар эле. Кыргыздарды башка элдер шибелер, же токой адамдары деп аташкан.Токой адамдары кайраттуу тартып, суукка чыдамдуу эле. Шибелер эт жеп, малдын сүтүн ичип, айрыкча бээнин сүтүн ачытып кымыз кылып азыктанышкан. Кыргыздар Кара тоодон темир казып, эритип найза, жалаңдаган курч кылыч, темир калкан менен куралданып оңой менен жеңилбеген жоокер эл болгон. Алардын асмандан түшкөн таштан (метеориттен) жасалган кылыч, калкандары жалаңдап өтө курч болгон. Аларды кымбат баалуу буюмдарга гана алмашкан. Куралдардын жасалышын катуу сыр кылып башка элдерге такыр айтпаган.

Алардын бойлору бийик сары чачтуу, сары жүздүү жана көздөрү көк эле. Эркектери сөйкө тагынып кооздонуп алышкан. Токойу жок күнөс жерге таруу, арпа, буудай эгишчү. Байлары кыз алганда калыңды көп төлөшкөн. Шибелер кытайдын соодагерлери менен байма-бай байланышып аларга аң терилерин берип, башка бир керектүү буюм менен алмашып алып турушкан. Шибелердин колдорунда найза, ай далыда жаадан коргонуучу калкан, башында ок тосуучу шуңшуйган тулга, сол капталында кылыч салмактуу чоң жаа, шыгырылган жебелер батырылган саадак. Ошол шибелерди Ажо башкарып турган. Анын туугандары өтө бай болуп, Миң Суу өзөнүн жана улуу дайра (Улуу кем) Эне Сайдынжээгинде жашоосун өткөрүп турушкан. Ушул журтта Уткул деген адам болуп, анын эки баласы аялы жана көптөгөн малы болгон. Уткулдун Маалик деген алп узун бойлуу, өңү сары жездей сап сары уулу бар эле. Ажонун жакын туугандары Уткулдун байлыгын көрө албай жигиттерин жиберген. Анткени каардуу Ажо менен кармашкысы келбейт. Себеби, анын колунда бийилик жана тандамал жоокерлери болгон. Ошентип Ажолуктар Уткул байдын малын уурдап ага тынчтык бербей койду. Ошондо Уткулдун уулу Маалик намыздана баштады. Ал Ажону жок кылып же анын малын уурдап, өз намызын алгысы келет. Атасы муну билип:

– Уулум кой, шайтандын куйругун баспа, бир балакетке калбайлы. Ал кекчил эч нерсеге көнбөгөн таш боор пенде Уткул туура айтты. Ажо эң эле каардуу эч кимди аябаган пенде болчу. Бул жердеги уруулардын өзүнчө закону бар. Эгер ууру кылып элге-журтка тынчтык бербей койсо, аны өлтүрүп, баш сөөгүн атасынын же бир туугандарынын мойнуна тагып коёт. Бул эң каардуу закон. Анын бети курусун кудай бербесин. Ал бир канча жыл уурунун сөөгүн мойнуна тагып жүрүп азапка батат. Кыргызда бир канча адам ошондой болуп жүрөт. Уткул карыя ошону ойлоп санаасы санга бөлүнүп, эгер Маалик ошондой тагдырга жолугуп калса эмне болот. Ата баласына көп жолу эскертти. Бирок баласы болбой эле уурулугун уланта берди. Ошол күнү Маалик бир нерсени ойлоп турду. Ажонун миң булак өзөнүндө жыйырма үйүрлүү жылкысы болгон. Ал эмнегендир жаны жай албай тынчы кетип, ала күүгүм кезде Ала туяк атын минип келатты. Ал Ажонун жылкыларына жакындап, бир жылкычыга чалма ыргытып кармап күч менен күргүчтөтө коого карай сүйрөдү. Ошол кезде адамдын арасында жашынып жаткан үч жигит чапкан тейден барып, Мааликти колго түшүрүп алууга аракет кылды. Маалик ойлонду булар үчөө эле экен аларды жеңүүгө болот деди. Үч жылкычы Мааликти аттан сүйрөп түшүп, колу бутун таңууга аракеттенмей болду. Ууру койнундагы токмогун алып чыгып эки жылкычыны башка берип-берип калды. Катуу нерсенин уусубу жылкычылар ошол жерден аттан торок кулап түшүп жан берди. Эми бир жылкычыны оңой эле жеңмек, сааттай болуп, ары жактан дагы төрт жылкычы аттарын сороктотуп чаап келип ууруга аргамжы ыргытып мойнун муундура тарта жерге түшүрүп буту колун байлап, Ажонун үйүнө алып келип жыгач үйгө камап салышты. Баарынан ууруга эки жигиттин өлгөнү жаман болбодубу. Кыргыздар ууруларды өтө катаалдык менен жасалоочу. Ажо ойлонуп жатты муну эмне кылсак өлтүрүп баш сөөгүн атасынын мойнуна тагып койсок кандай болот. Бирок бул ойдон баш тартты. Уткулдун туугандары кекчил бир балакет кылбасын деп кайта өзү чыгарган бүтүмүнөн баш тартты. Ошондо аны бөтөн жактан келген кербендерге энчилеп сатып ийгиси келди. Ал ушул ойду тапканына аябай сүйүндү. Ырас эле ыраака кетсе, өзүнө жакшы болмок. Өлтүргөндөн көрө жер үстүндө жашап жүрмөк. Ошонусу да чоң бакыт, соодагерлерге берип, бир душмандан кутулганы оң. Бул жерде жүрсө баары бир бизге тынчтык бербейт. Көп өтпөй Кытайдан кербен келди. Алар чай, кашык, чыны, жибек дагы толгон буюмдарды алып келишти. Кыргыздар соодагерлер менен алака түзүп буюмдарын аң терилери менен алмашып жатышты. Эртеси ак сакалдар чогулуп Маалик ууру жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

– Муну башка элге берип жиберели антпесек уурулугун койбойт.Бизге кекенип калды жана баарыбызга тынчтык бербейт.

– Көптөн бери бизге зыян кылып келатат.

Карыялар ууруну Кытайдын соодагерлерине сатып, жиберели деп чечишти. Алар соодагерлер менен сүйлөшүп эки тарап макул болушту.

– Бул өтө карылуу күчтүү адам чебердегиле качып кетпесин.

– Качырбайбыз муну императорго белек катары тапшырабыз.

Бирөө күлүп айтты:

– Бул кул императордун аялы менен байланыш түзүп алса, кантебиз кайра өзүбүздү өлтүрбөйбү. Мындан сап-сары кылып, көп бала тууп жүрбөсүн. Баардыгы күлүп калышты.

– Император эмне келесоо бекен бычып салат да,кайрадан күлкү аралады.

Тагдырыбы кыргыз Маалик кытай соодагерлери менен кетип баратты.Ал акыркы жолу өзү өскөн токойду, сууну, түтүн булап жаткан өзүнүн боз үйүн аянычтуу карады. «Бул жакка келеер бекем же келбей каламбы?» Анын каңырыгы түтөп баратат, кайгысы күчөп баратат. Туткун төө үстүндө кетип баратып бир ыр эсине келди:

Кагылайын туулган жерим кош болгун,

Карагай,кайың менин ыйык досторум.

Кийинки учурда өзүнүн тагдырын ушундай оор болоорун сезип,билип жүргөн.Ага аялы айткан:

– Маалике сен уурулукту токтотсоң.

– Мен уурулук кылганым жок, алар атамын малын алып бербей жатат. Ошондуктан күрөштүм.

– Күрөшкөн менен аягы кандай болду.

– Сага аз уруусунун адамдары тиш кайрап жүрөт, колго түшсөң өлтүрүп бир балакет кылышпасын.

Ага кошулуп энеси да көзүнүн жашын көлдөтүп акыл айтты:

– Балам,чебердечи кийинки учурда Ажого каршы иштерди жүргүзүп жатасың, анын аягы жаман болбосун.

– Энеке,мен кайраттуу адаммын оңой менен колго түшпөйм жана ууру кылган жокмун. Ажонун адамдары атамын малын тартып алып, бизди кордоп жаман сөз айткан. Ошол үчүн күрөшүп жатам. Энесинин айтканына Маалик көнбөй койбодубу акыры ушул көрүнүшкө барып такалды. Аны кытай соодагерлери элүү чай, толгон чыны, чайнек жана шайы жибекке алмашты.

Тексиз кул төө үстүндө колу байланып, кытай соодагерлери менен кетип баратат. Туулган жери артта калып, ал эми убакыт закымдап өтүп жатат. Өз жерине болгон сүйүүсүн Маалик кичинекей жүрөгүнө салып кетип баратат. Анын артта калган өмүрү мунарыкка сиңип кеткендей болуп, ал жакта калган өмүрү белгисиз аянычтуу арманга батат. Кербен жай жылып кетип баратат. Кербен үстүндө эрксиз кул Маалик кетип баратат. Анын атасы, туугандары, балдары, жары чыркырап ыйлап узатышты. Мааликтин туугандары кербенге кол салбасын, деп Ажонун тандамал жоокерлери жүргүнчүлөрдү узатып баратат.

Маалик арт жакты карады. Көзүнөн эки тамчы жаш кулап түшүп, жүрөгү туйлап, оюнан төмөндөгүдөй ыр жаралды:

Кош болгунуң киндик каным тамган жер,

Жакшы кал, ата бабам өскөн жер.

Жээ келеермин же,болбосо келбесмин,

Келбей калсам нечен ирет эстеермин.

Тексиз кул төө үстүндө кытай соодагерлери менен кетип баратат. Кербен узап баратат, мезгил да узап баратат. Анын мээсине бир ой келет. «Келеминби же келбейминби?» Анын жүрөгүнөн бир кыл үзүлүп кеткендей болду. Ал кыл эмне экенин өзү да билбейт. Түбөлүк үзүлдүбү же бир азга эле элеби? Ал жип туулган жерге болгон ыйык сүйүүсү эле. Анын киндиги туулган жер менен байланышкан эмес беле. Анын бир аз алакандай өмүрү ушул токойлуу аймакта, улуу Эне Сай дарыясынын боюнда закымдап көзгө илешпей өттү. Жүрөгүндө кеткис болуп сакталган ошол байлыкты канткенде унутуп, канткенде эсинен чыгарат. Жана ата-энесин жандай көрчү эки баласы, сүйгөн жарычы. Ушуларды таштап төө үстүндө эрксиз кул болуп кетип баратпайбы. Ата-журт туулган жерин көрбөй андан бир жолу алыстап кетеби? Анын жүрөгүнөн бир аялуу нерсе туулган жерге өзү өскөн айлына калгандай болгон. Ал ыйк нерсе эмне эле? Ата Журт ажарыбы? Ошол ыйык нерсени өмүр боюу көрбөй калабы? Дагы ойлонду ушундан көрө өлүм менен көргө узатса жакшы болот беле? Ал бурулуп артын карады.Артында жайык талаалар, шыңга бойлуу бийик карагайлар. Алардын шамалда гүү-гүү эткен түгөнбөс үндөрү, куштардын сайраганы, улуу дайранын доошу, аска-зоону айланып учкан алгыр бүркүт баары-баары артта калып жатты. Баарын-баарын кайра көргүсү келди. Буларды кантип таштайт, ушинтип эле эрксиз кул болуп кете береби? Ал артын улам-улам,кылчак-кылчак карады.Тээ алыста туулган жери калып жатат. Тигинде бийик дөбөдө атчан адамдар: алар атасы-энеси, бир туугандары, энесинин сызыла боздоп ыйлаганы, атасынын аянычтуу тиштенип турганы көз алдынан кетпейт. Аялынын балдарынын атакелеп ыйлаганычы. Ал артын улам-улам, кылчак-кылчак карайт. Кытай соодагерлери да ошону түшүнүп аны аяды. Жаштыгын аяды. Аны жырткыч жаныбарлардай байлап бараткандай сезилди. Анын айлы мунарыкка сиңип кеткендей болот. Сиңип кетти. Төө үстүндө көп нерселерди ойлоп баратат. Тээ артта жайнап турган сезими. Артта калган балалыгы. Ал кулап түшүп ташка айланып жок нерсеге айланабы? Тексиз кул төө үстүндө кытай соодагерлери менен кетип баратат. Кербен жылып баратат, тексиз кул да кетип баратат. Ал өзүнүн туулган жерин артка таштап кетип баратат. Артын карады көз жеткис мунарык өзүнө тааныш эмес жерлер, тааныш эмес тагдырлар. Кербен жайык талаа менен кээде токойлорду аралап, кээде ачык талаа менен жүрүп отурду. Көп жер басып, суу кечип, ашуу ашып, аркайган эчен бел басып, акыры алар монгол жери менен баратты. Маалик соодагерлердин тилин, дилин такыр түшүнбөдү. Тагдыр ушул экен эгер кичине эле мүнкүнчүлүк болсо качмак бирок кантип качат. Колу, бутуна чынжыр оролуп баратпайбы. Ал эмне болсо да, баарын кудайдын жазганын көрөөрмүн деп кетип баратты. Соодагерлер Монгол жериндеги тайшит уруусунун аймагын аралай келип калды. Ошондо тайшит уруусунун аксакалы Камбагай айтып калды:

– Бул чөөдөй сары адамыңар көрүнүшү боюнча өтө күчтүү акылдуу сезилет. Бизге таштап кетпейсиңерби. Мекени алыс кете албастыр, жок дегенде кой кайтартып алалы, кытай адамдары эмне дээр экен,-деп тилмеч аркылуу кайрылып калды. Кытай соодагерлери сүйлөшүп, таштаар, таштабасын билгизбей арсар абалында калышты. Алар тынымсыз сүйлөшүп жатышты.

