Читать онлайн Бабалардын Урпагы. 3 китеп бесплатно
Темир- Канат айлымын,
Тектиринде теке жайылат.
Колотунан кой маараса,
Койчуманы аны кайырат.
Дүбүрттөгөн жылкылар,
Дүңгүрөмөдөн кайрылат.
Жылкычы айдап малдарын,
Жылгадагы жолго салат.
Койлор маарап үн салса,
Туулган жердин үнү угулат.
Асмандан бүркүт шаңшыса,
Ата- журт күүсү туюулат
Өмүрүм учат кайда ашыга,
Өкүнүчкө кабылгансып өчпөйүн
Дүр-дүнүйөм айлыма китеп жазып,
Дүңгүрөтө дүбүрт таштай өтөйүн.
«Арпа- Тектир, Ат-Жайлоо,
Колхоздун жери болгондур.
Күркүрөп аккан кең Көк-Сай,
Өрөөнү малга толгондур».
Бала күнүбүздө сүйүктүү Саяк агайыбыз биздин классик улуу акын, жердешибиз Жусуп Турусбековдун «Ленин жолу» деген ырын жаттатып айттырып калчу эле. Ошол ырды мен ушул күндө да ар бир сабын калтырбай айтып бере алам. Жусуптун жогорудагы төрт сап ыры мен үчүн керемет ыр. Бул куплеттеги Арпа-Тектир, Ат-Жайлоо деген жерлердин аттарын жазганы бизге ыйык табылгыс, калтырып кеткен таберик болуп жатпайбы. Биздин жайлоого акын келсе керек же, болбосо, эмне үчүн Арпа-Тектир, Ат-Жайлоо деп жасмак эле. Улуу акындын биздин жайлооубуздун атын атап кеткени кандай сонун нерсе! Бул биздин ата-бабабыз жайлап, кыштаган балалыгыбыз, бүт өмүрүбүз өткөн ата-конушубуз. Кереметтүү туулуп-өскөн жерибиз. Анан кантип, биз үчүн ушул ыр ыйык болбосун. Болгондо да улуу акын классиктин колу менен жазылып жатпайбы. Менимче улуу акын ушул жерди бала чагында бир канча жолу аралап өтүп, жакшы элестерди эсинде сактап калса керек. Ошол үчүн ырында жазып жатпайбы. Анткени туулган жердин ар бир карыш укум бөлүгү ар бир асыл адамы баарыбыздын байлыгыбыз, ошол үчүн туулган жер, Ата Мекен башталып, куралып жатпайбы. Мен бала чакта Көк Сай жерине суктанаар элем. Анткени ушул жерди Жусуп аралап кеткен жер болуп жатпайбы. Акындын ушул жерде өсүп төрөлгөнүнө суктанаар элем. Бул жерди ыйык жер деп эсептегем. Кийин ушул жердин көп жерин жөө аралап баскам. Анткени улуу акын Жусуп баскан жерди көргүм келген. Акындын аралап баскан жерин басайын дегем. Ошол ыйык жерди көрөйүн дегем. Ушул жерлер менин көзүмө өтө ыйык көрүнгөн
Жусуп үркүндөн кийин томолой жетим калып, көрбөгөн кордукту көрөт.
Көк-Сайдан дагы бир белгилүү акын чыгат, ал Жума Жамгырчиев болгон. Экөөнүн аты кыргыз адабиятында белгилүү. Бул жерден Жусуптун аталаш инисинин баласы, үч жолку баатыр Таштанбек Акматов, дагы белгилүү малчы, СССР дин мамлакеттик сыйлыгынын ээси Мина Кылжыров төрөлгөн. Бул чабандардын атак-даңкы да кыйлага кетпедиби. Ал эми акын Жусупту бүткүл Кыргызстандын көп улуттуу эли билет десе болот. Анткени анын чыгармаларын мектептеги ар бир окуучу окуп, жаттап, өмүр баянын шарылдата айтып жатпайбы. Акындын чыгармалары жалпы эл үчүн чоң рухий байлык.
Мен ыр жазууну үчүнчү класстан баштагам. Эң биринчи ырым көгүчкөн жөнүндө жазсам керек эле. Кулуке агайым менин ырларымды доскеге жаздырып, аны балдар дептерине көчүрүп, ошол жерден оңдоочу эле. Ошол күндөр али эсимден кетпей турат. Убакыт болсо өткөн күн жөнүндө эскерүү баян жазам го. Айыл жөнүндө үч китеп жаздым, эми төртүнчү китеби калды. Аман болсок аны да жазаарбыз.
Ошентип улуу акын Жусуп Турусбековдун төрт куплет ыры мен үчүн керемет ыр, аны көөнүмдөн чыгарбай, көкүрөгүмдө түйүп, аздектеп келем. Биз өскөн жайлоолорду, алтын балалыгыбыз өткөн жерлердин атын ырга салганы үчүн акын Жусупка миң мертебе алкыш !!!
«Арпа- Тектир, Ат – Жайлоо»
Албетте жердештеримин баардыгы бул китептерди окуп чыгат деген ойдон алысмын. Өмүрүндө бир китепти окубаган, китепке такыр берилбеген адамдар четтен эле чыгат. Аларды кантип китеп оку деп айтасың. Аларга малынын көп болгону, малынын туягы арбап элден бай жашоону каалайт. Китеп, обон, маданият ал башкача кеп. Ал адамдын жан дүйнөсү, же духовный байлыгы. Духовный бай адам баардык кезде бай болот. Духовный байлыгы жок адам жылаңач жарды адам. Мен жердештериме бул китепти сөзсүз түрдө окуп чыккыла деп айтпайм. Ал ар биринин өз эрки.
Мисалы өткөндөгү жетекчилер анын бир туугандары Чынгыздын чыгармаларын, Манас китебин өмүрүндө окуган эмес экен. Анан анда кайдагы духовный байлык Анын көзү эч нерсеге тойбойт. Ал канчалык бай болсо да, ошончолук итке минген духовный жактан жарды адам. Ошол үчүн алардын эч бир жакшылыкты күтүүгө болбойт. Өлкө жетекчилери керт башын ойлоп, журтту азапка салып эле келетпайбы. Бири чет жакка сайгактап качса, бири өзүнөн мурункусун түрмөгө камап. Анан кайдагы эл, кайдагы духовный байлык.
Ээ кудайым мен десең эл башчыга акыл бере көр! Эл башчы бузулса, эл бузулат, Журт башчы бузулса, журт бузулат. Башканы айтпай эле, өзүбүзгө келеличи. Хан Шырдакбек энесинин тилин албай, акылы жок аялынын тилин алып эмне болду? Акылы жок аялдын тилин алса, ошентип алтын байлыкты ала качып, эл журттан бөлүнүп, бир үңкүргө жашынат. Акылы жок туугандарынын тилин алса, жерин сатып, элди кырып, конуш издеп, чоочун жакка качат.
Манастагы алты арамдын жоругун, Көзкаман, Көкчөкөздү эстейличи. Демек элибизде азыр желе ошолр бар экен. Эл журт биз ошолордон сактаналы? Булардын жоругу караңгы түн менен кетсин. Башка кепке келеличи.
Кыскасы бул китепте өткөн ата-бабанын кубанычы, арманы, тилеги, кайгы капасы жазылгандыр. Бул китепте кечөөкү эле тирүү жүрүп көзү өтүп кеткендердин элеси аз да болсо жазылгандыр. Ошолордун элесин окуп, аларды эскерип алсаңар мен үчүн чоң кубаныч болот.
Азыркы жаштар тельефон чукуу менен алек. Мейли чукусун. Интернетке кирип, билимин өркүндөтсө, анда жакшы.
ЖЕРДЕШТЕРГЕ
Китеп бердим жердештерге Жогору кеткен атоолор төмөнкү:
Окуй жүрсүн анда-санда. 1. Баласы:
Ата-баба санжырасын, 2. Атасы:
Айта жүргөн жакшы да. 3. Чоң атасы:
Чыгарманы кор кылып, 4. Бабасы:
Чыла жерге таштаба! 5. Кубарысы:
Сабалатып санжыраны 6. Жотосу:
Сабын айткын башкага. 7. Жетеси:
Акылдуулар санжырадан, 8. Кылысы:
Аңыз кылып сөз таштайт. 9. Кыштымы:
Акылы жок кургурум,
Айтаарына кеп таппайт.
Санжыралуу баянды, Атадан төмөн кеткени мындай:
Тукумдарга калтырган. 1. Ата.
Анткени ал китепте, 2. Бала.
Аталар аты жазылган. 3.Небере.
«Жети атаңды сүргүн»,-деп 4.Чөбүрө.
Жети мурас сакталган. 5.Шыбыра.
«Бабалар жолун үйрөн» деп, 6. Тыбыра.
Балдарына тапшырган 7. Томпок.
Ата-тегин билбеген 8. Тоңгок.
Ата атын жоготот. 9. Жат.
Ата атын жоготкондор,
Аты аталбай кор болот.
***
Адырда учкан чакчыгай,
Арылап сызат карматпай.
Адамга уят болбогун,
Ата текти айта албай.
Бурулушта карагай,
Бузуку кеткен кыя албай.
Жети атаңды жаттап ал,
«Жетим уул»-деп аталбай.
***
Булл китеп жөнүндө кыскача пикир
Авторду бала күнүмдөн бери билем. Ал ошол мектепте окуп жүргөн чагында эле чыгармачылык менен алектене шугулданып, китепти көп окуур эле. Бала күнүнөн бери ыр жазганды таштаган жок.