– Болуптур акысына эмне бересиңер. Бул өтө жаш жана кайраттуу. Анан күчтүү баардык жумушту аткара алат.

Камбагай эмне береерин билбей ойлонуп калды да,-Балким аң терилерин алаарсыңар.

– Ага деле алмашабыз түлкүнүн жана карышкырдын териси барбы?

– Бар карышкырдын анан эки түлкүнүн терисине алмашалы.

– Жок ал өтө аз.

– Анда беш карышкырдын, өн түлкүнүн жана он беш кундуздун, ошондой эле башка жаныбарлардын терисин бер.

Ошентип Камбагай бай кытай соодагерлери сураган аң терилерин ага кошуп үч күлүк атка жездей сары чачтуу Мааликти алмашып алды. Береги кытай соодагерлери Монгол жеринен ары жөнөп кеткен экен.

Ал өзүнүн кожоюунуна жакшы кызмат кылып жүрдү. Аны бат эле эркиндикке коё беришти. Ал берилген иштин майын чыгара аткарып ошонусу менен жагып калды. Тексиз кул качып кетүүнү самады. «Мен киши өлтүрбөдүм беле,бир эмес экини кайра эле колго түшүп азап тартам го? Же алар мени өлтүрүп, салт боюнча менин башымы атама же инимин мойнуна тагып коёбу? Кой ушу жерге эле тура турайын деди. Калганын тагдырыман көрөөрмүн.»

Аңгыча эле үч-төрт жыл закымдап өтүп кетти. «Бирок азыр кеч күз. Жол өтө ыраак, жолдо дагы колго түшүп, же ит кушка жем болом» деп коркту. Бирин экин кыргыздар жолугуп калабы деп, жакшы санаа менен жүрдү. Ошол үчүн азырынча ушул жерде тура берүүнү самады. Ал абдан күчтүү жана боюу узун келишимдүү кайраттуу келип, тиктеген жандын көңүлүн өзүнө бурдуруп турчу. Камбагай байдын короо-короо коюу, үйүр-үйүр жылкылары жана келишимдүү жасалган үч-төрт арабасы болгон. Ушунча малды Маалик, Жигмид, Хорлоо, Даржа жана башкалар көз салып бакчу.

Маалик аял дегендде эки көзү төрт болгон. Анын келишимдүү денеси ургаачыны самап турган. Ал учурунда эки келин менен көңүл ачып жүрдү. Мааликке көп ургаачылар көз салып жүрчү. Бирок аны жигит көп элес алчу эмес. Анткени ал эрксиз кул болуп жатпайбы. Кул туулган жерин, аялын, балдарын сагынчу.

Камбагай бай жаш кезинде аягы суюк болуп кийин деле ошол жоругун койбоду. Ошондо Үржеңе күйөөсүнө айтты:

– Бай, аягы суюктугуңу койсоңчу, балдарың чоңоюп калды уят,-десе Камбагай каарданып: -Сенин эмне бирдемең кетип жатабы,керек болсо дагы бир аял алам дечү.

Ошону менен Үржеңенин жаагы жап болгон. Ал үшкүрүнө ойлонуп, эркектер болбойт экен жана жакын абысынына байдын сандаган жоруктарын айтты.

Абысыны:

– Аны эмне кыласың байдын денесин баштыкка салып алмак белең,ал көнүп калган бычтырып эле салбасаң үйрөнгөн адатын таштабайт, андан көрө ага билдирбей көңүл ачып жыргап жүрө бербейсиңби,-деген.

Ошондо Үржеңе: «Ким менен көңүл ачам,-деп ойлонду.-Байдын аялы деп мага бирөө жолойбу» .Ал жаш кезинде алты-жети курдай ала жипти аттаган. Бул окуя өтө жаш кезинде болгон. Үржеңе абысынынын кебин эстеп дене боюу жибип жан кумары алоолонду. Кимдир бирөө менен айрыкча жаш дене менен көңүл ачкысы келет. Бирок ким менен анын үстүнө тамакты көп ичип такыр эле толмоч тартып кеткен. Бу куракта аны эч ким карабайт, ким карамак эле. Быякта кашын ирмем моймолжуган жаш келиндер турбайбы. Үржеңе абысынына айтты:

– Сүт толгон эмчектей болуп толуп турам мени ким карамак эле.

Абысыны аны аяп:

– Карайт караганда да эң сонун жигиттер көз артат,-деди тамашалап күлүп.

– Ой,койчу кантип эле,-деди ишеңкиребей

– Мен жардам берем күтүп жүрө бер,сенин да гүлдөөчү маалың келет сенин бул боюнча таштабайм. Экөө тең катар күлүп калышты.

Ошол сүйлөшкөндөн кийин убакыт көп өтпөй, бир күнү Камбагай бай балдары менен иши чыгып кайдадыр бир тарапка кыйла күнгө жөнөп кетти. Баягы абысыны күүгүм кирип эл орунга отурганда Үржеңенин боз үйүнө башбакты:

– Үржеңе кандай атың эле айтып турат, сен сулуу үрдүн кызысың сага кантип жигиттер ашык болбойт,-деди.

Экөө тең күлүп калышты.

Анан сүйлөшүп отуруп эт жеп, кымыз ичишти

Аббысыны:

– Сага жигит табылып, кудай берди,-деди Үржеңе күлүп.

– Кандайча жигит бар бекен,-өңү жаадырай түштү,-болбойт го.

– Болот болгондо да эң сонун болот.

– Бүгүн кечинде сага тээ береги чоң алачыктагы баатырды ээрчитип келем, күтүп ал,-деди дагы күлүп.

Кечинде абысыны Үржеңеге кыргыз Мааликке дегенди ээрчитип келди.

Маалик бул кезде Монголдордун айлында бир канча жыл туруп, тилди эчак эле үйрөнүп алардын салт санаасын жакшы өздөштүргөн. Анткени ал өтө сезимдүү адам болчу. Үчөө сүттөн тартылган аракты ичип эт жешти.

– Бул ишти үчөөбүздөн башка эч ким билбесин абысыны Мааликеге кайрылды.

– Эми ишиңерди бүткөрө бергиле,-деп күлүп кетип калды.

Үржеңе ойлонду кул эмне киши эмес бекен көңүл ачса ачабыз,-деди.

Үржеңе ургаачылык кылып Маалкке кылыктанып жатты. Алар аракты дагы ичишти. Күчтүү арак ичегини аралап кетип, экөөнүн кумар оту алоолонуп күчөйт. Дагы ичишти эркектин кумары козголуп аялды кучактап төшөктүн үстүнө басып калды. Мааликке Үржеңени эмчегин бекем кармап, ак бетинен өбө баштады. Үржеңе «эмне кылсаң өзүң бил» деп тим койду. Алар ошентип ошол түнү бир жатышта. Эртеси Үржеңе дене боюу сергип желдей учуп калыптыр. Ал аягы суюк күйөөсүнүн жоктугуна кубанып:

– Мен эмне жаным жок бекен, мен дагы көңүл ачып жыргайм жана толгон эркектер менен жүрө берем. Бул кул болгон менен Камбагайдан аябай эле мыкты экен. Ургаачынын денесин жакшы жазат экен. Кумарым аябай тарады. Мен күйөөмөн өчүмү алдым,-деп жылмайган болду. Андан кийин бир канча жолу бир болушту. Аялдын кумары канып эркекти жактырып калды. Күндөрдүн биринде Үржеңе Мааликке айтып калды:

– Сага дагы бир аял таап берейин.

– Мейли улам жаңысын таап берсең сонун болот эле.

Үржеңе таарынгансып:

– Анда мени таштап кетип калба.

– Сени кантип таштайм, көзүңү кысып койсоң эле даяр болуп жетип келем. Экөө тең күлүп калышты.

Үржеңе жылдыз толуп, эл оорунга отурган маалда кыргыз Мааликти жесир аял Алан-Коонун боз үйүнө ээрчитип келди. Алан-Коонун күйөөсү Добун мергендин дүйнөдөн кайтканына бир канча жыл болуп калган. Андан эки эркек бала калбады беле. Алан-Коо эркектерди көп карабай балдарын багыш үчүн көр тириликке аралашып кеткен. Мааликти көрүп эмне кылаарын билбей калды. Анын денесин карылуу жигиттин тулкусу арбап алды. Экөөнүн дене кумары кандыруу күчү күндөн-күнгө улана берип токтогон жок. Ал андан бирди, анан экини, анан үч эркек баланы катары менен төрөдү. Бул көрүнүш көндүм иш болуп калган. Төрөлгөн балдарынын баары өңү, чачы жездей сары Мааликти тарткан эле. Мааликтин өңү жездей сап-сары киши эмес беле. Аялдар бул көрүнүштү билсе деле, Алан-Коодон аңкоолонуп сурап калышат:

– Алан-Коо айтчы күйөөң Добун небак эле өлбөдү беле сен каяктан, өңү, чачы көзү жездей сары балдарды тууп жатасың?

Анда Алан-Коо кебелбей?

– Ар жылы жайында ай чыкканда кереметтүү буурул түндө ак булут арасынан ачык кызыл нур түндүктөн түшүп, ал сары чачтуу, сары өңдүү жигитке айланып, мен кудайдын буйругу менен ошону жактырып, биригип койгомун, жесир болсом эмне кылам. Балдарым көбөйүп, колу-бутум узарып, монголдордун санын арбытайын.

Анда келиндер күлүп калышкан.

– Анысы жакшы экен ак булут боору ооруп биздин элдин саны арбысын дегени го? Ошол булутка айтып кой,бизге дагы сары чачтуу бала таштап кетсин деген.

Алан Коо кайра аларды какшыктап:

– Ал эмне ургаачылардын баарына эле сары чачтуу бала таштай бермек беле, ал миңдин бирине гана калтырат. Анын балдары жана неберелери,чөбүрөлөрү келечекте касиеттүү адамдардан болот. Эл башкарган уулдардан, теңирден кийинкилерден болот.-деп оозунда сала бергендей айткан экен.

Келиндер ак булут эмес эле алтүндө эшикти аяр аттап кирип жүргөн адамды эчак эле билип алышкан.

Жаадыраган жаз күнү болчу. Алан-Коо балдарын карап алардын келечек тагдырын ойлоп турду. Беш бир тууган жумушту бат эле бүткөрүп ошондой эле алар өтө ынтымактуу бир-бирине боорукер тарткан. Кийинки үч баласынын көздөрү көк, өңү, чачы саргыч тартып турат. Акылдуу сулуу айым Алан-Коо бир нерсени ойлоп турду айыл-апада ооздору ачык жан жокпу булардын жаралган тегин айтып койсомбу деп ойлоду:

– Кимден төрөлдүңөр эле ата-тегиңер ким болот,-деп бейжай суроо берип балдардын көңүлүн кимдир бирөө иренжитип оорутпасын,-деп санаа чегип турду. Ошол үчүн алардын баарын боз үйдүн ичине чакырып, топ чыбыкты ар бирине бирден берип чыкты:

– Кана сындыргылачы,-деди.Балдар байланган топ чыбыкты бирөө дагы сындыра алган жок.

Анан акылдуу аял чыбыктарды тобунан жандырып ар бирине бирден карматып:

– Кана балдарым эми сындыргыла,-деди. Балдар чыбыктарды бат эле сындырып салышты. Анан Алан-Коо кебин айтып турду:

–Балдарым, улуу эки балам Добун мергендин уулу элеңер, калган үчөөңөр түндүктөн түшкөн улуу Теңирим сары чачтуу, көк көздүү адамды жиберген атаңар өлүп мен бойдок элем ошону менен байланышкам, анан үчөөңөрдү төрөп алгам, силер канчалык көп болсоңор, душманга алдырбайсыңар жана чыбыктардай сынбас бекем болосуңар,-деп акылдуу кебин айткан экен ошол мезгилде. Балдар дагы энесинин оюуна кошулуптур. Бул окуя ушундай болгон. Аны бул китепти жазган автор оюунан чыгарган жок. Санжыра айткан абышкалар да тарыхты изилдеген окумуштуулар да ушундай уламаны билдиришет. Жана орустун улуу жазуучусу Исай Калашников жазган « Жестокий век» деген улуу чыгармада ушул баянды айта кеткен. Бул уламаны казактын чоң жазуучусу Ильяс Эсенберлин да бышыктап жазган. Ал эми уламанын чындыгын кудай билсе бир билет, аны көрүп билген адамдардын баарысынын көзү өтүп тиги дүйнөгө узап кеткен.

Темучин же, Чынгыз хандын атасы Есугей же кыргызча айтканда Тогузбай баатыр экен.Чоң атасы Бортан баатыр үчүнчү атасы, дагы Хабул хан, андан ары Тумбинай сечен дагы Бай-Шинкар Дакшин андан ары Хайду дагы Бодончар, Бодончардан тарагандын баардыгы чачтары сары, көк көздүүлөр болушкан. Чынгыз ханда ушул белгилер сакталып калган. Андан ары Маалик же, түпкү энеси акылдуу, сулуу аял Алан-Коого барып такалат. Муну уламачылар ушундай деп айтышкан.

Чынгыз хан ошол түпкү ата бабасы тартып же байыркы кыргыздар Мааликеге окшошуп өңү, чачы,көзү жездей сары,узун бойлуу адам экен деп санжыра-уламаларда айтылат.

Темүчүндүн түпкү теги кыргызбы, бул жөнүндө улама санжыраларда ар кандай ойлор атылат. Анын түпкү уруусу кыргыз болгон алар Иртыш, Энисей, Алтай тоолорунда жашап, кийин монголдошуп кеткен кыргыз уруулары болгон дешет.

А дагы бирлери Есугей баатыр өлгөндөн кийин анын аялы Оолун беш бала төрөп, анын экөөн монголдон ал эми калган үчөөн кыргыздан тууган деп улама санжыраларда айтылат.

Улуу китепте:

Жармы төгүн жармы чын,

Жанында жаткан киши жок

Жалган менен иши жок.

Деген кыязда сонун ыр бар.

Ал эми чын окуянын кандай болгонун сабаттуу окуучум өзү сүрүп алаар.

Ал кездеги Улуу Кем( Эне Сай) дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздардын өңү, чачы жездей сары деп санжыра, китептерде жазылган экен. Бул жалганбы же чындыкпы ким билет. Бирок улама санжыра да чындыктын үлүшү бар экенин унутпоо керек.

КЫРГЫЗДАРДЫН ТЕҢИР ТООГО КӨЧҮШҮ

Бий касиеттү Эне Сай жеринен Теңир Тоого карай кетип баратты.Долон бийдин жанында үч досу сапар келатты. Алар Айчубак, Күнчубак жана Байчубак. Булар үчөө эгиз болчу. Бий ат үстүндө баратып касиеттү Энесай жериндеги балалыгын, өткөн күнүн эстеди. Төртөө жети жашынан баштап аңчылыкка барып, багыш, аюу, түлкү аткан сонун учур эмес беле. Ошондо токойдо жүрүп, мүйүзү каркайган бугу атып алып, союп этин отко куйкалап жеп аябай тойлошкон. Ал күн төртөөнө керемет эле. Ошентип алар жашынан аңчылыкка үйрөнүп, жаа менен ар кандай аңдарды атып, куйкалап жеп, көп күндөн кийин кайра үйлөрүнө келишкен. Анын балалыгы Миң Суу өзөнүндө өтпөдүбү. Долон бий ошол касиеттү жерден кетип баратып: «Кайыр кош!» Ал бир жагы токойго барып такалган Ырыскан өтөктү карады. Өтөктүн аягында кыргыздардын күмбөздөрү бар. Анда жоокерлер курал жарактары, кийген кийимдери менен катар коюулган ата-бабаларынын сөөгү жатат. Алар өздөрү менен эң кымбат буюмдары алтын, күмүштөн жасалгаларын көшө көмүшкөн. Берега ата-бабасы өз колу менен жасаган бал-бал таштар жатат. Тее берегиде бугу баласын эмизип турат. Долон бий аны суктануу менен карап турду:

– Кагылайын ыйык жаратылыш! Ыйык бугу кош бол! Ата-бабам өскөн мекеним кайыр кош!

Аңгыча Долон бийдин үстүнөн кыраан бүркүт айланып, тээ береги асканы карай учуп баратты. Кыраандын көзү көрөгөч ал жерде жөрмөлөп бараткан чычканды да көрөт. Ушул жерди көптөн бери эки бүркүт уялап алган. Атасынын тааныштары ушул аскадан балапан кармап таптаар эле. Алар өтө кыраан болчу.

Ошондо Долон бийдин жанындагы Омонок, Аваат, Канды сүйлөшүп жатты.

– Бул түрү суук канкор Темүчүн далай элдин канын суудай төгүп агызат го.

– Мунун күчтүү черүүсү жерди каптап келатат.

– Баары бир мунун алдын тосо албайбыз.

– Ошондуктан Теңир Тоого кетип кыргыз тукумун сактап калалы.

– Аз кыргыз көп жоого жем болбосун.

– Элдүүлүгүбүздү сактап калалы, элибиз тербип жок болуп кетпесин.

– Кудай теңирим колдосун!

– Тукумубуз жок болбосун.

– Көрүнгөн жакка тарап кабары билинбей калбасын.

– Элибиздин жери Эне Сайды, Алтайды, Теңир Тоону бөтөн эл конуштап албасын.

– Булар башынан кыргыз бабаларыбыз жердеп келген.

– Жаратканым сактай көр! Теңир Тообуз, Ала Тообуз, Ысык Көлүбүз башкалардын колуна өтүп кетпесе экен.

Ошентип Долон бийдин көчү Теңир Тоого карай калмактардын черүүсүнөн сактанып илкип-калкып сапар алды. Көчтүн алдында жоо жарагын алып,

Аваат, Аратай, Бөлөкбай жигиттери менен коргоп кетип баратты. Шайдоот жигиттер көчтү узатып, жолдо калмактар менен эки-үч жолу кагылышуу болуп, жоону кылычтап, кууп салышты. Көчмөндөр эчен сууну кечип бел ашып, таш басып, көптөгөн ашууну артка калтырып, өздөрү самап сагынып, ата бабасы өсүп, киндик каны тамган жерине келишти. Көчүп келген кыргыздар ээн-эркин калмак чапынынан алыс жашашты. Бирок Темүчүндүн черүүсү улам берилеген сайын калмактар Теңир Тоого жакындай баштады. Монголдордн сүрүлгөн калмактар менен кыргыздардын ортосунда көп кагылышуулар болду.

ДОЛОН БИЙ

Ошол бир жылдары Рыскандын аялынын боюна бүтүп, ай күнүнө жетип, бактылуу күн келип, эркек төрөйт. Карыялар азан чакырып баланын атын Долон койду. Бат эле закымдап дагы эки жыл өтүп, эне дагы эркек төрөйт. Анын атын Долондун иниси деп Добул атаптыр. Рыскан эки балалуу болдум деп эл чакырып, чоң той бериптир. Акылдуу эл башкарган адамдын балдары эмеспи, экөө тең эс-акылдуу болуп чоңоюшту. Атасы сыяктуу алар да эл башында бий болуп, Долонбий, Домбулбий болуп санжыра-тарыхта калышты.

***

Баягы санжырачы карыянын Долонбий жөнүндө дагы бир санжыраны айтканы эсимде. Долонбий элүүгө чыкканча балалуу болбой жылдызы төмөн түшүп кейип жүргөн экен. Анын келишимдүү жылдыздуу эки аялы болуптур. Жаратканым Долондун муң-зарын уктубу, эки аялы тең эркек бала төрөп салды. Бирок кичи аялы кыз кезинен эле оорулу болуп, ал төрөттү көтөрө албай, каза болуп калат. Өлүмгө айла жок экен эмне кылат. Тагдырдын ошол катаала соккусуна баары көнөт. Кичүү аялынын баласын улуу аялы кың эттирбей багып алып, улуу балага оң эмчегин, күчүүсүнө сол эмчегин эмизип жүрдү. Улуу балага Абыл, кичүүсүнө экөөнүн атын уйкаштырып Кабыл деп атады. Абыл менен Кабыл чоңоюп келатты. Абыл ак жүздүү жаадыраган ичинде кири жок, ачык кол берешен жигит эле. Аны «Акуул»– деп аташты. Кабылдын өңү жаратылышынан куу келип, ошого байланыштуу митаам, өзүмчүл, мактанчаак жайы бар эле. Аны эл «Куууул»– деп аташты. Агуул эненин оң эмчегин эмгендиктен анын тукумдарын «оң», ал эми Кубул эненин сол эмчегин эмгендиктен анын тукумдарын «сол» деп аталып калды. Агуул башынан мырза чалыш, төрө пейил, сылык сыпаа, ачык кол, чынчыл жигит болуптур. Ал эми Кубул колдон суурулган, шумпай чалыш адам экен.

Карыя мага алтын шилекейин чачыратып ушуларды көп жолу баяндап берген эле:

– Балам билбейм, ушундай болгонбу же башкача болгонбу аны ким билет. Мен бул уламаны бала чагымда бир чоң атаман уккам. Ал мага ошол ата-тегиңди унутпай жүр, буларды жанагы ак кагазыңа жазып ал, – деп айтып берген эле. Карыя өзүнүн сөзүн ыр менен аяктаган:

– Ай балам ай, балам ай,

Алдыңдагы кашка жол.

Ал кашка жол башка жол,

Ата- бабаң ашкан жол.

Алты шумкар сабалап,

Учуп өттү бийиктен.

Акылсыз деп, аташат

Ата-текти билбесең.

Жети шумкар сабалап,

Учуп өттү бийиктен.

Жетим уул деп аташат,

Жети атаңды билбесең.

Акылман карыянын улама ыры эсимен кетпей алыптыр.

Анын санжырасын уулдарыма, неберелериме айтып бергим келет. Албетте ал карыя менен жолукканым мындан көп жыл илгери болгон. Ошол санжыра унутулуп калбасын деп ак кагазга түшүрүп койгом. Бул улама чынбы калппы ким билет. Бирок улама деген улама эмеспи, аны кабыл алыш ар бир адамдын өз эрки эмеспи.

***

Долон бий небак эле касиеттүү ата-бабасы өскөн Теңир Тоого келип кыргыздар жакын уруулар менен табышып өз турмушун өткөрүп жаткан чагы эле. Алардын жашоосу көчмөн болгондуктан биринчи жерден экинчи жерге көчүп-конуп жүрүшкөн.

Касиеттүү Теңир Тоого дагы Чынгыз хандын жоокерлери жакындап калган чагы эле. Алар чыгыштагы баардык жерди каратып, баш ийбегендерин жок кылып, талкалап, өрттөп келатты.

ДОЛОН БИЙДИН ЭРДИГИ

Калмактар Эки Нарын дарясынын аралыгын ээлеп алып кыргыздарга күн көрсөтпөй турушту. Калмактардын Эрдене баатыры өз журтунан жигиттерди бириктирип, кыргыз жерине каракчылык, басып алуу, барымта, мал уурдоо иштрин токтотпой жатты. Мына ошол күндөрдө Долонбий элдин камын ойлоп катуу санаага батты. Бир четинен түштүктө уйгурлардын кошууну кыргыздарга бүлүк салып турса, жанында калмактар кыргыз жерине кызыгып ыдык көрсөтүп турат. Бий бир канча жолу калмак тайшысына Эрдененин кылык жоругун эскертип кабарлады. Тайшы «Аны менен өзүңөр эсептешип алгыла, мен бир канча жолу эскерткем»– деген кайдигер жоопту айтты. Бий ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры көпкөлөң тарткан Эрдененин тизгинин бир кагып эсине катуу салып коюуну ойлонуп жатты. Ал жигиттерди курап, түн ичинде ополоң-тополоң кылса деле болмок. Бирок ага барган жок. Көпкөлөң калмактар өчөшүп алып, кыргыз жерине катуу соккуну уюштурушу мүмкүн. Ошол үчүн ал Эрдененин кошуунун Эки Нарын дарыясынын аралыгы кенен жерге эр сайыш мелдешин өткөрүүгө чакырды. Беттешүүнү бугу айынын ортосу ченге белгиледи. Ошол күнгө карата кыргызд эр сайышка чыгууга бир канча жигиттерин даярдашты. Кыргыздар өзүнүн күчүн чыңап, темир эритип найза, кылыч, калкан жана башка куралдарды жасап жатышты. Акыры эки кошуундун болжошкон күнү да келип жетти. Кыргыздар үч жүз кошуун менен мелдеш өтүүчү эки дарыя аралыгына көк туусун желбиретип шаңдуу түрдө келип калышты. Калмактар ошончо эле кошуун менен өздөрүнүн туусун желге желбиретип жетип келишти. Эки тараптын баатырлары катуу ойлонуп турушту. Эр сайышка ким чыгат, ким-кимди аттан оодара сайып түшүрөт. Эр сайыш күч алып кетип, эки кошуун согушуп кетиши да ажеп эмес эле. Анда ушул жерде катуу майкан согуш жүрүп, далай баатырдын башы кетип, далай энелер жаш төгүп, далай балдар атасынан айрылып калмак. Эрдене элдин камын ойлобой өзүнүн күчүнө гана ишенген көпкөлөң тарткан пенде эле. Долонбий кандай болбосун Эрденени бир эсине келтирип коюуну ойлоп турду. Мындай көпкөлөң пендени бир эсине салып койсо, экинчи жолу баш көтөрүү кыйын болуп калаар эле.

Найза сайыш башталган турат. Калмактар да, кыргыздар да оңой жоолордон эмес. Байыртадан бери элдешпеген катуу душмандардан. Алардын алдында эки жол турат. Биринчиси катуу кармашып, бирин-бири жер үстүнөн жексен кылып, түбөлүк багынтып алуу же, бир-бирине жоо болбой тең ата чек араны сактап, аман-эсен ынтымакта жашоо. Темүчүндүн ушундай оор капсалаңдуу күнүндө эки элге экинчи жол гана керек экенин билип турушту.

Эки кошуун бетме-бет болуп бирин-бири карап турушту. Эр сайышка калмак тараптан чоң чабдар ат минип шыргыйдай узун болуу жотолуу Эркашка баатыр чыкты.

Калмак тарап:

– Эркашка!

– Эркашка!

– Эркашка!-деп үн салып жатышты.

Кыргыз баатырларынан үчөө атчан бийдин жанына келип:

– Мен чыгам

– Мен чыгам.

– Эркашкага мен чыгам.