Заман өзгөрдү, көптөгөн чыгармачыл адамдар өздөрүнүн жазгандарын таштап, чыгармачылыгынан кол үздү.. Ал эми Кадыр Абакиров калемин таштаган жок. Автор дүйнөлүк улуу чыгармаларды берилүү менен окуп чыккан. Анын жазгандарында ошолордун таасири байкалат. Автордун мүнөзү токтоо, ой жүгүртүүсү өтө терең, ар бир нерсени өтө этият баамдап, андан жакшы тыянак чыгара алат. Ошол үчүн анын чыгрмаларында учкул сапаттар бар экендигинин баамдоого болот.
Эмки сөз ушул китеп жөнүндө болсун. Бир айыл жөнүндө төрт томдук китеп жазуу оңой-олтоң иш эмес. Кээ бир адамдар үчүн өз айылы жөнүндө бир куплет ыр жазуу тирүүнүн тозогу катары сезилеер.. Ал эми автор төрт томдук китеп жазыптыр. Анын үчөө басууга даяр экен. Мен бул үчүнчү китепти берилүү менен окуп чыктым. Чыгармада эмне деген гана окуялар жок. Китепте санжыра, уламалар, кошоктор, белгилүү адамдардын аттары, иштеген иштери, сатира, күлкүлүү юмор, туулган жердин жаратылышы, алыста калган балалык, жаштык күндөр, кыскасы баардыгы шай келет. Баардыгы окуган адамдын эсинде түбөлүк кала тургандай. Адамдар кээ бир чыгармаларга ар дайым кайрылып, бөксөргөн рухун толуктап турушат.. Бул китеп да ошондой чыгармага айланыптыр. Кээ бир чыгармалар адамдын эсинде унутулбай калат. Ошол унутулбай эсте калган чыгарма – жакшы улуу чыгарма.
Азыркы айрым жаштар санжыра-санатка көр тирликтин айынан көңүл бура албай калышты. Мына ошолорго ушул китеп сөзсүз керек. Адам токтолгон куракка жеткенге чейин жети атасын элес-булас билет. Бул китеп ошол жети атасынын улама-санжырасын билгенге толук жардам берет.
Эми бул китеп жөнүндө ар кандай ойлорду айта берсе болот. «Тигини жазбаптыр, муну киргизбептир, начар жазыптыр»-деп каралап шыбаса болот.
Мындай санжыра-баян жазганга зор чыгармачылык дарамет керек. Керек болсо бир адам жөнүндө бир куплет ыр жазуу ойго келбеген мүшкүл иш болуп чыга келет. Ал үчүн ой жүгүртүүң терең болуш керек. Көптөгөн адабий чыгармаларды окуп чыгышың керек. Чыныгы чыгарма жазууга даярдыгың болуш керек. Ошондо барып сен ойлогон жумуш ишке ашат. Мен көп эле авторлорду билем алар өзүнүн айылы жөнүндө чыгармаларды өтө аз жазат, же такыр эле жазышпайт. Китеп жөнүндө көп сөз кылбайын. Мындай чыгарманы чоң сынчылар, окумуштуулар санжырачылар гана талдоого кудурети жете алат. Ал эми жөнөкөй адамдар бул китеп жөнүндө ар кандай ойлорду айтып туруп алат
Кыскасы эң жакшысы өткөн адамдарды эстөө, алардын образын ырга салуу укмуш сонун эмеспи, же чоң майрам. Сен алар менен бир кезде бир болгонсуң. Демек алардын элесин унута көрбө! Алардын ыйык элеси ошол чыгарма аркылуу эске келип жатпайбы. Кээ бири айтышы мүмкүн «Тигил, же бул адам жөнүндө толук жазбаптыр» деп. Андай болбойт ар бир адамдын өмүр баянын жазып туруп алса чыгарма болбой калат. Ал адамдын тарыхын өз оюң менен баамдап сүрүп ал. Автор ал адамдын образын кыскача гана ыр менен эскерип жатпайбы. Калганын өзүң баамдап ал. Акылың болсо.
Автордун мындан башка көптөгөн китептери бар. Кыркка жакын балдар үчүн жазылган сонун жомок китептери, ыр жыйнактары, аңгеме, санжыра, осуят-акыл, учкул сөз жана башка толгон-толгон китептер. Кыскасы ал өмүр боюу узанып келген чоң чебер, чыгармачылык куржуну толтура Мен авторго дагы ийгилик каалайм жана ар бир айылдык адам бул китепти окуп чыкса, көптөгөн асыл нерселерге туш болот. Жана жашоосуна кубаныч аралаарына толук ишенем. Ал өзүнүн туулган жерин сүйүп, биз билбеген нерсени билип алат.
Дагы айта турган негизги иш бул китептин жаралышына автордун кызы Жылдыз Абакирова чоң таасир тийгизген. Заман оорлоп, жашоо кыйындаган сайын акын чыгармачылыгын таштап койгонго чейин барган. Бирок, Жылдыз абабиятты мыкты билген көп окуган таланттуу кыз болчу. Ал атасына: «Ата, чыгармачылыгыңды, калемиңди таштаба! Андан көрө жомок жана санжыра жаз!» деп кеңеш берген. Натыйжада автор көптөгөн жомокторду, уламыштарды жаратты. Алардын баардыгын Жылдыз оңдоп бабына келтирип берди. Ал дүйнөлүк абадиятты терең билген кыз болчу. Мектепте жүргөндө эле чоң залкар күүлөрдү жакшы чертчү. Ал ушул өнөргө берилгенде чоң талант болмок. Кыргыз тилине караганда орус тилин мыкты билген. Баса дагы айта турган кеп, Айгүл Жүзөнованын агасы таланттуу композитор Эмил Жүзөнөв чоң обончу. Жүзөнова мыкты ырдай алат. Ошого байланыштуу Жылдыз ага обондуу ырлардын тексттерин жазып берип, ага да көмөгү зор болгон. Натыйжада Айгүл Жүзөнова көп обондордун автору болуп, обончу, композиторлордун областтык, республикалык конкурстарынын жеңүүчүсү болуп калды. Буюрса келечекте анын обондору жарык көрүп, эфирге чыгып калышы ажеп эмес.
Бул дастан китепти жаратууда Жылдыздын эмгеги өтө зор. Чыгарманы башынан аягына чеймн адабиятташтырып оңдоп, көркөмдөп, компьютерге түшүрүп китеп кылып чыгарууга чоң жардам берген. Жылдыздын чыгармачылык жардамы болбосо, бул чыгарма китеп болуп окурмандардын колуна тиет беле, ким билет? Китеп далай жылдар жата берип, азыр гана чыгарууга мезгили келди.
Мен Кадыр менен интернатта чогуу жатып окудум. Анын мүнөзү өтө токтоо салабаттуу ойчул эле. Жана колунан китеп түшчү эмес. Ал эң эле эрте туруп алып күбүрөнүп китеп окуй берчү. Ал филолог, тилчи болууну кааалаган. Ал кезде ал окуу жайына өтүү өтө оор болгон. Конкурс чоң болуп, филфак,юрфак, исфакка өтүү өтө оор эле. Он баладан бир бала гана өтчү, же ошол кезде эле пара болгон. Геофакты көңүлдөнбөй окуп, бүтүп алды. Улуу М. Горький, М. Шолохов, С. Есенин эч кандай жазмачылыкты окубай эле гениалдуу таланттар болду. К. Абакиров токойдо гүлдөп өскөн гүл сыяктуу жапайы талант. Анын ырлары, жомоктору, аңгемелери, сатирасы эмне деген чыгармачылык байлык. Ал өмүр боюу бир кесипти аркалап, чыгармачылыкты таштабады. Жана жөнөкөй эл менен болду. Айылда сугатчы, сакмалчы, балдар менен сарай салды, Базар кайтарып, аны тазалады. Талаага клубника, малина өстүрүп, араба сүйрүп аны базарга алпарып сатчу. Таалайга жараша чыгармачылыгын ыйык тутуп таштабады. Ал ошонусу менен бактылуу болду.
Зарыл Касымалииев.
Акын.жазуучу,ардагер,журналист.
Китепти адабиятташтырып, көркөмдөп, кайрадан оңдоп чыгып, компьютерге түшүргөн Жылдыз Абакирова
***
БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ ОЙ
Өзүңүн жазган китебиң жөнүндө сөз жазуу өтө оор. Эмнеден баштарыңы билбейсиң. Бирок китебиң чыгып жаткандан кийин баяндама сөз да болуу керек эмеспи. Китеп кантип жазылды, эмне үчүн жарыкка чыгыш керек, ал китеп кимге керек? Жана башка суроолор туулушу мүмкүн. Көп эле китепти окугам алардын баяндама сөзүн башка бирөөлөр жазып беришкен эле. Окуучулар ал китепти окуш үчүн чылгый мактоолор менен коштолуп жүрүп отурат. Окуган адамга кандайдыр бир рухий дух бериш керек. Сени кайратка, бөлөп, жан-дүйнөңү көкөлөтүп бийик абалда алып жүрүш керек. Ошондо сенин жазган чыгармаңын ийгиликтүү болгону, мээнетиңдин кайтканы билинип турат. Бирок бир нерсе бар. Ал окуучунун окуучулук табитине, деңгелине байланыштуу болот. Мисалы үчүн баардык эле окуучулар улуу акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын толук түшүнөт деген ойдон алысмын. Мисалы жогорку филология окуу жайын бүткөргөндөр А. Осмоновдун же Ч. Айтматовдун, Ф. Достоевскийдин чыгармаларын толук жеткиликтүү түрдө түшүнөт деген ойду ойлогум келбейт. Алардын чыгармасын түшүнүш үчүн окуучулук бийиктик керек. Баардык эле окуучулар Алыкулдун ырларын толук түшүнө берет деген такилипти айта албайм. Анын ырларынан ар бир окуучу ар башкача эргүү алат. Мен бул жерде окуучунун чыгармачылык даремети жөнүндө сөз козгодум. Анын даремети канчалык жогору болсо, окуган чыгарманын ошончолук сиңимдүү сынчыл көз карашта болоору талашсыз нерсе. Көп адамдар карандай турмуш менен алектенип жүрүп китеп окууну таштады, ал адамда эч бир окуучулук бийиктик болбойт. Өмүрүндө карандай турмуш менен алышып жүрүп, бир китеп окубаган адамдар толуп эле жатат. Аларда кайдагы сыпат болмок эле.