Долон бийди тиги калмак найзакери эң эле жотолуу келип, карлуу экени оңой баатыр эмес экени сезтентип турду. Бий жанагы үч азаматка карады да:

– Дагы найза сайышка кимиңер чыгасыңар?

– Мен.

– Мен чыгам,-деп аркы жактан үч азамат кыйкырык таратты.

– Кимдер?– деп жоон үнү менен ошол жакты карады.

Бий узун бойлуу жеерде атчанды чакырды.

– Мен чыгайын кадырлуу бий калмак баатыры оңой жоо эмес.

– Ооба Самансур сен ушул калмак баатырына барабарсыңбы?

– Ооба бийим мен чыгып көрөйүн.

– Сенин минип турган атың начар экен алдырып ийип жүрбө.

– Атты алмаштырайын, бул жаныбар өкүм эмес эң эле жалтак.

Бий арыда турган жотолуу акбоз атчан жигитке кайрылды.

– Сенин атың өкүм экен бербесиңби?

– Ат жерге кирсин берейин,-деп атынан түшүп, тизгинди Самансур баатырга карматты.

Самансур баатыр акбоз атты мингенде кадимки баатырдын элесин берип, башкаларды сестентип турду.

Ал акбоз атты минип болкоюп баатырдын элесин берип атын таскактата жөнөдү. Кыргыздар:

– Кыргыз!

– Кыргыз!

– Манас!

– Манас!

– Самансур!

– Самансуп!– деп кайраттуу үн сала башташты.

Эки баатыр бир-бирине кезек беришкен жок. Түз эле найза кылычты пайдаланып, ач карышкырдай болуп катуу кармашка өттү. Кылыч чабуу жагынан Самансур баатыр кыйын экен. Калмактын баатыры Эркашка калканын тосо коюп, Самансур баатырдын чабуулунан коргонуп жатты. Экөөнүн кармашы бир далайга созулгансып жатты. Калмактын аты өкүм экен Самансурду жөөлөтүп кеткенге аракет кылып жатты, бирок Акбоз ат дагы оңой эмес кенен төшүн тосуп анын каршылыгына оңой эле коргонуп жатты. Ошол кезде калмактын аты обдулуп келип, Самансур баатырды урду эле, кыргыз баатыры аттан шыпырылып түштү. Кыргыз тарап эмне болду деп, беш алты жигит Самансурга карай чапты. Эркашка ат тизгинин буруп ары бастырып кетти. Кыргыздар чаап келип, Самансур баатырды тегеректеп калышты. Чындыгында баатыр эч нерсе деле болбоптур, болгону атынын басмайлы үзүлүп, кулап түшүптүр. Кыргыздар аны атына мингизип алып кетишти.

Эки тарап бул кармаштан кийин бир азга тынчтанып калышты. Калмак тараптан ким чыгаар экен деп күтүп жатышты. Алар чогулуп бир азга аңгемелешти. Анан калмак тараптан Кара аргымагын минип Эрдене баатырдын өзү чыкты. Жарыктык Эрдене баатырдын Кара аргымагы бир укмуш кулпунуп күчкө келип турган чагы экен. Жылкы жаныбар ар бир адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Жал куйругу төгүлүп, кара жүндөрү жылт-жулт этип чагылып, аябай чоң буудан экен. Эрдене баатырдын кийинген зооту бир укмуш. Ал мактангандай эле бар окшойт. Калмак тарап «Эрденеге ким чыгаар экен»– деп күтүп жатты. Эки-үч баатыр «Мен чыгам» -деп үн салды.

Долон бий:

– Силер чыкмак белеңер Эрдене чыккандан кийин мен чыгам.

Ошентип Акбоз атын минип найза сайышка Долон бий чыкты. Эрдене баатырга караганда Долонбийдин кийгени өтө жупуну эле. Эрдененин боюу бийик, бирок эмнегендир копол көрүнөт. Долон бий узун бойлуу денеси бүт тарамыш сөөк-саактуу, боюу чымыр тартып, кармаганын кайыштыра кармачудай түрү бар. Эр сайыш башталды. Булар кезектешип туруп бербей эки бөлүнүп бир-бирин качырып келип сайышууга өттү. Калмак баатыры найзасын Долон бийдин жүрөгүнө багыттап уруп өтмөй болду. Кыргыз баатыры калмактын найзасын чокмор менен бөлө чаап түз эле кылычташууга өттү. Эки баатыр кылыч менен качырыша уруп, бир-бирине алдырбай турду. Эрдененин бара-бара алы кетип баратканын Долон бий түшүнүп, эми тартынбай кайрат менен чабуулга өтсө калмактын сези кетип калаарын бий билип калды. Долон бийдин соккусун калмак калкан менен коргонуп, душманды өзүнө жакын жолотпойт. Калмак чокмор урганга өтө ыктуу экен. Эки жолу Долон баатырды оң жак карууга уруп өттү эле анын көзүнөн от чачырап айласы кете түштү. Долон баатыр эки-үч жолу калмактын чокморун калканын тосо коюп коргонууга өттү. Долон оңтоюу келсе калмакты кылычтап өтүүгө аракетинде болду. Алар бир-бирине оңой менен алдырбай коргонууга өтүп жатты. Калмак кылычын жогору көтөрүп кыргыз баатырын колго чабууга өттү эле ошол кезде Долон бий албарс кылычын калмактын оң колуна карай күч менен кайраттуу шилтеп калды. Калмак колун тартып алууга шаасы жетпей калды. Калмактын колунан кылычы ыргып, алды жагы кызыл-жаян болуп, катуу онтоп армандуу үн салып жиберип ал атын калмак кошууну тарапка карай бурду аргымак ээсинин оюун түшүнүп, «чу» кошуунга карай кирип жоголду. Далан бий жерди карады жерде калмактын кылычы анын жанында кан болгон беш манжасы жатканын бийдин кыраакы көзү көрө койду. Эки тарап эки баатырга эмне болгонун такыр түшүнбөй жатышты. Долон бий Акбозун чуратып кыргыз кошууну жакка кирип кетти. Салгылаш ушуну менен бүттү окшойт. Калмактар келген жагына карай бурулуп кайтып жатты. Көпкөн Эрдененени кылыч, найза кармаган беш манжа колу жок кылынганы белгилүү болуп калды.

Ошондон кийин калмактардын кыргызга кол салуусу такыр токтоду окшойт. Калмактардын элдешкис жоосу Монголдор болуп калган эле.

КАРЫЯНЫН БАЯНЫ

Анда- мында санжырачы карыя менен кезигише калганда алтын шилекейин чачыратып бизге өзү билген баянын тажабай айтып берет. Анын алтын сөздөрү биздин кулагыбызга жат болгон. Биз кээде «Ушунча баянды ал кантип унутпай жүрөт» – деп таң калабыз. Абышка теңир көктү ойго батып карап алды да, анан бир аз жайлана отуруп сөзүн баштоого киришти.

***

Анда мезгил жайдын ортосу болуп, күн ачык жаадырап тийип турган чагы эле. Долон бийдин кошууну Касиеттү Каркыра жайлоосунан көлдү аралап Нарынга карай кетип баратты. Чынгыз хандын кошууну кыргыздарды кууп келатты. Алдыда жол чалган эркектер бар. Эгер шектүү шыбырт билинсе, токойго же далдаа капчыгай, чуңкурга кире качат. Ал эми курал жаракчан жигиттер көчтү душмандан коргоп келатат. Жолдо чебердеп жүрбөсө жаман ушундай капсалаңдуу оор учурда монголдордун же калмак тайпаларынын черүүсүнө учураса, Долон бийдин аз кошуунун майкандап салышы ыктымал болчу. Айтпадымбы, бий өтө сак жана кыраакы эле. Кандай да болбосун чапкында калбай өз журтун аман алып калуунун камында болду. Балдарым ошентип, «Ажут-Мажут» деген желмогуз эл Теңир Тоого бобу биз турган ушул Ала Тоого каптап кирип келди. Бул жердеги кыргыздар жан айласы кылып ары-бери удургуп тентип кирди. Алар баягыдай эле түштүккө Жерге -Талга, Ош, Жалал-Абад жакка кача баштады. Ошентип биз турган жакка эң тынчсыз абал пайда болду. Согуштун жүзү курусун Чынгыз хандын жоокерлери эч кимди аяган жок. Шаарлар баш ийбейби, баардыгын жексен кылып талкалап келатты. Жердин үстү кан жошолонуп адамдар эмне кылаар айласын билбей калды. Жортулчуулар Каркыра жайлоосуна кирип келип ал жакты будуң-чаң кылып жатты. Жакшы куралданган монгол кошууну беш жүз эле ал эми, Долон бийдин кошууну миңге чукул болчу Жоокерлер каруу жарактарын белендеп, айбалталарын курчутуп, кылычтарын тапташты. Алардын айбаттуу айбаталары кыңгырап, кылычтары шыңгырап, өлүмдүн үнү угулду. Жоокерлер аттарынын көкүлүн сылап, чап өлөңүн бек тартып, көмөлдүрүгүн кыскартып, сол карысына калканын илип, бир жерде кернейлер бапылдап, да бир жерде сурнайлар шаңкылдап, добуш салып кыргыздарда ушул алаамат күндө өлбөстүктүн үнү угулуп турду. Ошентип эки кошуун качырып келип кармашка түштү Монголдордун кошууну аз болгон менен чыңалган кошуун экен. Ал эми кыргыздар каардана акыркы күчүн салып жоо менен катуу кармашка өттү. Ач кыйкырык, куу сүрөөн жүрүп, жер титиреп, ачык чөл күңүрт тартып турду. Добулбастар кагылып, сурнайлар азаптуу үндү берип турду.

Кыргыздар:

– Кыргыз!

– Кыргыз!

– Манас!

– Манас!

Монголдор дагы өз ураанын салып, кыргыздарды жапырып салууга аракет кылды. Бирок кыргыз тартынбас жоокерлери аларга айбат көрсөтүп жатты. Эр өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Жарадар эрлер көп, аттан кулап түшкөн баатырлар да көп. Асман кара чаң болуп, топурак учуп тоз болуп, не экенин билинбей, жердин бети көрүнбөй турду. Монголдун он башчысы ороктоп, жүз башчысы сороктоп турду. Медияндын чөлүндө эки күн катуу кармаш болду. Үчүнчү күнү араң согуш аяктады. Монголдор кыргыз жоокерлери жеңилбес эр экенин билип айлалары кетип арттан жардам сурап жатты. Кыргыздар да чоң жоготууга учурады. Эч бир жеңишке жете албай алсырап, айлалары кетип, Нарын тарапка ооп ошол жакка кокту колотту аралап жөнөөгө аракет кылды. Алар арттан монголдорго чоң жардам келеерин билип жатты, ошол үчүн бул аймакты таштап кетүүгө аракет кылды. Эгерде монголдорго жардам келсе анда кыргыздарды түп оорду менен тып-тыйпыл кылып кырып салаары белгилүү эле. Ансыз деле аз кыргыз жоокерлеринен монголдор чоң жоготууга учураганы белгилүү болуп калды. Долон бий айтты:

– Атаңын көрү карылык келип калган тура, анча согуша албадым,-деп кейиди.

Ошондо кыргыз аскер башчасы Карабаргы Долон бийдин жанына кара атын каргытып келип:

– Долон аба ден соолугуңуз кандай бизге кайрат бергениңизге ырахмат сиз жүз жигитиңиз менен Нарын тарапка көчтү сүрөп кете бериңиз биз монголдордун кошууну менен кармашып жүрүп отуралы, тагдырдын жазганын көрөөрбүз,– дейт.

Долон бий эс учун жыйып бир аз туруп, анан сүйлөй баштады:

– Суукка анын үстүнө душмандын соккусуна катуу учурап калбадымбы, кулагым каңырыштап, көңүлүм айнып, жер көчүп турат. Мен жүрбөгөн жер калдыбы, мен өтпөгөн бел калдыбы? Нарын, Ат Башы, Ак Сай жайлоолорунда жүрдүм. Алыскы Эне Сай өзөнүндө балалыгым өмүрүм өттү Монгол, калмак чапкынында кадым. Калмак чапкынында оң саныман ал эми желмогуз «Жажут-Мажутта» оң бөйрөгүм жарадар болду. Балдар силерге ишенем элди жоготпой, эл менен бирге болгула,– деген осуятын айтты. Баатыр алсыз болсо да кошуунду калтырууну каалабады. Ал алсыз болсо да кошуун менен бирге болууну каалады.

Ары баатыр, ары чечен, ары журт башчысы, ары санжырачы Долон бий өзүнүн өмүрүнүн аяктап баратканын билди. Бирок ошондо да акыркы майданга баатыр катары чыгып, элине туу казык болуп кайрат бергени сезилип турду. Баатыр элинин келечегин, элинин эртеңин ойлоп санаага батып турду. «Аз журт жок болуп кетпегей эле»– деп турду. Калмактар эч теке эмес, алар менен кармашып жеңип келгенбиз анын үрөйүн желмогуз «Ажут- Мажут» Чынгыз хандын кошууну учуруп турду.

Долон бий демигип туруп айтты:

– Мен жарадар болдум, көч менен кете берейин. Силер көчтү коргоп арт жактан келгиле, булар менен чебердеп кармашкыла, биз Нарын аркылуу түштүккө, башка жакка өтүп кетпесек айла кетип калды. Монголдордун мынча коп кошуунун эч убакта жеңе албайбыз.