Эми кепти бул китеп жөнүндө айтайын. Биз совет учурунда төрөлүп ошонун тарбиясынын негизинде чоңойдук. Ал учурда ата бабанын санжырасы, же ислам дини жөнүндө эч бир түшүнүгүбүз болгон эмес. Дин бул- адамдын башын айланткан апийим деген таризде чоңойдук. Же болбосо ислам дининин төгүнгө чыгарган атеизим деген окуу болгон. Совет доору урады. Ата бабанын санжырасы кайтып келди. Санжыра айткан кишилерди «өзүмчүл экенсиң» дечүбүз. Ал эми куран окуп, намаз кармаган кишилерди түшүнүгү жок эски адамдар деп эсептеер элек. Чындыгында андай деле эмес экен. Ата бабанын санжырасын билип алсаң, ал деле сага жаман болбойт тура. Ислам дини менен жүрсөң тарбияң жакшы болуп, жаман ишке барбайт экенсиң. Бул жерде мен эмне үчүн санжыра керектигин кыскача баяндадым.
Эми мен тее береги 1990-1992 жылдардын тегерегинде кол жазма менен айылдаштарыма эки китеп тараткам, экөө тең ыр китеп эле. Айрым жердештер аны окуган чыгаар. Кээ бир жазуучулар туулган жери жөнүндө чыгармаларында такыр кайрылбайт десе болот, алардын киндик каны тамган жери жөнүндө бир-эки эле ыры болот. Ошого туулган жер жөнүндө чыгарма жаздым деп каниет кылып, корстон болуп жүрө берет. Мен андай кылганым жок туулган жер жөнүндө төрт китеп жазайын дегем, буюрса үчөөн жазып бүттүм. Аларды кемчилдигин карап көрүп, оңдоп чыгара берсе болот. Ал китепти кээ бир адамдар окуптур. Ырахмат. Китеп болгондон кийин анын кемчилдиги болбой койбойт. Кандай чыгарма жакшы жаралат. Китеп жазган киши өтө көп окуган, окумал адам болуп, көп эмгектениш керек. Жашоо жөнүндө көз карашы болуп, ой жүгүртүүсү тунук, терең түгөнбөгөн мээнеткечтиги керек. Жөнөкөй адамдар сезе албаган нерселерди сезип турушу талап кылынат. Жалгыз эле кыргыз китептерин эмес, тиги жакта дүйнөлүк адабият турбайбы. Ошолор менен аябай терең тааныштыгың болушу абзел. Кыргыз адабиятын жаралгандан берки китептерди окуп чыгыш керек. Ошондон кийин гана кичинекей айылды төрт китеп кылып жаза аласың. Эгерде дүйнөлүк алабиятты билбесең эки-үч ыр менен эле бүтүп калаарың бышык, ары жакта оргуган кенчиң болбосо эмнени жазмак элең. Түгөнбөгөн жазма өнөрүң болбосо, бир барак кагазды толтуруш деле азап болуп жатпайбы. Дагы бир маселе. Эми китеп кандай жазылды анын тагдыры ошол жактан чечилет. Бул эң эле жооптуу суроо. Мен кээ бир адамдар менен аңгемелештим алар айтты: « Бизди өтө аз жазыпсың, көп жазышың керек эле, тигил шоңколорду мактай берипсиң, андай болбойт. Бүтөбайларды макташың керек болчу, баланчаны эң эле аз жазыпсың, эмне үчүн китебиңди мага бербейсиң?» Жана башка ушундай ойлор көп айтылды. Шоңко, уралы туугандарыбыз деле биздей адамдар, аларды деле мен көп мактаганым жок. Болгонун эле жаздым. Эми бүт баардык адамдарды мен кантип жазып чыгам, анда китеп болбой калган жатпайбы. Андай болушу мүмкүн эмес, балким кээ бир омоктуу адамдар жазылбай калгандыр аларды кошсок болот. Мен айылдаштарымы Акаев менен Бакиевдин азаптуу учурунда жаздым. Ал учурда адамдар айлы жөнүндө ыр жазуу эмес ачкалыктан курсагымы кантип тойгузуп тирүү калам деген абалда болчу. А мен ошол ачкалыкта ун жок, нан жок кезеңде кубануу менен жердештеримди ырга сала бердим. Биз ал кезде жарыбаган кичинекей маяна үчүн арак, ун, шекер, чай алып калганбыз мындай азаптуу абал бир канча жылдарга созулду. Ал кезде заман оңолбой эле оңкосунан кеткен учур болду. Акыры экөөн өлкөдөн кууп чыгып, эми кичине заман оң жолго түшүп келатат. Ал кезде каражат жок айылга да баруу мен үчүн тозокко турду. Мындай кезде адам-адамды, тууган-тууганды карабай, байлыгы бар кишилерди айланчыктоо башынан эле келе жаткан көрүнүш эмеспи. Анан мен кантип ар бир кишиге китепти таратып берем. Дагы ошончо убактымы коротуп, машинкага басып бергениме ыраазы болсун. Ал китепти алган кишилерден же, окуган адамдардан деле эч бир кымындай жакшы сөз уккан жокмун. Бирөө дагы ырахмат айткан жок, кайра текеберсинет.
Ар бир адам өзүнчө тарых, санжыра ошол үчүн колдон келишинче анча-мынча болсо да ошолордун образын берип, келечекке сактап калайын жердештерими ырга салайын деген эле ой.
Убакыт өтөт замандар жылып, адамдар картайып жок болот. Ошондо кийинки муун окуса деген эле ой турат. Мисалы биз мурунку адамдар жөнүндө эч нерсе билбейбиз, баарын унуттук, анан биз дагы ошондой болуп унутулуп калалыбы. Менин балалык күнүмдө элесиме сонун адамдар эске келет. Аларды биз таппай калдык, бир жашап өттү, бүттү кетти… Кимдин ким болгону бизге белгисиз. Андай болбойт го. Чыгармада баардык адамдарды чылгый мактай берүү жарабаган иш, ага эч бир адам ишенбейт. Ар бир чыгармада тарбиялык маани болуш керек, кийинки муун мурунку муундун жаңылыштыгын кайталабай жакшы адам болуш керек, ошол керек болуп жатпайбы. Мен чыгармада эч бир адамды жамандайын деген оюм болбоду, анын мага кереги да жок, болгону ирония, күлкү үчүн кичинеден чымчып өттүм. Ал эми кемчиликти айткан аты жок ырлар бар алар жалпыбызга сабак болот, ошол үчүн ошол кемчиликти кайталабай жакшы адам болушубуз керек болуп жатпайбы.
Ошондой эле китептин аяккы бетинде Беккулу атанын үч уулунун тукумдары жазылган тизме толугу менен киргизилди. Анда кемчиликтер бар кыргызда көч бара-бара түзөлөт деген асыл сөз бар эмеспи. Балким кээ бир адамдар тизмеге кирбей калган же туура эмес жазылган. Ошондой болсо да негизги тизме жазылды аны оңдоп алууга болот. Кимдир бирөө ошону оңдоп, толуктап, тууралап берсе гана. Анын атына ырахмат айтып, китепке киргизип коёт элек. Тизме эмес китеби жок, а деген санжырасы жок кыштактар толуп деле жүрбөйбү. Аларга жети атасын, жети атасын санжырасын билүү адамдык парзы эмес. Аларга мындай ишти аткаруу кандай азап тозок. Муну бел байлаган киши гана аткара алат эмеспи. Ал эми китепти окуп алып, «мындай тигидей» деп айта берсе болот. Ал өтө жеңил. Жазганга караганда ооз эки сүйлөп сындаган алда канча жүз эсе оңой эмеспи. Керек болсо алар бул китептин кимге кереги бар эле деген ойду айтышы ыктымал.
Эми санжыраны окуу маселеси. Бизде деле кыркка чукулдап калган адамдар да жети атасын билбей жүргөндөрдү көп эле. Жети атасын сурай келгенде «биздин атабыз чымчык эмес беле дейт. Баса Торгой ата бар эмеспи» дейт. Ал адам «Сенсиң
торгоюум» деген ыр бар эмеспи. Ошону эстеп, ошондон ал ата-бабасынын атын эстеп жатат. Жети атасын чымчык аркылуу элестетип алган. Кээ бири айтат «Кара көйнөк биздин эченчи атабыз» дейт. Бизде кара көйнөк деген атабыз болгон эмес. Өзүнүн ата-теги жөнүндө эч бир түшүнүгү жок. Алардын жети атасын билүү, билбөө өз эрки өз маданияты, же билбесе билбей эле койсун. Бирок өтө улгайып калган адамдардын эсине жети атасын билүү парзы сөзсүз эсине келет. Ошол улгайып калган учурунда санжырага кызыга баштайт. «Мен ким элем, ким болдум?» деген ой келет..
Эми экинчи китеп жөнүндө баян кылайын. Китеп Ырыскан атадан Беккулу атанын уулдарынын Көңдөй жерине көчүп келгендигин ыр менен баяндап бердим. Жаш келечек муундар ошол санжыраны да билиш керек. Ошол үчүн ал санжыра да.
Бул үч китептин жаралышына кызым Жылдыз Абакированын эмгеги аябай зор. Китепти баштан аяк редакциялап, уйкаштыгын келиштире көркөмдөп, толуктап оңдоп чыкты. Эгер анын эмгеги болбосо олдоксон уйкаштыгы жок бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: «Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованын эмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын»– деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьтерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдун эмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.
Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.
Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.
Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.
« Илгери адамдар ар кандай окуялардын таш бетине чегип
«жазчу экен мен жердештнримин атын кагаз бетине чектим».
Автор
Түпкү атабыз Беккулу
Түгөл кыдыр даарыган.
Ушулардан кеп козгоп,
Улама баян жаңырган.
Санжыра
Алыс жакты серепчилеп карасам.
Көчмөндөрүм улантышат сапарын.
Ак баракка чиймелеймин акырын
Бабалардын үл-бүлдөгөн караанын.
Бабалардын караанына кагылып
Тизмектейин санжыранын барагын
Абалкынын элесине жалынып,
Тактайынчы аңгемемдин ар сабын.
***
Адамга туулган жери ыйык. Канча пенде алыста жүрүп туулган жерин сагынат. Көңүлүндө эргип ыр жазат. Ошондуктан бул китептеги ырлар ошол сагынычтан жаралса керек. Туулган жерге болгон сагыныч көзгө көрүнгөн буюм эмес. Ал адамдын жүрөгүндө кенч сыяктуу бекем катылып жатат. Аны адам өмүр бою жүрөгүндө бекем сактап ала жүрөт. Ошондуктан туулган жерге болгон сагыныч ыйык ыр же куш болуп учуп жүрө берет. Ал элес мындай чыкканда, туулган жерден алыстаганда пайда болуп, куш сымал абада калкылдап учуп турат. Андай ыйык куш ар бирибиздин жүрөгүбүздө бар. Ошол куш сайрап ыр жаратып жатса керек.
***
Үрүл-бүрүл бабалардын карааны,
Бул дүйнөдө аны кармай аламбы.
«Байкоо салып, көз жибер,-дейт алыска»
Баян айткан аңгемечи чал дагы.
Көз жиберсем Саманчынын жолуна
Бабалардын доошу келе баштады.
Дайым тынбай ыр артынан ыр жазып,
Дал ошентип жараткамын дастанды.
***
Айланайын Көкө Теңирим! Ала-Тоом – арка белим! Туулган Жерим – касиетүү мекеним. Ата-Бабам конгон конуштарым. Көпөлөк кууган адырларым, кырларым, мен кечип өткөн сайларым, ата-бабам өткөн жерлерим. Адам пендесинин төрөлмөгү бар, өлмөгү бар, тагдырдын жазмышын көрмөгү бар экен. Жалган дүйнөгө бир жаралдым. Келдим да ыңаалап үн бердим. Ал жышаана мен келдим, туулган жер өзүң күтүп ал, деген белгим. Ошентип өмүргө аттандым. Ак калпак кийип атам турду жанымда, ак элечек кийип энем турду кашымда, бакыт каалап бабаларым турду жанымда. Теңирден үн эшитилип турду: « Дүйнөгө бир жаралып келген соң, ак жана тунук жаша, тирүү пендеге тырмактын карасындай жаманчылык кылба! Адамдардын каргыш илкишине калба! Алар да сендей пенделер».
Кыямтат кайым ойлор адамдарга бүлүк салбасын! Кудайым ошондон сактасын! Эл-журт аман болсун, алардын амандыгы биздин дагы амандык. Өзүңөрдү ойлобой калайыкты ойлогула! Ар дайыма түз жолдо болгула! Айланайын Көкө Теңирим! Түбү түктүү ыйык Мекеним! Жаратканды сыйлаган сыяктуу пенделердин эмгегин, күч-кубатын, мэримдүүлүгүн, тазалагын баалайлы. Жакшылыкты баалайлы, урматтап сыйлайлы. Ааламда мен жалгыз эмесмин. Мен сыяктуу силер да жалгыз эмессиңер. Бири-бирибизге ак үмүт каалап, бир бололу! Биримдиктен бакыт жаралат. Элди бакыт аралайт. Мендеги бакыт элдики, элдеги бакыт меники. Эркин соккон тоо-талаанын шамалы, мага бакытты алып келгиле! Мендеги жакшылыкты башкаларга да бергиле! Ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ак кар баскан Ала-Тоосунда кылымдар боюу көч көчүрүп келетат. Көчүргөн көчү башка элден артта калбасын. Манас атанын арбагы сактасын! Эл аман болуп, журтка
жаманчылык келбесин. Бул китепти жазаарда жараткан кудайыма жалбарып алайын. Бул китепти жаздым. Аны ким окуйт; ким окубайт, ал тагдырдын иши. Бул китепти кантип жазбай коёмун. Киндик каным тамган жерди кантип унутайын. Эки тоонун ортосундагы айылымды кантип унутам. Караандары далдайган, элеси жүрөгүмө сиңип калган, Иймек, Котур-Төр, Арпа –Тектир, Ат –Жайлоо, Чоң-Таш жана башка жерлерди кантип унутам. Ошол жерде өнүп-өскөн жердештерими эстегенде, бул китепти окуганда алардын элеси көз алдыма даана тартылып келет. Тартылып келе берет.
***
Элдин көзү мени көрүп турат. Менин көзүм да элди көрүп турат. Мага кээ бириңер жакшы бакыт кааладыңар, аныңарга ырахмат. Жаманчылык санасаңар аныңарга капа болбойм, колуңардан келгениңер ошол экен. Ар бир пенде пейлинен тапсын. Туулган жерде эгин сугарып, мал бактым. Анын адыр түзөңүн кыдырып, кубат алдым, сергип калдым. Эл сыяктуу жашайын деп, үй салып, дарак тиктим. Дарагым мөмө байлады, куш конуп сайрады. Сыйкырдуу үндөрдү угуп, ырахаттандым. Дарактын мөмөсүн балдарым колун сунуп жеди. Аш болсун, самаганым ошол болчу. Бул дүйнөнү байкап ыр жаздым, самаганым ошол болчу. Ар бир пенде колунан келгенин аткарганы парз окшобойбу. Адамдарга аз эле өмүр берилет экен. Ошонусу арман тура. Ошол өмүрдө бир нерсени калтырып кетейин деп бел байлай чыктык. Биз өмүргө бир келген жолоочу экенбиз. Жолоочу жөн кетпей бир жакшы нерсени бүткөрүп кетсин. Анын жашоодогу парзы ошол окшойт. Жолдо бараткандар каңгырап бош кетпей, бир жакшы иш бүткөрүп кетсин. Өзүнүн өмүрүнүн бош кеткенин эстеп, капага батып азап чекпесин. Ошону эстесин. Кулагыма сыйкырдуу үн угулду, ата бабанын үнүн эшиттим. Туулган жер балалык өткөн аймакты карап, көзү өтүп кеткен жакындарымды, жердештеримди эстеп кайрадан-кайра ойго батам. Аларды эске салбаганда эмне кылат элем. Бир өмүр аяктаганда алардын катарына биз да барып кошулабыз. Жаратканымын мыйзамы ошондой, аны бизден сурап отурбайт. Аз өмүр калдыбы, же көп өмүр астыдабы, аны бир кудайым билеер. Тагдырга канча өмүр берилсе, ошого ыраазы бололу. Ага чейин кудай деп аман-эсен туралы.
От
От алоолонуп күйүп жатат. Эне жаккан от, кылымдардан бери күйүп келген от. Ошол оттун күйгөнү канча кылым, канча заман болду. Канча коломто болсо, ошончо оттун күйгөнү күйгөн. Ал отту эне тутандырат. Ак элечек кийген эне ошол оттун ээси. отту өчүрбөй тутандырып турат. Коломтодогу от, эч убакта өчө көрбө! Кыргыз очогунда от түбөлүк күйө берсин. Кыргыз очогундагы от кылымдардан-кылымга уланып күйө берсин, жылуулук чачсын. Туулган жеримдеги, өз айлымдагы энекемдин коломтосунун жылуулук табы менин эсимен кетпейт. Атам-энем, чоң ата, чоң энелерим, жакындарым ошол оттун табына жылынышчу. Азыр тамак бышып, атам коңур жагымдуу үнү менен өткөндөргө багыштап куран окуп, баарыбыз жаратканга сыйынып тамак ичебиз. Энем жаккан от, жердеги жагылган от эч убакта өчө көрбө!
Ал эми Беккулу атанын тукуму жер шарынын баардык жеринде тарап, өмүр сүрүп, иштеп жүрүшөт. Алар аман-эсенчиликте түбөлүк бактылуу болушсун! Баарынын укум-тукум улансын. Ылайым Беккулу атанын отун өчүрбөсүн! Алар ошол алыс жерден ата-энеси жаккан оттун табын эстей жүрсүн. Балалыгы өткөн жерин, кары-жашты, өз айлын унутпай эстей жүрсүн. Туулган жеринен алыстап кетпесин. Ал жакка кайра-кайра барып кайрылып турсун. Туулган жеринин ыйык тузунун даамын түбөлүк эстей жүрсүн. Ошону жарткан теңирим да каалайт жана колдойт.