Кара баатыр Долон бий менен кучакташып коштошту. Алар каза болгон кыргыз баатырларынын сөөгүн карга-кузгунга жем кылбай ариеттеп көмүштү. Кудайга жалынышты. Кыргыз эли, баатырлар «жок болуп кетпейли» деген улуу ойду ойлоп жатты.

Улама боюнча ошол монголдор менен болгон согушта Долонбий баатырдын канаттуу Кара жорго күлүгү кыргыздын бир тоосунда окко учуп өлдү. Баатыр жоргосун жоктоп, анын көкүл жалын кесип алып ыйлап турду:

– Касиеттүү жаныбарым, сени менен канча жыл бирге болдум, сенин талбаган канатың бар эле. Эми кош бол жоо огунда жок болдуң. Сени тиги чын дүйнөдө минип жоолрду бул жерден сүрүп жоготом,– деп ыйлап турду.

Ошол касиеттүү жер «Кара жорго» тоосу деп аталып калды деген элде имиш бар. Береги катуу согушта кыргыз баатыры Окторкой чоң эрдикти көрсөтүп, каза болгон жер анын арбагын сыйлап жоокерлер ошол аймакты «Окторкой» деп атаганын санжырачылар айтып жүрүшөт. Ал эми дагы бир кыргыздын алдуу күчтүү намыз бербес баатыры Оргочор дагы кыргыздарды коргогон тайманбас баатыры болуптур, ал дагы каза болуп ошол Монголдор менен болгон согушта каза болгон экен. Эл баатырын такыр унутпай ошол жерде «Оргочор» деп атаптыр.

***

Кыргыз көчү аман калууну айласын издеп Нарын аркылуу түштүккө карай илкип-калкып кетип баратты. Көчтү эр жигиттер коргоп келет алар тынымсыз көчүп келатты. Антпесе монголдор бул көчтү түп оорду менен жок кылып кеткен жатпайбы. Көчтү башкарып келаткан бийдин ден соолугу жок, анткени ал майданда жарадар болбодубу. Бийдин башы айланып салмактанып турду. Ал карыяларга айтты:

– Менин абалым начар атка да жүрө албайм го. Силер тынымсыз көчүп отуруп түштүккө кеткиле,– деп акырын алсыз үн менен айтты.

Ошентип бий төшөк таянып жатып калды. Бир кезде ал эшикке чыкты. Улуу тоого ай батып бараткан экен. «Менин өмүрүм жылдыздардай жайнап, ай сыяктуу батып бараткан экен. Кыргызыма эмне бердим? Кара башымы ойлоп аларга зыян кылган жокмунбу? Улуу алакандай журтка эсте калаарлык бир жакшылык жасадымбы?» Ал ушуларды ойлоп жатып, улуу адам бул өмүр менен коштошуп тиги дүнөгө түбөлүк учуп кетти. Анын жаны денесинен чыгып, ободо калкып учуп, түбөлүк өлбөс жакка кетти. Бийдин сөөгүн ариеттеп таза жууп, өзү басып өткөн, ата-бабасы көргөн касиеттүү Нарын тоосунун эл каттап өтүп турган чоң белине коймой болушту.

Туугандары үч жолу айтты:

– Бий кандай адам эле?

– Элдин таламын талашкан айкөл адам болчу.

– Бий кандай адам эле?

– Журттун камын ойлогон берешен адам болчу.

– Элди жоодон коргогон баатыр адам болчу.

Жыйылган элдин арасында үн чыгып жатты:

– Жаткан жери жайлуу болсун!

– Баатыр бийди түбөлүк унутпайбыз!

– Топурагы торко болсун!

– Эл коргогон баатырды эч убакта унутпайбыз!

– Бийдин жакшы сапатын кийинки муунга айта барабыз!

Журттун ушул үнү ай-талаага, аркы тоолорго шамал, жел менен угулуп жатты. Кийинки муундарга өлбөстүктүн шаңы, ата-бабанын урпактарга унутулгус дабышы тарап жаткансыйт. Айтылып жаткансыйт. Баатырдын сөөгүн жерге коюп жатып, денеси менен кошо өзүнүн сүйгөн тулгасын, кылычын, жоону сайган найзасын, айбалта, жаасын жебелери менен кошо, дайыма үстүнө түшүрбөй кийип жүрчү ак олпогун, денесине кийчү тор темирден токулган торгой көз бадана соотун, чарайнасын жана жоону дайма сак болуп караган дүрбүсүн кошо көмүштү. Ушундай шашылыш жоо каптап келген учур болсо да улуу баатырды урматтап, коюулган жерге усталар курч кескич менен бал-бал эстеликтерди орнотту. Усталар муну ары-бери каттаган адамдар билип, эрдикти унутпай, эскерип кетип турсун дешкен. Кийин ошол жерден булак агып чыгып, касиеттү тал өсүп, журт сыйынуучу жерге айланып кеткен экен. Кийин ошол жер «Долондун бели, Долондун ашуусу» деп аталып, Долон атанын сөөгү коюлган касиеттү ашуу азыр деле ошондогудай турат. Азыр деле ал жер кыргыз эли үчүн сыймыктуу. Ал жерге улуу баатырга куран окуп, эскерип өтүп кетишет. Жел согуп, шамал болуп, жаз, жайды айландырып убакыт өтүп турат. Ал ашуу тили болсо өткөн тарыхты санжыра кылып айтып бере алаар эле. Аны билген карыялар да небак өткөн. Ал баян улама-санжырада гана сакталып калган.

Көч касиеттү бийдин ариетин өткөрүп бүтүп, жоодон коргонуш үчүн түштүккө карай илкип-калкып көчүп кетип баратты.

***

Улама санжыра боюнча Долон бийдин үч аялы бар экен. Эң биринчи аялы эгиз Агуул, Кубулду төрөйт. Кийин кытай кызына үйлөнүп андан Моңмош деген уулду болот. Бий аны «Кыздан төрөлгөн уулум деп аны Кызылуулум» деп атаган экен. Агуул менен Кубул бой жетип, атасы сыяктуу эр болуп, эр уулу менен тең болуп, келаткан эле. Агуул айтты:

– Журтка мен бийлик кылам.

Кубул да намыс бербес өтүмдүү курч эле ал айтты:

– Жок журтка мен бийлик кылам, элди кичүү иниси башкарыш керек.

Агуул токтоо кайраттуу, «элге пайдамы тийгизем» деген, кең пейил жана жайдары күлкүнүн элеси жүзүнөн төгүлүп турчу. Ал журт башкарууга жаралган эле. Ал эми Кубул өтө өкүм, кайраттуу ошонусуна карап кээ бир ишти өзүнүн ыңгайына карап чечип, калыстыгы жок сыяктуу эле. Бийлик талашып экөө эрегишип кетти. Эки туугандын эрегишүүсүн билип журттун улуу адамдары Эсенгул, Баймөңкө жана башка касиеттүү адамдар баарын Баргы байбиченин үйүнө чогултуп, ак сакал улуу карыя айтып турду:

– Кагылайын Баргы келиним мына журт көрүп турат, булардын кимиси улуу, кимиси кичүү,– деп балдарды тууган энесине кайрылды.

Ошондо Баргы айым карылардан ыйбаа кылып, башын жерге салып айтты:

– Агуул оң бөйрөгүмдө болчу ал биринчи төрөлдү, Кубул сол бөйрөгүмдө болчу ал андан кийин төрөлдү,-деген экен.

Ошондо сакалы белине жеткен жүз жаштан небак ашкан карыя акылман сөзүн айтып турду:

– Кагылайын Агуул сен оң бөйрөктө жатып биринчи төрөлүпсүң, Кубул сен сол бөйрөктө жатып экинчи төрөлүпсүң. Кыргыз салты бюнча улуусу эл башкарат. Анткени жол улуулата келет да. Ал эми сен Кубул бул атадан калган дүнөгө ээ болгун бирок, байлыктын баарын өзүң албай эл менен бөлүшүп, эл менен туугандарың менен бирге болсоң кор болбойсуң. Эл бактылуу болсо, силер да бактылуу болосуңар. Ата-бабаңар эл башкарып, журтту тескеп жүргөн кишилер болчу, силер дагы чабышпай ошолордун жолуна түшүшүңөр керек,-деп карыялар туугандарга акылдуу сөздөрүн айтып, эненин сыйын көрүп, бата берип, чыгып кетишти.Тарыхта Агуулдан төрөлгөндөр оң, ал эми Кубулдан төрөлгөндөр улама боюнча сол болуп айтылып калган экен.

ТАГАЙ БИЙ ЖЕ МУХАММАД КЫРГЫЗ

«Санжыра элди бөлбөйт бириктирип жети

атасынан кабар берет».

Кыргыз эл макалы.

***

Алтын жерден чыгат,

Азамат элден чыгат.

Байыркы кыргыз эл макалы.

***

Тагай бийдин атагы

Далай ирет айтылды.

Анын атын билбеген,

Араңарда жан барбы?

Долон бийдин уулу Агуул башынан токтоо оор басырыктуу болуп, атасынын тарбиясында баатыр чалыш өстү. Антпегенде кантмек эле бир жагынан калмак, монгол татарлардын жортуулу башталып, кыргыздардын башына караан түн түшүп турган. Ал заманда балалуу болуп, аны чоңойтуу азап болчу. Анткени эки күндүн биринде душмандын чапкыны чыгып, колго түшүрүп, кул же күң кылып коёт. Жана тогуз ай көтөрүп денесинен чыккан баласынан айрылуу эне үчүн кандай тозок жана кайгы. Ошондо мындай армандуу заманда кыргыздар ыр чыгарышкан.

Кырларда кайыңдардын бетинде,

Тамга жокпу кыргыз балта чаппаган.

Өрөөндөрдө, жылгаларда, сайлар да,

Кыргыз жокпу кыргын болуп жатпаган.

Бул ырды акындар кыргыз эли азап-тозок көрүп жүргөн чагында жаратты. Бул ыр таштын бетине, аскаларга чегилип арман ыр болуп калды. Бул ыр адамдардын жүрөгүнө калып, муундан-муунга кайгы ыры болуп кете берди. Бул ыр тээ байыркы заманда жаралып, азыркы муундар кайгырып, капаланып окуп жүрөгүндө өткөндөн муңдуу элес калгандыгы сезилет.

Тагдыр жазып койгонбу Агуулдан: Адигене, Тагай, Моңош жана Наалы эже төрөлдү. Тагай төрөлгөндө атасы аябай сүйүнүп:

– Жоо жакадан алып турганда эркек тана болгону жакшы. Аман- эсен болуп, душман сүрбөсө да ат кайтарып берсе болду,-деп кудайга тобо кылды. Атасы Тагайга кичине чагынан жоокердик өнөрдү үйрөттү. Тагай олбурлуу бара-бара туурасы өсүп, денеси чымыр тарткан. Башкалар аны тике карагандан айбыкчу. Ал бала кезинен эле өтө шок жана ат жаныбарга өтө жакын болгон. Күлүк ат чаап чабандестик ишке өтө берилген. Атка чуркап келип, үзөнгү теппей секирип минеер эле. Бул жорукту көрүп аялы Бермет:

– Бул жоругуңуз жарабайт, салабаттуу эле үзөнгүнү тээп минбейсизби,-деп жактырбай каткырып күлүп калаар эле.

***

Ыраматылык Агуул эрте кырчын кезинде көз жумуп, Тагай менен Адыгене атадан жаш калды. Экөөнө баш көз болуп Наалы эже жүрдү. Эже эки бир тууганынын тагдырын өтө тынсызданып ойлочу эле. «Тагдырдын соккусуна учурап, жаш немелер жок болуп кетип Агуулдан тукум калбай калабы»– деп жатпайбы. Ошол үчүн Наалы эже турмушка чыкпай «Эки инисин чоңойтом»– деп ак эткенден так этип турчу. «Балтыр бели катып, чоңоюп алса, бой бербейт эле»– деп ойлоочу. Тагдыр ошондой болду. Наалы эже эки инисин «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» чоңойтту. Инилери да акылдуу экен Наалы эженин сөзүнөн чыкпай жакшы бой тартышты. А түгүл экөө кыргыз элин бириктирип, бир эл кылып, бири түштүктө бий болсо, экинчиси түндүктү башкарып, элге арка тирек бел болду. Ал заман Чынгыз хандын урпактарынан калган, азуусун айга жаныган Моголстандын заманы эле. Моголстандын ханы Жунус, анын уулу Ахмад, Халилдер кыргыздары эзип турган каардуу учур эле. Касиеттү Тагай бий элди эзгендерге жек көрүү менен мамиле кылып, жөнөкөй адамдарга арка бел, жөлөк эле деп улама, санжыраларда айтылат.

Кудайым шыбаа айтып койгонбу, кыргызда эр жигиттин бактысын алган жары ачат дейт. Анын биринчи жары Бермет бийге жарашыктуу аял боло турган. Ал бийдин ички сырын көзүнөн эле айттырбай билип турчу дешет. Ошону менен ал Тагай бийдин элге болгон ишин арылатып, журтка жакындатып, өзүмчүл эмес өз көмөчүнө күл тартпаган калыс эле деп карыялар сүйлөгөн уламаларда көп кеп болот.

Душмандар уу коргошун берип жок кылабы,-деп ага жаш кезинен уу коргошун таткантып жүрдү.

Уу коргошун ичип алганда.

Тагай бий такыр өлбөгөн.

Азабын көрдү жашоонун,

Ал пенде нени көрбөгөн.