***
Жараткан Эгем бир өзүң ыйыксың, өзүң улуусуң, Сенден улуу болбойт да, болгон да эмес. Биз сенин ыйык жардамыңа таянабыз жана муктажбыз.Менин алдымда рухий байлыгы талкаланган анын таза нурунан ажыраган, жаманчылыкка алданып кеткен адам турат. Ал жараткандан жана жакшы адамдардан жардам сурап, кайра жакшы адамга айланууга аракет кылып жатат. Жараткан эгем, мен десең ушул пендеге жардам бере көр! Анын жүрөгүндө уялаган жаманчылыкты акырын айдап чыгып, кайра тазалыктын, аруулуктун шооласын кийре көр! Адам пендеси алданып, жаманчылык жакка, арамзаалыкка да барат. Жараткан Эгем, анын жүрөгүндөгү жаманчылык такыр калбай жылт этип учуп кетсин. Тазалыктын ак жарыгы анын жүрөгүнө кирсин! Анын жүрөгү ошол жакшы нур менен бактылуу болуп нурданып турсун! Ошону адамдар көрүп кубансын. Бир пенденин жүрөгү жакшылык нуру менен чулганып башкаларга бакытты чачсын. Жаратканым ошол ойду кабыл кылып ага бакытты чач! Адам пендесинин өмүрү аз эле, ошонусу армандуу, ошонусу капалуу. Жер үстүндөгү баардык адамдар бактылуу болсо гана
***
Ойдо, тоодо кайың барбы,
Кыргыз балта чаппаган.
Кокту, белес, сайың барбы,
Кыргыз сөөгү жатпаган.
Байыркы кыргыз эл ыры
АК БАТА САПТАРЫ
Артыбызда калдайып
Тескей бийик тоо турат.
Алдыбызда бет жайып,
Атактуу күнгөй бу турат.
Үстүбүздө көрүнүп,
Төбөсү бийик көк турат.
Алдыбызда көшүлүп,
Төшү түктүү жер уктайт.
Эки тоонун ортосу,
Элетте пейпил жашаган,
Берешен жана бай келген,
Беккулу атадан тараган,
Көп учурду турактап,
Көнөчөк айлы бу турат.
Ата баба арбагы,
Айдыңдуу элин коргосун!
Элинин пейли ток болуп,
Эгем өзү жылоолосун!
Маанайына бийик жараткан,
Манас ата бар болсун!
Кыртыштуу жерден чогулткан,
Кырманына дан толсун.
Сапырылтып бышканда,
Сабасында саамал болсун.
Сайроонунан жарышып,
Сабалаган суу аксын.
Очок эне алоолонткон,
Коломтодон от кетпесин.
Жолдошубуз Кыдыр болуп,
Жолубуз ичкербесин.
Байгамбардын батасы,
Бай менен жалчыга,
Байымы болуп бир тийсин.
Чогултуп баккан койлорун,
Чолпон ата колдосун.
Камбар ата карышкырды,
Кабалаңда жолотпосун.
Баба дыйкан, Жер Эне,
Ата турган таң тоссун.
Ага -тууган арыздашпай,
Ар дайыма бар болсун.
Кыйын күндө оомат кетип,
Кырсык капшап жолобосун.
Куу турмушка бир келдик,
Курсагыбыз ток болсун.
Кыдырып жүргөн көңдөйдү,
Кыдыр Алей Салам бар.
Жаралгандан ак үмүт,
Жар болуп жалгашаар.
Жаман ойлуу жоголсун,
Жакшылары көп болсун.
Урмат күтүп ата-эне,
Уул үйлөп, кыз чыгарсын.
Улууларын кадырлап,
Уул-кыздары сыйласын.
Эчен кылым келаткан,
Элинен бак тайбасын.
Айдыңдуу элде аты бар,
Арбактар тынч уктасын.
Арсыз бала жаралып,
Атага наалат кетпесин.
Кары-картаң чалдардын,
Каргышынан алыс кылсын.
Атадан жалгыз туяк бар,
Андан тукум улансын.
Энеден ырыс кетпесин,
Эңсеген ойго тез жетсин.
Атадан ыйман кетпесин,
Арбакты дайым эскерсин.
Жамандын капшабы,
Жаамы журтка тийбесин.
Жакшыны кудай колдосун,
Жашоодо аман бар болсун.
Арып ачуу жоголсун,
Ачка пенде болбосун.
Ак эмгек менен жашайлы,
Бирөөнү кор кылбайлы.
Карынын баркын сактайлы,
Жаштардан ыйбаа кылалы.
Бөтөн эл тынчты албасын,
Жергеме сук артпасын.
Бугу эненин арбагы,
Уул -кызына жол ачсын.
Торгой ата айдыңы,
Тополоңдо сактасын.
Беккулу ата арбагы,
Бекемиреек чеп болсун.
Үч атадан жаралган,
Көгөртүп бак сайган,
Көңдөйүбүз бар болсун!
Көөнөрбөй аман жашасын,
Көнөчөк эли дагы аман!
Түйшүктү салбай бу элге,
Түбөлүккө бар болсун,
Түбү түктүү жер аман!
Жылдыздуу бу элди,
Жылган булут колдосун.
Көп үмүттү бул элди,
Көкө теңир коргосун!
Айлыбыз менен бир болуп,
Айдан аман чыгалы!
Жылдыздуу ойду жылоолоп,
Жылдан аман чыгалы!
Жараткан Кудайым,
Жалгамак сизден,
Кааданы күтүп,
Кабыл алмак бизден.
Оомийин!!! Жаратканым өзү жар болсун!!!
***
Санжыра жазган адамым
Кагазыңы тактап жаз.
Калпыстатпай туура жаз.
Карылардан сурап жаз!
Кабарчыдан улап жаз.
Жек жаатыңы мактабай,
Жетик билип калыс жаз!
Кагаздагы дастанды,
Кары окуйт, жаш окуйт.
«Менин бабам» барбы деп,
Мектептеги бала окуйт.
«Эң маанилүү бекемби»,
Элечекчен эне окуйт.
Кер маралдай керилген,
Келин окуйт, кыз окуйт.
Чарчап келип ат чапкан
Чабандес бала дагы окуйт.
Бу жазылган дастанды
Атасы жок бала окуйт.
Аймагынан узап кеткен
Алыстап кеткен киши окуйт.
Көңдөй жерин сагынган,
Көөнөрбөгөн пенде окуйт.
БАБАЛАРДЫН КАРААНЫ
Чоң чокулар улуу тоолор
Өткөн күнгө энчилеш.
Өктөмдүү өткөн балалык,
Өмүргө болуп шериктеш.
Далай күндөр закымдап,
Дайынсыз жылып өттү го.
Ак булут тоого калкылдап,
Ала салып көчтү го.
Көчкөндөрдүн баардыгы,
Көрүнбөй эми калды го.
Саргайтып өткөн күндөрүм,
Сагынычты чачты го.
Билинбестен закымдап,
Бийиктиктен куш өттү.
Түйшүктү салып сезимге,
Түпөйүлдүү түн өттү.
Анын баары эскирип,
Кайра сонун кеч келип,
Кайткыс күндөр эстелик.
Ак сакалын жайкалтып,
Ак бозунда чайпалып,
Беккулу деген ата өттү,
Аны менен бир болуп,
Агыны күчтүү кез өттү.
Ата менен бир болуп,
Элечекчен эне өттү.
Сорок Таш деген жайлоонун,
Зоолорун сылап жел өттү.
Өзөн суу агып күрпүлдөп,
Өмүрдү санап күн-түндөп,
Өктөмдүү өткөн жылдардын,
Өрнөгү бизге төгүлмөк.
Улууларга кездешип,
Укмуштарды сурайын.
Ушундай өткөн тарых деп,
Уламышты улайын.
Карыларга кездешип,
Качанкыны сурайын.
Кайрылбай кеткен баяндын,
Кайрыктарын улайын.
***
Алкымдын бери жагынан
Абадан ата кой жайган.
Коңгуроосу шаңгырап,
Көк эркеч барат далдайган.
Тешик-Көлдү капталдай,
Тектирди өрдөп көч жылат.
Ал көчтү Шоңко бабанын,
Тукуму сүрөп келатат.
Айтаар сөзүм бир далай,
Сатыбалды уулу Абылай,
Бордуга боз үй тиктирген,
Боор, куйрукту жеп коюп,
Боз жорго минип желдирген.
***
Бордунун чоң төр тарабын,
Көлөй уулу жайлаган.
Көлдөлөң жая салдырып,
Көөнөрбөс маек баштаган.
Асмандан бүркүт айланып,
Аталар жери шаңданган.
Айлансам да дүйнөнү,
Андай жерди таппагам.
***
Айты ата көч көчүрөт,
Көбүргөн өтөк тараптан.
Көйкөлгөн жигит көч баштайт,
Көк жоргосун алкынткан.
***
Жарашык чачып адырлар,
Жаадырап тарап гүл төктү.
Жайлоодон жылкы чубуруп,
Жаңылык чачып жай өттү.
Саргайды чөптөр муңайым,
Сары түз каптап өтөктү.
Күүлдөп аккан дайрадай,
Күркүрөп келип күз өттү.
***
Көлөй жети бир тууган,
Көлдөй болуп толкуган.
Ортоңку айыл тараган,
Ордосу кеңип байыган.
Эң биринчи энеден,
Көлөй жана Язбек.
Сейит жана Алыбек,
Айта берсе арбын кеп,
Аталардын баары бек.