Ат үстүндө баратып, жаа атып, найза сайып, кылыч чапканды эң жакшы көргөн. Адигене аны бий көтөрүп салды. Ал башынан эле адилет, калыс жана жолдоштору жемелеп турса да, оор басырыктуу көтөрүмдүү болчу. Жана бир нерсени будамайлап кетпей, чуу куйрук жайы жок ушул сапатынан эле башкаруучу хан же улук бий боло турган жөндөмү болгон. Ал кең пейил жетим жесирлерге кайрылган өтө кайрымдуу пенде эле. Адамда чынчылдык, боорукердик, токтоолугу жагы тоодой алтынга бергис улуу сапат болот эмеспи.

Биз уламабызда билгич карыялар айткан ошол бир баянга токтоло кетели.

***

Айлана аптап болуп ысыган жай чилдеси эле. Мал-жан күндүн тийген ысыгынан качып көлөкөгө умтулуп турган маал. Астыда шорлуу жерден туз топурактын үстүнө чыгып турат. Жолдо өскөн жапайы ак мамык дан, киргишен көп жылдык чөп. Булар ушундай шорлуу топурактуу жерди мекендейт. Жана эки жакты акмалап караган адамга кызылча, шакар чөп, баялыш, сөксөөл кездешет. Бадалдын түбүнөн кескелдирик чуркап, тигинде ысык кумда жылан оролуп жатат. Анда-мында канат кагып, кыска кайрыктарын созуп, чөл торгойу учуп өтөт. Мындай ысыкта жол жүрүү бир топ көңүлсүз, анткени күн ысыгы адамдардын талыкшытып, шайын кетирет. Көктө каалгый айры куйрук жерден бир нерсе издеп сызат. Адырдан ары тарп издеген жорулар учуп баратат. Көктө бирин-экин ак булуттар каалгый сызат. Ондой атчан жол менен кетип баратат. Күн дагы чыгыштан чыгып батышка сапарын улап кетип баратат. Алдыда акбоз жоргочон келишимдүү ак калпак кийген бутунда анжиян өтүк, колунда чеберлер жасаган жылан боор камчы. Күнгө күйгөн өңү кара тору, муруту өзүнө жарашыктуу койдуруп, көз карашы өтө сүрдүү, же аны адам карай албайт. Анын оң жагында жээрде атчан бийдин кеңешчиси жашы небак элүүдөн өткөн адам Бөлөй карыя. Сол жагындагы сары атчан сакал мурутуна али ак кире элек көзү өткүр, кыр мурун кара тору адам бул дагы бийдин кеңешчиси. Бий бир нерсени чечеерде ушулардын акыл-насаатына таянат. Антпесе болбойт, «Жалгыз адамдын акылы жарты акыл, көп адамдын акылы аккан дайра»– дейт эмеспи ата-бабалар, булар башынан бийге, андан мурун элге небак алынган калыс адамдар. Ошол үчүн бийдин кулаткан ташы ылдый эмес өйдө карай кулап жатат. Артында жети-сегиз атчан булар бир иш менен башка жакка сапар аттанып, жолочу болуп жол арытып келатат. Бийдин тобу сапар кетип баратат. Сапары ыраак. Бул жол жүрүп отуруп, тээ береги адырга барып, андан ары өр таяна жайлоого Арча Төргө өйдөлөй чыгып отуруп бийиктикке чыгат. Бий кайдан чыгып, кайда кетип баратат. Ким билет? Кээде адамдардын өмүрү да төрөлгөн жерден чыгып, мунарык оронуп алдыга кайып сызып кетет эмеспи. Алар кайып сызып отуруп кайда баратат? Биздин өмүрүбүз ашыга алдыга кайып сызган жок беле? Айтчы тууганым? Бийдин тобу кетип баратат. Жол кетип баратат. Күн ысык алдыдан токтоно албай термелип мунарыктын артынан закымдап мунарык сызат. Тоолордун башында кылайган булут жок. Булут болсо, шамал айдап ылдый сүрүлүп, бобереги каны катып турган талаага жаан төгүп кетсе, денесине суу кирип тирдене жашарып, өсүмдүктөр өсүп калаар беле?

Бийдин тобу кетип баратат. Асманда ыйык күн да чыгыштан батышка карай кетип баратат. Астыга жарыша кеткен чаңы учуп куп кургак уланган жолдор. Жарыша кеткен жолдо сапар кетип бараткан байыркы биздин бабаларыбыз. Бул жолдор менен кимдер өтүп, ким гана баспаган. Атчаны да өттү, жөөсү да өтүп, жамактата ыр төгүп ырчылары да өттү. Сын айтып сынчылары да өттү. Төрт буттуудан түйшүк тартып, түлкү өтүп, караңгыда кайыгып карышкыр өттү. Боз чаңгыл баскан ай-ааламдын, асмандын улук бийи күн эне болсо, бул бараткан адамдарга жол көрсөтүп, ээрчитип бараткан адам бий Тагай эле.

Бий минген акбоз беркилерден озуп астыга чыккысы келип, өкүмдүгүн көрсөтөт. Бий тизгинди тарта, жанындагылар менен тең келатат. буудандын тизгинин коё бербей ал бирдей укукту сактагысы келет. Жол жүргөн атчандар бат эле ээрчише дөмпөйгөн боз дөбөлөргө жете келип, алардын аралап баратып, эбак эскирип эскилиги жете жыртылып, куну кеткен, бир боз үйгө туш келишти. Арыда аркандалган жалгыз музоо. Жыйырмага жакын кой-эчки. Байланган кулун тигинде бир бээ оттоп, анын жанында музоосун жаш тууган бир уй турат. Бээ менен уйду саайт шекилдүү. Тагай береги боз үйдү ойго батып карап калды да ат тизгинин аргасыздан ошол жакка бурду. « Боз үй талаада эмне үчүн жалгыз калган? Жалгыз калышына эмне себеп? Бий бул боз үйдүн жалгыз калышында бир арман бар экенин сезди. Бий эски боз үйдү калтырып кете бербейт эле. Анын канында кайнаган журттун каны согуп турбайбы. Эгер ушул жалгыз калган боз үйдү таштап кетсе анын бий болгон даңазасы кайда? Артында келаткандардын жини келип, кеткенин өңүнөн билинип турду. Бий атынын башын каякка бурат? Ысыкта кейпи кеткен боз үйгө барып дагы көпкө отурат. «Биз ушинтип талаадагы жалгыз боз үйлөрдүн ар бирин кыдырып чыгабызбы»– деп ичинен күлгөндөр болушту. Ат туягынын дүбүртүн уктубу боз үйдөн кийми жыртык удаалаш чоңойгон эки бала көрүнүп, бирөө үйгө кирип, бир аялды ээрчитип чыкты. Күңгө күйгөн кара тору ургаачы башынадагы кара жоолугу небак эскирген, боз көйнөкчөн өңүндө «Дагы кимиси келатат»– деген убайым бар эле. Бир жигит чаап келип, бийди ээрден түшүрүп аттын чылбырын казыкка байлады. Келин келген жолоочуларга салам берди.

Бий жагымдуу:

– Карындашым бу дүнөдө барсыңбы, амансыңбы?

– Аманчылык, агам бар болуңуз, келиңиз,– келин дагы жаадырай бийдин суроосуна ылайыктуу жооп берди.

Бий алачыктын жанындагы талпакка көсүк басып, калгандары анын жанына кыркалакей отурушту.

Ак үйдөн дасторкон алып чыгып, жерге жайып, каймак, талкан койду. Анан көнөккө кымыз алып чыгып куя баштады. Отургандар дасторконго бата кылышты. Бий жыгач аякты алып, кудайга тобо келтирип, суусундукту кылкылдатып жута баштады. Баардыгы кымыз ичип жатышты. Ысык күндө жолочулар кымыз ичип жыргап, тамырына кан жүгүрө баштады.

– Кимдин жары болосуң карындашым?

– Оңолбайдын күйөөм жаздын башында сукка учурап каза болгон. Ачажору байдын койчусу эле. Эрим өлгөндөн кийин бай бизди журтка таштап көчүп кетти,– деп ургаачы жашын төгүп шолоктоп ыйлап жиберди. Жана көз жашын жоолугунун учу менен аарчып өзү сооронду.

Ойго батып баары жымжырт. Алар эки бала менен ай-талаада жалгыз калган аялды аяшты. Куу белде жалгыз калган үйгө үйгүшкөн карышкырлар келип кол салса эмне болот. Тагай бий жини келип:

– Ит Ачажору таякелери көк бет калмак эмеспи, кыргызды тартпай калмактарды тартып калганын карасаң, мен ага жети атасын таанытам.

Беркилер сөзгө аралашты:

– Ачажору калмак аны жасайт, жаасы катуу.

– Ал кийинки учурда бечараларды карабай калды.

– Бий ага элдин сөзү калмактарга өтпөй жатат.

– Өтөт байлыгын элге таратып керек болсо өзүн жылаңачтап таякелерине карай кууп жиберем. Карындашым капа болбой бир азга ушул жерде тура тур. Ачажорудан энчиңи бөлдүрүп берем. Андан кийин тээ береги Ала Көлдүн жанындагы Ар түркүн уурудан куралган курамаларга көчүрүп барам. Мен сага көз салып жардам бергенге жигиттерими жиберем. Алар сенин дайныңды мага жеткирип турат. Мен турганда эч нерседен капа болбойсуң, сен эми мени менен болосуң, жалгыз таштабайм.

– Ачажору бизге зыян кылбайбы?

– Жок эчтеке кылбайт. Зыяны тийсе тентитип жоготом.

Келин эмне деп алкаарын билбей калды.

Кетип баратканда:

– Бий ага ырахмат жетим балдарга берген жакшылыгыңызды эки дүнөдө унутпайм.

– Капа болбо карындашым, бардыгы оордунда болот,-деп аттарын таскактатып желдирип баратышты.

Жанагы созулган жол, топ атчандарды өр таянтып, жайлоодогу Бекназар байдын үйүнө карай алпаратат. Бабалар баскан ыйык жол.

Ошондон көп өтпөй эле: «Тагай бий күйөөсү өлгөн келинге элүү кой, беш жылкы, төрт уй, бөлдүрүп, берип, аны камсыз жерге көчүрүп барып, чоң жакшылык кылыптыр» деген кеп тарап кетти. Бийдин калыстыгы элге тарай баштады. Ага арызданып келип, каалаган максатына жеткендер өтө көп болгон. Эч бир адамдын тагдырынан кыйгач өткөн эмес. Тагай бийдин бир канча жардамчылары болгон. Ал ошолор аркылуу адамдардын тагдырынын оңолушуна дайыма көз салып турган. Мугамыр киши баласы жер үстүндө жакшылыкты көп жаратса, бактылуу адамдар көп болоорун ушул санжыранын өзү эле айгинелеп жатпайбы. Бийдин кан-жанына ошондой жакшы элес сиңип калган. Ал баардык эл бай-жарды дебей бактылуу турмушта жашасын дегени эле.

***

ЧОҢ ашка алыс-жакындагы паразаттуу адамдар келишти. Ал жерде ат чабыш, жорго жарыш, улак тартмай, төө чечмей иши кылып, кыргыз оюндарынын көп түрүнө байге берилди. Эл казганактап, күлүктөр эртең менен эле коё берилип, «эми кимдин күлүгү келеер экен» деп күтүп жатышты. Күлүк чапкан ар бир кишинин жылдызы асманга көкөлөп учат. Ал арада көп оюндар болуп өтүп, күлүктөрдүн келеер маалы чукулдады.

Адамдар:

– Астыда Желдеңдин Актуягы келатат.

– Ал Желдеңдики эмес Бөрүбайдыкы.

– Бөрүбай аны Желдеңден тартып алган.

– Бөрүбай оңбосун ал Желдеңди сыздатты.

– Анын үстүнө кудалары алдуу-күчтүү эмеспи.

Желдей сызган жаныбарлар учуп-күйүп марага жакындап келишти. Ак жоолук байланган чабандестер да ат үстүндө күлүктөргө олбуй-солбуй камчы уруп келатышты. Алар шамал менен жарышып, аттын кулагы менен тең ойноп келатышты. Кыргыз баласы нечен кылымдардан бери жылкы жаныбар менен сыймыктанат. Алдыңкы чабандес атына камчыны удама-удаа уруп, жылкы жаныбар марага өтө жакындап келди. Аны буюрса, чоң байге күтүп жатат. Тагай бий чоң акбоз аттын үстүндө күлүктөрдү суктануу менен карап турду. Өзүнүн Керкашка күлүгү үчүнчү болуп келатат. Ал аттын сырын өтө жакшы билчү эле. «Эмнеге мындай болуп калды» деп ойго батып турду. Ат туягы жараткан чаң улам берилеп келатат. Чаң менен кошо күлүктөр да берилеп келатышты. Адамдардын көзү күлүктөргө тигилет. Бий алдыда сызып келаткан Актуяк жаныбарды кызыга карады. Желдей сызган жаныбарды адамдар келиштирип жакшы таптаган экен. Күлүктөр марага тарсылдата туяк эше учуп-күйүп кирип келишти. Чакырымдар артта калып, жер үстү дүңгүрөп токтобой көчүп турду. Биринчи болуп Актуяк, экинчи Алкожонун Карагери, үчүнчү бийдин Керкашкасы чыгып келди. Өзүнүн Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Бөрүбай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий таң калды. Бул Актуяк Желдеңдин аты эмес беле. Эмне үчүн Бөрүбай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желдең Актуякты армандуу карап турат. Тагай бий чабандестин көрүнүшүнө боору ооруду. Бий жигити аркылуу Желдеңди чакыртты. Эриндери шамалга туурулуп, жүдөгөн чөөдөй сары, ындыны өчкөн чабандес Тагай бийге басып келип:

– Ассаломалекум бий, жакшы турасыңбы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.

– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.

– Ал меники эмес.

– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.

– Аны менден Бөрүбай тартып алган.

– Эмне Бөрүбайга карыз белең?

– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.

– Ошол элеби.

– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.

– Эмне үчүн?

– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.

– Ошол элеби.

– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.

Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:

– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.

Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.

– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.

– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.

Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.

– Ал күлүк кимдики?

– Меники.

– Желдеңдики эмес беле.

– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.

– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?

– Сиз бергенсиз Тагай бий.

– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?

Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?

– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.

– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.

– Жок Тагай бий       ал атамын жайлоосу болчу.

– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.

Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.

– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.

– Бий кечирип коюңуз.

– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.

– Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.

Тагай бий:

– Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.

Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.

Тагай бий каарданып:

– Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.

Эл Бөрүбайдын ач көздүгүн жек көрүп жатты.

Көп өткөн жок алкынган Актуяк күлүктү, бүркүттү алып Бөрүбайдын туугандары Тагай бийге ийлип кечирим сурап келишти. Бий Желдеңди чакыртып:

– Ме күлүгүң менен бүркүтүңдү алгын, эгер дагы Бөрүбай тийшсе мен анын жазасын мындан дагы катуулатам.

Ал байгенин баардыгын Желдеңге бердирди. Ошентип бул иш калыстык менен чечилди. Анын калыстык баяны эл оозунда тарап, жерден-жерди, элден-элди аралап жүрүп отурду. Тагай бий өтө калыс эле ошонусу менен эл-журтка алына баштаган. Ал жаш кезинен эле элдик адам болуп, эзилген адамдарга болушуп, байларга өтө ырайымсыз болгон, ошол жакшы сапаты элдин канына эчак эле сиңип кеткен эле. Бул көрүнүштөн төмөндөгүнү баамдоого болот. Калыстык болгон жерде баары оңолуп иш жакшы жагына көчөт. Эгер элде калыстык болбой журт бир-бирине күч колдонсо, ошол кыргыздар баш ийип турган кандуу Моголстандын оор заманында журт тентип кеткен жатпайбы. Тагай бий муну терең түшүнүп, элди бирдей тең укуктуу тартипте кармаган.

Тагай бий жаштайынан Бермет деген кара торунун сулуусуна үйлөндү. Бермет боюу узун, шыңга болйуу өтө акылдуу бийдин кеңешчиси болгон. Бийге көптөгөн туура акылды берген асыл жар эле. Анын Богорстон, Койлон, Сарбагыш деген балдары болгон. Айрыкча кичүү уулу Сарбагышты кыйналып жатып төрөдү. Ана төрөп жатып эне көрбөгөн азаптарды көрдү, Аз жерден төрөттүн оордугунан өлүп кала таштады. Ал баарынан ушул кичүү баласын жакшы көрүп аяган. Баланын мойну бир жагына тартылып кыйшык өсүп калды. Эне баланын мойнунун кыйшык өскөнүн көрүп аяп аябай жаны кейиген. Ал Тагай бийге ыйлап- сыктап:

– Самаркандык мыкты дарыгерлерге көрсөтүп баланын мойнун оңдотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.

– Ал кудайдан теңирим аны ошондой жаратты.

– Бирок ошондой болсо да баланын мойнун көрүп аны аяй берем.

– Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын көргөн адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген түпкү бабабыздын атынан койгом.

– Ошондой болсун, ошол баатырдын арбагы баланын келечегине жар болоор.

– Болот көрөөрсүң менин ишимди ушул бала улантат. Бул уулуман көптү күтөм.

Ошол иш ошол болду.

***

Айлана небак бозомук өңгө бөлөнүп, асман сургулт тартат. Мезгил жетинин айынын башталышы эле. Бир жумуштар менен Тагай бий беш жолдошун ээрчитип, белде кетип бараткан. Атчандар коктудан түшө бергенде өгүз минип келаткан бир адамга жолукту. Тагай бий аттан түшө калып, өгүзчөн улгайган адамга салам узатты. Тайгай бийди туурап беркилер да аттан түшүп, саламдашты. Алар ар дайыма бийди урматтап жүрөөр эле.

– Уулум жол болсун кайда жол улантып бараттың эле?

– Богорстон баламдыкыкнаа бараткам.

– Ал уулуң жакшы турабы, аялы ооруп жатат,-деп эшиттим эле.

– Жакшы болуп калды белдеги конушунан ылдый түшкөн, саламдашып ал абалын сурап келейин,– дегем.

– Аның жакшы уулуң менен кабарлашып турганың ийги иш.

– Өзүңүз кайда баратасыз?

– Кайда бармак элем үйгө эле.

– Атыңыз эмне болду өгүз минип?

– Каран калгыр өткөн кыштагы жуттан жылкы баласы кырылбадыбы.

Тагай бийдин өңүнө капалык келип, атынын тизгинин тиги карыяга карматты.

– Бобул атты минип кетиңиз.

– Койчу балам биздей карыяга өгүз эле жарашат. Бир бутум көрдө салаңдап турбайбы, муну балам өзүң эле мин. Бул жүз койго же бир айгыр үйрүнө алмашкыс камбар атанын асыл тукумунан тура.

– Жок ата астыңызга ат тартып жатам, колду уялтпай минип кетиңиз баркыңыздан ушул ат улук беле, мен алдагы өгүзүңүздү минип кетем.

Бийдин жанындагы адамдар жаалап жиберишти:

– Миңиңиз бий тартуулап жатат. Бий атсыз калмак беле.

– Капа болбоңуз, өгүздөн түшүңүз.

Жигиттер карыяны өгүздөн түшүрүрп, бийдин келишкен жорго атына мингизип, өгүздүн мурунтугун мүйүзүнө түрүп, коё беришти.

Карыя ыраазы болуп күлүп:

– Ырахмат Тагай балам, тим эле койсоң болмок, чоң жорго ат мингенде мен да бий болуп калбадымбы –деп токтоно албай карс-карс ыраазы боло күлдү.

– Тагай балам, Жар Кыянын этегиндеги Жылуу Булакта кыштоодобуз Ошол жер биздин турагыбыз. Убактыңыз болсо барып, үйдөн бир чөөгүн чай иче кет. Сени да ыраазы кылаармын балдар бар эмеспи.

– Жок ата, ошол да болмок беле биз эмне акылашып жатабызбы, чай ичип эле жүрөбүз, кол бош болуп калса, сөзсүз жолугам.

Тагай бий карыя менен коштошту. Бул карыя Тагай бий он беш жашында, тай үрөтүп жүрүп, азоодон жыгылып, буту сынганда аны таңып кадимки өзүндөй кылып айыктырган. Колу эмсек куранды арабча бүт окуган касиеттүү молдо пакиза таза адам эле. Ал кезинде түштүктөгү молдолордон динди терең окуган адам болчу. Тагай бий сол, оң канатка жана ички кыргыздарга мусулман динин таратып, аны менен элдин жан дүйнөсүн оңдоого киришкен адам болчу.

***

Эки күндүн биринде күн күркүрөп, айлана текши жаңы түргө өтүп, жаңы чөп өнүп, касиеттүү жер эне жаңылана баштады. Айрыкча нымдуу тескей беттерде өсүмдүктөрдүн өсүшү өтө тез. Коктуларда, түзөңдөрдө эртең менен туман калыңдап, күн суук болсо, өйдө карай өрдөп жылат.

Ушул туман каптап турган күнү Тагай бийдин айлына кочкор мурун кашкар чапан кийген көзү ачык сынчы келди. Аны бий коноктоп, анан үч баласын чакырды. Сынчынын алдына Богорстон, Койлон, Сарбагыш келип отурду. Сынчы үч баланы сынап көпкө ойлонуп отурду.

– Буюрса, булардын өмүрү узун болуп, маңдайында жылдыздары жанып турат. Бар болгула балдарым!-деп аларды кетирип жиберди. Улуу балаң Богорстондун тукумунан жортуулчу, баатырлар көп чыгып, элин коргойт жана элдин тогу болот. Булар жердин жакшы жерин ээлейт деген экен. Койлон балаңын тукумунан корооздонгон сыпаа кишилер көп чыгып, өзүн жогору санаган нымактуу эл болот. Акыры кичүү уулуңан эл бийлеген адамдар арбын болуп, ошондой эле баатырлар көп чыгат. Бирок такыр ынтымагы жок журт болот. Тукуму бир-бири менен жоолашып, чабыша берет,– деген экен кайгыланып.

Ошентип сынчы Тагай бийдин үч баласын сындады. Тагай бий сынчыга жорго мингизип узатты. Албетте байыркы санжыраларда ушундай баяндар көп айтылат.

***

Тагай бий балдарына жер бөлүп бере элек эле. Ага жакындары айтты:

– Ардактуу бий балдарыңа конуш бөлүп бер, алар ошол жерди мекендеп, душмандан коргоп, элин адилеттүү башкарганга үйрөнсүн,– дешти.

Убакыт көп өтпөй бий аксакалдар менен дөңдө отуруп, үч баласын жанына чакырды.

– Балдарым мен улгайып баратам, силер бой тартып калдыңар, мен силерге конуш бөлүп берейин,-деди ойлонуп.

– Улуу балам Богорстон сага Сары Өзөн Чүйдү кыраан ак шумкарымды берейин улгайганда берекелүү ушул чөлкөмдө ит агытып, куш салып, армансыз жашагын. Бул аймакты элиң душмандан сактап, журтуң бакубат турсун. Экинчи балам Койлон сага Мөмөсү бышып жетилген кереметтүү түштүк жерин берейин, үстүнө мингениңде суу төгүлбөс акбоз жоргому алгын. Ошону менен түштүк жеринде жорго салдырып, журтуң менен аман-эсен жашап жүрө бер. Үчүнчү балам Кылжыр сен улуу балаң Орозбакты менен касиеттү көлдүн эки бетин ээле, кичүү уулуң Дөөлөсбакты Нарын, Чоң Кемин, Кичи Кемин жерлерин мекендеп, Алатуяк күлүктү чаап өз жерин душмандарына жолотпой бактылуу жашасын жана дагы жер талашпай, уруу-уруу болуп чабышпасын ал жаман апаатка алып келет,– деп ата көп акыл-насаатын айткан экен. Эл дагы, балдары да бийге аябай ыраазы болду. Убакыт өткөн сайын анын кадыр баркы арта баштады. Ошол кезде бул чоң чөлкөмдү Чынгыз хандын тукумдары Моголдор башкарып турган экен. Алар каардуу эзүүчү, өздөрүнө каршы баш көтөргөндөрдү жок кылып турган. Тагай жалпы кыргыздарга бий болуп шайлангандан кийин, Жунустун уулу Ахмад, анын уулу Султан Халил анын иниси Султан Саид менен жакшы мамиле түздү, алар эмне десе ошону аткарып туруш керек болгон. Тагай бий бул чөлкөмгө айрыкча, өзбек, казак элине кадыр-барктуу болгон. Моголстандын ханы Тагайды конокко чакырып, жалпы маселени аны менен бирге чечеер эле. Моголстандын бийлөөчүлөрү Тагай бийдин кайратынан корккон. Алар бийди кыргыздарды бириктирип, Моголстандын бийлөөчүлөрүнө каршы чыгабы деп кооптонушкан. Бий азыркы Барскон аймагында жалпы кыргыздарга хан болуп көтөрүлүп, өзүнчө көз каранды эмес мамлакет болууга аракет кыла баштаган. Тагай бий өзүнчө күчтүү армия түзүп, армиянын тартибин Темирландын тактикасын пайдаланган. Бийдин жоокерлери Султан Саиддин жана анын уулу Рашиддин жоокерлери менен далай жолу беттешет. Акыры Могол бийлөөчүлөрү Тагай бий менен мамиле түзүп тынчып калышкан. Бирок Султан Саид тынч жаткан кыргыздарга чабуул коюп каргыз армиясы жеңилип калып, Тагай бий колго түшүп, Кашкарга ак үйгө алынып келинген. Аны жок кылуудан Моголстан бийликтери корккон. Аны ошол жерде бий катары кармап турган. Кашкарда Могол бийлөөчүлөрү Тагай бийге баардык шартты түзүп берген. Ага бул жерде жалгыз өмүр сүрүү көңүлсүз болгон. Ошол үчүн ал үйлөнүп алып жашоого мажбур болду.

Тагай бий хандын багын аралап көңүл ачып жүрдү. Ал бакта эмне деген гана өсүмдүктөр жок. Алыскы Коконд, Маргалаң, Кытайдан, Индиядан алынып келинген түркүн өсүмдүктөр, көз жоосун алган гүлдөрдүн ар кандай түрлөрү. Бак ичинде түркүн куштар үн безеп адамдын көңүлүн көтөрүп алда кайда бийиктикке жетелеп жүрүп отурат. Араакта көйкөлгөн мажүрым талдын түбүндө үч сулуу кыздын сүйлөшүп турганы Тагай бийдин көзү чалды. Ошол кыздардын ичинен бирөө бийге өзгөчө жагып туруп алды. Мойну койкойгон, кыр мурундуу, ак жуумал кара көз, кара каштуу, калың олоң чачтуу кулпунуп турган кыз эле. Тагай бийге ошол кыз өзгөчө жагып турду. Бий алардын жанына барып ийлип салам берди. Сулуулар Тагай бийдин саламын алик алышты. Бийдин көзү жанагы сулууга тигилип туруп алды, кыз бийдин көзүн тике карай албай башын жерге салды. Бий да кыздын сылыктыгынан ыйбаа кылды.