***
Ак калпак кийип бөлүнгөн
Карааны тоодой көрүнгөн.
Кечөө эле биз көргөн,
Аттанып кетип сапарга,
Аталар өттү дүйнөдөн.
Ак элечек кийинген,
Ак жоргону желдирген.
«Ак кымыздан ич» деген,
Аттанып алыс сапарга,
Апалар өттү дүйнөдөн.
Келип-кеткен сапарга,
Кең дүйнөгө ким калган.
Өмүр деген байтак жол,
Ал жолдо эл каттаган.
Улуулар өтсө дүйнөдөн
Жаштарыбыз жол жүргөн
Бири келсе, бири кетип,
Бул дүйнөдө ким калган
Ушундай тура, шум жалган.
***
Мен туулган жерди карап турам. Туулган жердин ой-кырлары, жылга-жыбыты, шаркырап аккан сайлары, менин көз алдымда сүрөттөй даана көрүнүп турат. Менин түпкү бабам дагы, андан берки аталарым дагы мен сыяктуу туулган жерин карап тургандыр. Туулган жер алардын жүрөгүнө сонун сезимди чачкандыр. Карааныңдан кагылайын ыйык туулган жерим! Туулган жердин шаңы ыр болуп менин жүрөгүмө өтүп турат, жанып турат. Мага кагылайын туулган жер башкача касиет, башкача шаң берип жатпайбы. Ошону силер билесиңерби! Мен туулган жерди коёндун жатагына чейин билем. Калем алып анын ой-кырларын, кай жерин гана жөө аралабадым. Көп жылдар алыс жашасам да, туулган жердин шаңы менин жүрөгүмөн кетпей гүлдөп келет. Туулган жердин ыйыктыгын даана сезип турам. Балким ушул ыйык жер мени акын кылып жараткандыр. Ошону баамдап, касиеттүү күчкө эргүүлөнүп, тагдырыма ыраазы болом. Бул жерден менин атам сапар өткөн, анын аталары да сапар өткөн. Демек менин ата-бабам ушул жерден ак калпак кийип калдайып өтүшкөн. Туулган жердин жыбыт-жылгасы, ой жерлери, түзөң-кайкылары, урчук-урчук таштары, менин ырым, менин көрүнбөгөн касиеттүү ыр саптарым. Ошол көрүнбөгөн толкун Теңирим аркылуу менин жүрөгүмө келип, ыр таштап кетип жаткансыйт. Ошол мен жараткан жамандыр-жакшыдыр ыр шилтемдерим башкалардын жүрөгүнө кубаныч таратса болду. Жарыктык ата-бабам жашап өткөн туулган жердин ырлары обон болуп ай-ааламга кайкый берсин. Ошол касиеттүү обон башкалардын жүрөк өтун эргитип өтсүн, кубандырып бир башкача ыйык сезимге бөлөп өтсүн. Ошол ырлар Теңиримдин жардамы менен ак жашоону, качанкы бир өткөн касиеттүү балалыктын ырын, ата-бабанын жолун эске салат. Ошонусу мен үчүн табылгыс кубаныч. Ар бир башталган жакшы нерсе уланып кете берсин. Ошонусу менен ал түбөлүктүү. Ошонусу менен бул өлбөс жашоо бизге ыйык сезилет жана түбөлүктүүлүгү байкалат.
***
Кагылайын туулган жердин тургундары, биз көрүп, аралашып жүргөн замандаштар. Сиздер биздин ата-бабабыз өскөн аймакта жашап, эмгектенип келдиңиздер. Сиздердин өмүрүңөр да ошол жерде
өтүп жатат. Силер биздин ата-бабабыз өскөн жерди ээнсиретпей өмүр сүрүп, бабалардын коломтосун өчүрбөй, турмуш көчүн улап келе жатасыздар. Баарыңыздар ошол касиеттүү ата-бабабыздын урпагысыңар. Ата-бабабыздын жашап өткөн жери толук сиздерге тийешелүү.Силер ошолордун жолун улантып жатасыздар жана дагы уланта бериңиздер. Силердин жолуңарды урпагыңар таштабай уланта берсин, бул байыркыдан келаткан ата-бабабыздын салты. Силер жашаган аймактан байыркы ата-бабалардын касиеттүү үндөрүн угуп турабыз жана дагы биздин элесибизде алар биз менен жашап жаткандай доош келет. Алар ушул касиеттүү аймакта биз сыяктуу жашап, өмүр сүрүп кетпеди беле. Анан кантип биз алардын элесин унутуп салабыз. Бар болгула туулган жердин касиеттүү адамдары! Силер барда биздин туулган жерибиз эч убакта ээн калбайт жана жетимсиребейт. Силерге жаратканымдан жана ошол жашап өткөн касиеттүү адамдардын элесинен жакшы нур себилип тураарын унутпаңыздар. Ар бир адамдын жолу ар башка, ошондуктан касиеттүү туулган жердин адамдары жолугушканга, жүз көрүшкөнчө түбөлүк аман болгула! Жаратканым сиздерге кайрат күч жана өмүр берсин! Бул жакшы үмүттү аткарганга Алла Таалам өзү да эгедер болуп колдосун!
***
Эзелкинин санжырасы,
Эстелбей кетип баратат.
Улама элдин санжырасы,
Унут болуп баратат.
Карандуу элдин санжырасы,
Кайрылып качан такталат.
Биздин элдин баяны,
Билинбей өчүп баратат.
***
Байыркы биздин бабабыз,
Баарынан маек айтабыз.
Кылжырдын аты Сарбагыш,
Өңү сары, мойну ийри,
Бирок болгон жол билги,
Кыңая басчу экен дейт
Ошондон улам Кылжыр деп
Аталып аты калыптыр
Ошондон бул ат тараптыр.
***
Алты түлөк куш айланып,
Ак булут көктүн үстүнөн.
Койсойбостун алты уулу,
Алтооно көз жүгүртөм,
Белдеги жолду аралап,
Алтоо сапар жол кеткен,
Сабынан айтып тарыхтын,
Санжырачы аны эстеткен.
***
Бүтөбайдын төрт уулу,
Төрт күлүк атты алкынтат.
Төрт дайрабыз башталып,
Төрт тарапка чамынат.
Бүтөбайдын төрт уулу,
Төрт теректей дүкүйөт.
Төрт бүркүт көктө айланып,
Төрт очоктон от күйөт.
***
Ураалы деген мыкты уул,
Урааны элге тараган.
Боромбай, Босток, Табылды,
Арт, Шопок аталар
Бай атадан жаралган.
Алыскы жолго аттанып,
Атагы элге катталган.
***
Калдайган Көңдөй айлына,
Келген дейт Талас тараптан.
Жаркынбай менен Алчынбай,
Булар тукуму экен кыпчактын,
Таластан келди Садырбай,
Түзөң, кокту аралай,
Санжырасы бир далай
Тукуму Беккулу атанын,
Жашап келет жол улай,
Кайгыны бирге көрүшүп,
Кубанычты тең бөлүшүп,
Бирге көрүп баардыгын,
Кадимки Бек атанын,
Булар тондуу балдары,
Арбагын сыйлайт атанын.
Кыйлага аты таанылган,
Кырымга чейин тараган,
Кыйбай келдиң Көңдөйгө,
Кыпчак тууган аман бол!
Саруулап алыс жол жүрүп,
Саргайып келдиң Таластан.
Берешен тукум экен деп,
Беккулу уулу саа жаккан.
Арып келип Таластан,
Ит агытып, куш салган
Бек атанын жеринен,
Бейпилдик алып даарыган.
Кыр ылдый учкан кыргыек,
Кызыгып карайм бул кезде,
Кыз беришип алышмай,
Кылымдан бери сыйлашмай.
***
Түлкү өтпөс түнөк жол
Түн ичинде шыбырт мол.
Кыйлага сапар узаган
Кымбаттуум менин аман бол!
Карышкыр өтпөс кайчы жол,
Карангы жерде шыбырт мол.
Алыска сапар узаган,
Ардактуум менин аман бол!
Жоноктой кеткен кашка жол,
Жолочу кеткен башка жол.
Жол улап кетип жатасың
Жолдошум менин аман бол!
Жар бойлоп кеткен кашка жол,
Жатындаш кеткен башка жол.
Жабыгып кетип жатасың,
Жаркыным эми аман бол!
***
Атыгайдын алты уулу,
Алты күлүк таптаган.
Ат чабышта байгени,
Алабыз деп мактанган.
Алп атанын алты уулун,
Арбак колдоп даарыган
Туйгун болуп көктө учуп,
Туш-туш жакка тараган.
***
Тукумдан-тукум уланып,
Шооруктан чыккан Кошубай.
Атадан уулдар уланып,
Аңгемем жайы ушундай.
Адылдан беш уул бар үчүн,
Беш боз үй, да беш түтүн.
Беш аргымак кишенейт,
Бешөөнө беш эр минет
Беш тарапка жол кетет.
***
Кошубайдан үч уул бар,
Тоодогу үйдүн өзүнөн.
Үч жол кетет уланып,
Үч эр чыкты камдана,
Бири-биринин артынан
Чоң жүрүштү улашып.
***
Түгөл кыдыр даарыган,
Түмөнбай, Кулет бир тууган.
Бир атадан куралган,
Тукуму өсүп уланган,
Уулдары эр жетип,
Туйгун таптап куш салган.
***
Чыгаан уул аталып,
Чынгыштан: Жоомарт, Элчибай.
Эбиреп айтсам баянын,
Элимдин жайы ушундай.
Арттын уулу Саадабай,
Агылтып жылкы айдаган.
Саймалуу Төш өтөктүн,
Сайроонуна мал жайган.
Качанкы өткөн атанын
Санжырасын айтканда
Бажырайып элестин
Баяны чыгып калдайган.
***
Баястандын алты уулу
Айдың Көлдү жайлаган.
Ак шумкары колунда
Агылжым тоону айланган.
Арча бешик өңөрүп,
Апалар сапар аттанган,
Бай атанын алты уулунан
Жолдор кетип чубалган,
Бешөөнөн тукум уланган,
Сыдык ата тукумсуз,
Сыздап келип куураган,
Жараткан да тагдыр да,
Корккон жокпу убалдан.
***
Биздин Көлөй атабыз
Боз үйлөрдү көтөрүп,
Жыгачтарды кынаган,
Ууктарын жасаган,
Түндүгүн бийик көтөрүп,
Жыгач уста аталган,
Эгин эгип, мал баккан,
Эмгек менен даңкталган.
Кара көйнөк атанын,
Аты калды аталып.
***
Ар-намыстуу эмгекчил
Заты келет аталып,
Алкынтып күлүк байлаган,
Ар ишин укмуш шайлаган.
Артуу-артуу жол басып,
Ак шумкарын колго алып
Агылжым тоону айланган.
Атак даңкы кем эмес,
Алыскы даңктуу байлардан,
Ааламга кетип атагы,
Мамай деген атанын,
Маанилүү маңыз кеп айтып,
Атыгай ата таралган.
***
Кара тоонун боорунан,
Калдайып бир куш учту.
Канаттары далдагай
Кыраан экен укмуштуу.
Калдайып эл башкарып,
Канай деген эр чыкты.
Арстандай бакырса,
Айбатынан жан чыкты.
Эрөөлдө намыз бербестен,
Эч бир кепти жебестен.
Тоо жүрөк экен шумдуктуу.
***
Адырда жүргөн сүлөсүн,
Сүлөсүн дагы түлөсүн.
Күмүш жүнү жылтылдап,
Күн нуруна түрлөнсүн.
«Сүлөсүндү кармайм»– деп
Жамаке мерген жөнөсүн.
Жака кылып терисин,
Жарашыктуу эр өтсүн
***
Мен төрөлүп өскөн жерди түн буурулу каптап турат. Баардык жерде караңгылык. Айлананы аяр карап эки жакка кулак түрөм. Ушул караңгы түндөрдө, өткөн күндөрдү ойлонуп турам. Балалыгым өткөн адыр-түздөрдү таба албай турам. Бир гана Тескей Тоом, Бир гана Күңгөй Тоом далдаят. Ортосунда балалыгым өткөн Темир-Канат кыштагым калдаят. Асманда нур чапчып алыскы жылдыздар жымыңдап турат. Алар менин келечегим сыяктуу сезилет. Ушул кезде ойго батып, ата-бабанын баскан жолун эстеп турам. Алардын карааны менден эчак алыстап кеткендей. Асманда жымыңдаган жылдыздар бир нерсени сүйлөшкөндөй болушат. Балким биздин ата-бабанын сырдуу жолун сүйлөшүп жаткандыр. Түн -тынчтык, күн- күрөш ак эмгек менен эс алайын дедим. Уйкум келди уктайын. Түш көрөйүн, түшүмдө туулган жерди, энекемди, балалыгымды көрүп калаармын. Жана да туулган жерим сен да уктап эс ал.
***
Күлүктүн шүйүп куйругун,
Күндүк жерге ат чапкан.
Жан адамга көрсөтпөй,
Жабуулап жорго таптаган.
Сынчыларды алдырып,
Сыпайы гана сындаткан.
Комузчуга черттирип,
Кошуп аны ырдаткан.
Ашуу Төр, Арпа Тектирге,
Айдатып жылкы бактырган.
Айтылуу Чоң Таш жайлоого,
Аралата мал жайган.
Арбын ишти шай кылган,
Ашыга жорго салдырган.
Алыскы даңктуу байларга,
Чабаганды чаптырган.
Тамак-аш коюп алдына,
Таттуулук менен сыйлаган.
Атыгайдын сан жылкы,
Карааны бар көп жылкы.
Айдаганы миң жылкы,
Өзү минген бир жылкы.
Көйкөлгөн өтөк жайлаган,
Көргөн адам таң калган.
Ырыстуу адам экен деп,
Ырчылар аны мактаган.
Атыгайдын сан жылкы,
Аралап өтсө жер менен
Адыр-адыр бел менен,
Дүйнөгө шоокум- шоот тарап,
үңгүрөгөн кең аймак,
Жылкылар сууга киргенде,
Сан жетпеген туяктан
Таза суу ылай, кир болгон,
Өркөнү өсүп чар тарап,
Өрөөндөр күүгө оронгон.
Таза жел согуп аймалап.
***
Кара Колот тарапка,
Каркыралар өтчү эле,
Касиеттүү куш тура,
Каркыранын өзү эле.
Катары менен бараткан,
Каркыранын көчү эмес,
Бабалардын көчү экен.
Биз кетели көч менен
Биригип алып эл менен.
***
Сүлүк кара ат байлаган,
Сүрүп жылкы айдаган.
Сүйкүмдүү Сүттүү булакты,
Сүйөр ата жайлаган.
***
Аттарды кууп такымдап,
Алдыңкы жайга жакындап,
Чарчабастан күлүк чаап,
Чабандес бала дагы өткөн.
Капсалаң оор учурда,
Эл башкарып барбайып,
Карааны тоодой калдайып,
Канай баатыр бу өткөн.
Эл жер үчүн күйүнүп,
Жорго таптап жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Карач баба бу да өткөн.
***
Бабалардан салт улап
Байыркыны тууралап,
Күлүк таптап ат чапкан,
Күүдөн тайбай жарышкан,
Атыгайдын аргымак,
Абада учуп каалгыган.
Ат көрүнбөй тап-такыр,
Алыстап чаңы таралган.
Атыгайдын Куласы,
Аргымактын күлүгү
Аяны элге тараган.
«Көркөмү укмуш экен» деп
Көргөн адам таңданган.
Кайыптан бүткөн жаныбар,
Капталында канат бар.
Караңгы түнгө кабылып,
Таптап жүргөн адам бар.
Бийик тайгак жол келсе,
Бир изин жаза баспаган.
Акылы тунук жаныбар,
Айбандан башка жаралган.
Арман күн ушул дүйнөдөн,
Ат көтөргүс эр өттү.
Арман экен бу дүйнө,
Атыгай ата дагы өттү.
Колоту калып өзү жок,
Кокуй тура дүйнө шок.
Кытайга карай эл үркүп,
Кыйын иш келди кыргызга.
Ойротто жок ааламда,
Он алтынчы жылында.
Айтып бүткүс муңу бар,
Алат күн келди кыргызга.
Карып калган карыя,
Карааны элге жарыя,
Тыным албай тың баскан,
Тынайдын тору атына,
Аппак тонун кийгизип,
Атаны атка мингизип,
Сапар алып жол менен,
Сабалаган эл келген,
Алыстай улам көч кеткен.
Талыбай малды өрдөтүп,
Тарагай, Балгарт өрдөшүп,
Ашуусу бийик тоо кезип,
Ак Өгүздөн ары өтүп,
Шибер чөптү аралап,
Шибелүүгө жакындап,
Ат көтөргүс муңда өтүп,
Арман күндү көп көрүп,
Илгери бир заманда,
Илкиди көч кытайга,
Кытайдан кайран эл кайтып,
Арбактарга бата айтып,
Арчалыдан арыда,
Жайылып жаткан өзөн сай,
Жанында жердин Тарагай,
Капасы ичтен тарабай,
Каза болгон Атыгай,
Көрүнгөн тоодон аша албай,
Көңдөйгө сөөгү жете албай,
Күлүстөн биздин баба ай,
Күйүттө кеткен Атыгай.
***
Он алытынчы жылында
Орустар салды балааны.
Карааны аз кыргызды,
Кабылтыптыр кыргынга.
Кысталышта из чалган,
Алыс турган Кытайда,
Арманда калды канча жан.
Көзүнөн жашын аарчыбай,
Көңдөйүн бир көрө албай,
Аккан жашын аарчыбай,
Айлына кайра келе албай,
Карааны бизди кайгырткан,
Кайта келбей калгандар.
Коогалаңда арман бар,
Койсойбостон Айтике,
Көңдөйүнөн айрылып,
Көгөргөн тоолор тарапта.
Сейиттин уулу Бапа бар,
Дагы канча жандар бар.
Дайны чыкпас арман бар,
Калды чоочун жактарда.
Аттары кайра козголуп,
Аларга куран окулуп,
Кайтадан сөз козголсун,
Карааны жок жандарга.
Байырлап бизди жашаган,
Бабалар унут болбосун!
Арбагы бизди колдосун,
Биз жүрөлү эскерип,
Тагдыр деген кечмелик.
***
Чакашым деген чоң уста,
Темирден буюм жасаган.
Алгылыктуу болсун деп,
Ага жыгач аштаган.
Кооз экен деп кубанып,
Көргөн адам мактаган.
Устанын дал өзүнөн,
Улуктар буюм сураган.
«Каалаганды берсе» деп,
Карыялар көңүл бурган.
Кадырлуу жалгыз баласы,
Асангкары жок болуп,
Тукуму жок бу өттү.
***
Апыл-тапыл бул дүйнө,
Арманы арбын өмүрдө.