– Кайсы тараптан келдиңиз эле?

– Анжияндык кыргыз кызымын.

– Урууңуз кайсы?

–Карабагыш уруусунанмын.

– Тилиңиз өзбекке жакын го.

– Бизде өзбектер менен кыргыздар аралаш жашайт.

– Быякка кандайча жол менен келдиңиз эле?

– Бул жерде Алимжан агам бар. Хандын багын тейлеген эң мыкты адам. Мен ошону менен бир келгем.

– Ата-тегиңиз эмне иш иштейт.

– Дыйканчылык эгин эгип, суу сугарат.

Ошентип ар дайым кечте Тагай бий Зулайка менен жолугуп жүрдү. Акыры Зулайка да Тагай бийди жактырып калды. Бий үйлөнүү жөнүндө ханга өтүнүчүн айтты. Хан бийдин өтүнүчүн жактыруу менен кабыл алды. Экөө үйлөндү. Зулайка өтө боорукер, назик, эмгекчил ургаачы эмеспи. Ал экөө бир канча жыл жакшы жашады Бирок Тагай бийдин санаасында бир нерсе кетпей турду. Ал турак жайын ата-журтун туулган жерин сагынды. Эли журтум эмне болду? Арыда калмак чагымчылары турат. Ошолордун чапкынына кабылган жокпу? Балдарым Богорстон, Койлон, Кылжыр эмне кылып жатты экен. Жөнөкөй момун элинин жашоо шартын ойлонот.

Ардактуу Султан Саид бүгүн сый урмат үлпөт уюштуруп, үстөл үстү ар түркүн жер-жемиш, набат жана башкаларга толгон. Бийдин көңүлү ачылып, хан менен жакшы мамиледе сүйлөшүп отурду. Экөө анда-санда жүзүм шарабынан жутуп коюп жатышты.

Бий ханга туулган жерин сагынганын ал жакты бир көрүп келүүнү каалап турганын айтып өттү.

Экөө дагы көпкө аңгемелешти.

Хан бийди жактыруу менен карап:

– Баргыңыз келсе кайсы учурда жолго чыккыңыз келет?

– Улуу даражалуум, уруксат берсеңиз бара берсек болот эле, ата-конуш эмне болду, – деп эки көзүбүз төрт болуп жайнайт.

– Анда аз күндөн кийин кам-чомуңузду көрүп кайта берсеңиз болот. Моголстандын арстандары Чынгыз хан орнотуп кеткен чөлкөмгө үстөмдүк жүргүзүш керек. Алык-салыкты кемитпей учурунда жөнөтүп тургула. Эгер менин сөзүмө турбасаңар түп оордуңар менен чабылып азап тартып каласыңар.

– Ошондой болот ардактуу Султан Саид баардыгы сиз айткандай болот.

Ошол сөз ошол болду. Анан он беш күндөн кийин Бий ата ата-журтка кайтууга камынды. Кетеерде жары Зулайка таарынып:

– Эми кетесиңби мени кимге таштайсың?

Ортодо жымжырттык. Аз жылдар болсо да бирге жашап, бир-бирине мамилеси төп келишип, ынтымактуу өмүр өткөрүп жатышпады беле.

– Эмне кылам хан эркиндик берип, кетүүгө мезгил жетти. Биздин да душмандарыбыз көп эле, алар биздин элге кол салып, жерин талашып жатпаса болду.

– Мен тиякка барып, баш аякты жыйып кайра келип сени алып кетем.

– Кетишиңиз жүйөөлү болуп жатат, бирок менин боюмда бар эмеспи. Аны кандай кылабыз?– деп ургаачы көзүн жаштады.

Үн жок үйдүн ичин жымжырттык аралады. Бир гана кашка чымындын ары-бери учканы даана угулат. Бийдин жанында «кетпе» деп Зулайка жары көзүн жаштап турат, кетпейин десе ата мекени күтүп жатат. Тагай бий эки ыңгайсыз абалдын ортосунда калды.

Ал башын жерге салып:

– Эмне кылабыз тагдыр ушундай деп шыбырап жатпайбы,-деди.

– Мен эмне келип-кеткен кишиден эле боюма бүтүп калгандай таштанды аял белем.

– Жок антип ким айтып жатат. Сени ала кетем. Сен менин нике кыйган асыл жарым эмесиңби.

– Түндө түш көрсөм сиз тоонун ары жагында, мен тоонун бери жагында болуп калыппыз. Кыйкырсам да эмнегендир үнүм жетпейт.

Тынчтык. Дабыш жок. Эки ортодо аянычтуу абал өкүм сүрүп турду.

– Мен бир жолу кетпейм, Ала Тоо бул жерде эле эмеспи.

– Билбейм көп эле кишилер келип кеткен алардын аздары гана кайрылып келишкен.

– Сиздин келгениңиз, кеткениңиз мага эсеп эмес, кеп курсактагы балада болуп жатпайбы.

– Анда сени ала кетейин.

– Мен көчмөн турмушка ылайыксызмын, өмүрүм бир жерде өткөн. Анын үстүнө боюмда болуп турганда кантип жол тартам, күз күнү суук болуп турганда, суука кабылып жок болом. Катуу суукка чыдамым жок.

Тагай бий эмне кылаарын билбей калды. Ал Зулайканы сыга кучактап, аял бышактан үн чыгарып ыйлоодо. Бул ажырашуу аянычынын коштошуунун күйүтү болчу. Алар эртеңки армандуу ажырашууну ойлоп жатышты. Экөө түн боюу баягы жолуккан күнүнөн тартып, ушул кезге чейинки күндү бир баштан эскерип чыгышты. Тагай бий үчүн бул жер жакшы эле. Бирок тиякта ата-журту чакырып жатпайбы. Улуу тоонун тентек жели булуттары, шок суулары, ата-журту чакырып жатпайбы.

– Мен сиздин мекениңизге бара албайм, бирок баланы эмне кылам?

– Эгер жаратканым колдоп аман-эсен төрөп алсаң баланы алып кетем.

– Келип алып кете албай калсаңчы?

– Анда белгими берип кетем.

– Эмне белги?

Тагай бий ойлонуп калды:

– Менин белгим күмүш бычак болот. Ал белгилүү чебер устанын колунан жасалган.

– Эгер муну бала жоготуп же жол баратканда бирөөгө алдырып жиберсечи?

– Ага кошуп болот өгөөнү берем. Төштүк өгөө үчүн жердин жети түбүнө түшүп кеткен.

Зулайка ойлонуп калды да:

– Мелиңиз экөөн тең таштаңыз.

Ошентип алар түн боюу сүйлөшүп эскерүү түнүн өткөрүп жатышты. Анан эртеси таң агарды. Куштар сайрап, назик үн салды. Жакын жерден молдонун азан чакырган керемет үнү теребелге дааны угулуп турду. Кайра жашоо башталып, кайра өмүр уланып кирди.

Алар эртең менен саал кечиреек ойгонушту. Жана түндөгү бүтпөй калган маекти кайра баштап киришти.

– Атын ким,-деп коём? Бул баланын атасы ким болот?

– Атынбы, Айкөл Манастын кырк чоросу бар эле Карачоро деп, коёбуз.

– Бул бала Манаска чоро болобу?

Тагай бий күлүп жиберди да:

– Манас баатыр кыргыздын эгеси бийик күнү ал бизден мурун эле жашап өткөн чоро деген баатырдыктын элесин берет. Менин балам баатыр болсун же, улуу баатырга чоро болсун. Сен баланы агаң Калимжандын баласы деп атай бер анан мезгили келгенде ал түшүнөөр.

Зулайка Тагайды аянычтуу карап турду да:

– Мейли ошондой эле дей берейин. Ал агамын баласы болуп менин тарбиямда өсө берсин. Анан сиз бат эле келесизби?

– Кеткен бойдон келбей калмак белем, сөзсүз келем балким, сени да Ала Тоого ала кетеермин

– Аны байкайлы,-деди Зулайка Тагай бийге.

Зулайка бийге белекке деп сонун канжар, бат атма мылтыкты, ошондой эле аябай сонун келиштире сайылган бир нече жүз аарчы, жана башка майда барат оокаттарды берди. Мунун баары эстүү аял мени дайыма унутпай жүрсүн деген белги эле. Бийдин өңүнөн ыраазы болгон жылуулук төгүлүп кубанычка батып турду.

Айланага күздүн айы жаңы башталган эле. Келгиндер асмандан муңдуу үн салып түштүк тарапка сапар тартып учуп өтүп жаткан. Алардын коштошуу үнү чар тарапка угулуп, пенделер дагы бир сонун жайдын кеткенин арман менен эскерип турушту. Түштүктүн ысыгы башталып, али күчүнөн кайтпай турду.

Баш кошкондор ажырашмай болду. Тагай бий улуу өкүмдар жана ордонун адамдары менен коштошуп жатты:

Алар:

– Дагы келип турсаңыз экен.

– Биздин кыргыз туугандарга салам айтыңыз.

– Сапарыңыз байсалдуу болсун! Элиңизди ордого каршы алып чыкпаңыз, антсеңиз өмүрүңүз опурталдуу болуп калат.

– Жакшы барыңыз.

– Өзүңөр да жакшы калгыла силердин сыйыңарга ырахмат.

Дарбазадан ары Тагай бийди ээрчип Зулайка кошо барды. Аял чыдай албай айтты:

– Кайра келесизби?

– Сөзсүз келем сени таштасам да баланы кантип таштайм.

– Анда жолуңуз болсун!

– Өзүңө кара аман-эсен төрөп ал. Денеңе зыян болот оор нерсе көтөрбө! Ар дайыма жылуу жүр. Биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм, кыргызда Манас баатыр болгон. Эл чабылып, Каныкей эне төркүнүнө качып барып, анын уулу Семетей ошол таякелеринде өскөн. Качан он экиге келгенде ал ата конушун билип, ошол тарапка аттанган. Дагы айтам баланын атын Карачоро койгун. Кыз болсо өзүң бил. Сенин ата-тегиң кыргыз, болгондо да бийдин уулусуң деп айт!

– Макул айтам,-деп Зулайка Тагай бийди аянычтуу карады. Аялдын көзүнөн эки мончок жаш сыгыла агылып жерге түштү.

Тагай бий жана анын жигиттери аттарын камчылап, чоң сапарга аттанышты. Аттардын туягынын дүбүртү айланага угулуп турду. Зулайка атчан кетип бараткандарды телмирип карап турат. Атчандардын арасында Тагай бий бурулуп артын карады; бактын түбүндө ак жоолук салынып, бир аял турат. Ал жоолугун алып булгалады. Бул тирүүлүктө жолугабызбы же, жолукпайбызбы деген жышаана болчу. Экөө тең бири-бирин карап аянычка батып турат.

Ошентип бий кеткенине эки айдан ашканда ажарлуу Зулайка көз жармай болду. Ургаачы тынсызданат деги эмне төрөйм, кызбы же эркекпи? Эркек болсо баласын чоңойтуп Ала Тоого ата-журтуна кеткиси келди. Ушул жерде ысыкта какталып, тургусу келбеди. Андан көрө балдарын багып, боз үйүнүн жүгүн ат, өгүзгө жүктөп, тоо-талаада бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөн турмушта жашай бергиси келди. Зулайканы эки аял төрөттү. Төрөтү бир аз оор болду анткени менен аман-эсен төрөп алды. Атасы айткандай эркек экен. Кудайга тобо! Артыбызда аталар атын унуттурбай тукум улаар бала калат. Баланын атын Тагай бий айткандай кудайга жалынып Карачоро деп койду. Ошентип бала бирде ыйлап, бирде күлүп, мезгилдин өтүшү менен чоңоё берди.

Андан бери он эки ай кезек менен алмашып, он эки жыл өткөн экен. Ошончо жолу жаз келип, ошончо жолу кыш кетти. Карачоро ордодо иштеген Зулайканын агасы Калимжандын баласы болуп, ошолордун үй-бүлөсү менен кошо чоңойду. Ал Зулайканы «эже» деп чакырчу. Ал кечке кошуна балдар менен ойнойт. Өзү теңдүү уландарга караганда боюу бийик, атасын тартып жотолуу эле. Ошондонбу өз күчүнө ишенип, башкаларга кордук көрсөтө койчу. Береги майда балдар биригип, Карачорону оюндан четтете баштады. Анысы аз келгенсип:

– Эй, атасы жок бала.

– Таштанды.

– Атаң сени таштап мал бакканы тоого кеткен.

– Сен атаңы таап албайсыңбы?

– Атасы жок селсаяк.

Карачоро ушул сөздөрдү угуп балдарды сабап кирди. Кичинекей балдар жеткирбей качып:

– Таштанды.

– Эй, атасы жок таштанды.

– Кыргыз баласы койчунун баласы.

– Атаң сени «бакпайм» деп өз жерине кеткен.

Кичнекей балдардын ата-энеси Карачоро менен урушуп:

– Эй, дардагай кичинекей балдарга эмне тийишесиң.

– Таштанды,-деп жатат.

– Таштанды эмей эмнесиң атаң кайда?

– Таштанды эмесмин.

– Таштандысың Ала Тоого качып кеткен атаңы таап ал!

Продолжить чтение