Аты калып өзү жок,
Айдыңданган көзү жок,
Даңкы калып заты жок,
Даңазалуу сөзү жок
Дөөлөтү тоодой көрүнгөн,
Дөө-шаалар өтүп дүйнөдөн.
***
Жок дүйнөда, бар дүйнө,
Жомок болгон көптөргө,
Сөөлөтү калып, өзү жок,
Сөзү жанып, үнү жок,
Даңазасы тарап, карааны жок,
Даңкы чыгып бөлүнгөн,
Даанышман өтүп дүйнөдөн.
***
Армандуу экен бул дүйнө,
Айдыңы жанып көптөргө,
Эл коргогон деми бар,
Чептей болгон күчү бар,
Жоону сүргөн сүрү бар,
Байыркыдан доорон сүргөн,
Баатырлар өтүп дүйнөдөн.
***
Айтканы аткарылбас .
Арманы бар кем дүйнө,
Үзөнгү-Кууштай жерин саткан,
Үркүтүп элин карайлаткан.
Ары жок болуп аты калган,
Алтынын казып талаткан.
Кожоюн болгон кечөө эле,
Коркоктор өтүп дүйнөдөн.
***
Кеби журтту дүңгүрөткөн,
Кылымдын көчүн жөнөткөн,
Ыр кылып сөзүн төккөн,
Ырамандын Ырчы уулундай
Ыр болгон ушул өмүрдөн,
Ырчылар өтөөр дүйнөдөн.
***
Көлдүн башы алыста,
Калдайып жатат Каркыра.
Мааникер күлүк аты бар,
Кыргыз элге даңкы бар,
Бокмурун бериген чоң ашты,
Көкөтөйдүн атак-даңкы.
Төрт тарабы кең экен,
Мындай жер элде жок экен,
Каркыраны сатып казакка,
Элди салып азапка,
Айдыңдуу элге жек көрүнгөн,
Аткылап элин өлтүргөн,
Белоруска качып барып,
Бетин катып жашырып,
Башкаларга баркы жок,
Бакиевдер өтөт дүйнөдөн.
***
Бар дүйнө да жок дүйнө
Кем дүйнө да бай дүйнө,
Топон суудай алкынган,
Толкуну тоодой чамынган,
Кийинкиге ыры калган,
Кимдер өтүп ким калган,
Учугу улам чубалган
Ушундай тура шум жалган.
***
Айлыбызда канча сонун адамдар бар эле. Алар менен көрүшүп сүйлөшүп жүрчү элек. Бир-бирибизге мээрим чачып арка бел болдук. Тагдыр экен мезгил келгенде адамдын өмүрү аяктап бүтөт экен. Алар арабызда түбөлүк эле тирүү жүрчүдөй болгон. Бирок ичеер суусу түгөнүп, бир күнү эле биздин арабызданбөлүнүп, кыйры чексиз мейкиндикке сиңип-сиңип кетишти. Алар ал жакка кеткен менен алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздөн кетпей калды. Өмүр бар жерде өлүм дагы бар экен. Ар бир адамдын өмүрү өзүнчө эле тарых китеп, санжыра эмес беле. Жашоо ошонусу менен кызыктуу, түгөнбөс анан кала берсе армандуу тура. Жаратканым пендени жаратып аны алып кетмеги бар экен. Алардын кетиши менен жашоо дагы, өмүр дагы эскирип калган окшойт. Бирок жашоо түбөлүк эскирип калган жок алар кеткени менен алардын оордун ошолордун тукумдары басты. Ошол үчүн жашоо кызыктуу сонун болуп жатпайбы. Ошол жаңы келген муун жети атасынын, андан мурунку ата бабасынын санжырасын унутпаса болгону. Кимдин баласы ким экенин, кайсы атадан төрөлгөнүн билбей калса, андан ашкан арман барбы? Мурункулардын көзү өтүп кеткен менен алардын өмүрүн кийинкилер улантат. Өмүр түгөнбөйт деген сөз ошондон калса керек. Жаратканым! Ошону кийинки муун унутпай эстей жүрсүн.
***
Ителге деген кыраан куш
Иймек жакка өтчү эле.
Ийри Тоону мекендерин,
Иним барып көрдү эле.
Бабалардын тарыхын,
Башкага айта барайын.
Айтаар сөзүм жок калбай,
Аңгеме куруп салайын.
Ийнимдеги жүгүм ай,
Кагылайын иним ай,
Унутпай баба тарыхын,
Ушуларды билип ал!
Баян кылып сөз козгоп,
Башкаларга айта бар!
Жетчү жерге аман бар,
Жете алгыс жерлер бар,
Билинбей өтүп жок болду,
Биз билбеген баяндар.
***
Ыстамдын уулу Сулайман
Аңчылыкка берилип,
Аскадан улар улаган,
Катуу шамал болгондо,
Карайлап жардан кулаган.
Туйгун кетти сапарлап,
Тутунарга туяк жок,
Карманаарга караан жок,
Атакелеер бала жок,
Арман күн деп үн созоор,
Артында калган зайып жок,
Каран күн деп үн созоор,
Кара кийген жары жок.
Антсе дагы ысымың,
Калып калды аскаңда.
Качандыр атың айтылат,
Баян болуп калкыңда.
Алыска таптап учурган,
Ак булутка умтулган,
Туягың жок болсо да,
Тукумубуз эле деп,
Туугандарың эскерет,
Жарыгыбыз эле деп,
Жакындарың эстешет.
Бирок сенин атагың,
Калып алды аскаңда.
«Сулайман ушчу аска»,– деп,
Биз карайбыз дайыма.
***
Кара куш деген кырааным,
Карагай черди мекендейт.
Уясын салды зоокага,
Уямда тынчтык болсо,– дейт,
Кара куш салган уяга,
Каргалар учуп көп келди.
Куркулдап учуп айланып,
Кузгундар тынчтык бербеди.
Уясын таштап куш кетти,
Уяга шамал карды үйөт.
Кара куштан кабар жок,
Каргалар учуп жүрүшөт.
Асканы таштап куш кетти,
Албуут шамал чамынат.
Кубаттуу куш байкалбайт,
Кузгундар тарпты аңдышат.
***
Курумшудан төрт уул бар,
Куу турмуш изин улаган.
Төгөрөктүн төрт бурчуна,
Төртөөнөн жол уланган.
***
Ураалынын беш уулу,
Беш күлүк ат байлаган.
Беш күлүк атты таптаган,
Беш жигит чыкты жараган.
***
Койсойбостон алты уул бар,
Бай болуп өстү тукуму.
Ага-иниге кеңеш берип,
Канай болчу улугу.
***
Кошубай ата төрт күлүктү,
Төрт уулуна мингизген.
Тагдыр деген ушул деп,
Жигиттер кетти жол издеп.
***
Кээде бар да кээде жок,
Бу дүйнөбүз чакчалакей.
Абылайдан экөө бар,
Калпак жана Кетирекей.
***
Көк кашка күлүктү,
Тынай таптап жүрүүчү,
Көп жарышта байге алган,
Аргымак эле алкынган,
Далай-далай күлүктү,
Дайнын артка таштаган.
Кай бири узун кеп кылып,
Карылар аны мактаган.
Жалкы ичинен атактуу,
Жылып сызган канаттуу.
Көп жерден ат табылбас,
Көк кашка тулпар сыяктуу.
Кара кызыл ат дагы,
Карааны чоң жаныбар.
Капталында канат бар,
Кайыбынан кабылган.
Ооздугун качырата,
Олуй тиштеп чайнаган.
Оттой көзү кызарган,
Жарышкан ат көргөндө,
Жаадай болуп алкынган,
Көкүлүн көккө ыргытып,
Туягын жерге мылгытып,
Дайны чыгып кап-кайда,
Далай-далай жарышта,
Жарап берген намыска,
Байге алып кубанткан,
Көңдөйдө турган көп элдин,
Көөнөрбөс кылып шаңданткан,
Күрү- гүү кептер таган,
Күлүгү чыгып келди деп,
Будур черде жашашкан,
Бугунун элин таңданткан.
Жалкы ушу сыяктуу,
Жаныбардан төрт аяктуу,
Карандуу ат табылбас,
Кара күлүк сыяктуу.
Атка жеңил, тайга чак,
Байсалдуу ата бабанын,
Баласы Ысай ат чапкан.
Күлүгү чыгып келгенге,
Күлүңдөп бала шерденген.
Ээр үстүндө чабандеске,
Энчи белек берилген.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Андан бери токтобой,
Алда нечен жыл өттү,
Түндү-күндөр кууп өттү.
Кайыптан бүткөн жаныбар,
Кара кызыл ат өттү.
Көп жарышта байге алган,
Көк кашка күлүк дагы өттү.
Өзү өтпөсө көзү өттү.
Атаңын көрү дүнүйө,
Арманы бар күн өттү.
Ат чапкан бала чабандес,
Ыраак жакка жол алып,
Ысмын элге таанытып,
Ысай ата бу өттү.
***
Ак сакалы жайкалып,
Ак тору атта чайпалып,
Агайынга кеп слып,
Далайлардан бата алып,
Санжыраны бап айтып,
Сабалата кеп салып
Темиркан ыйык ата өттү.
***
Көп ичинен сөз баштап,
Көөнөрбөс эчен чал өттү.
Дайны чыкпай жоголуп,
Далай-далай пенде өттү.
Атыгай колот алдында,
Аккан суунун жанында.
Кызыл Дөбө артында,
Кызырган тоонун алдында,
Үйү болгон Сасыктын,
Андагы жаштар билим алып,
Кенин ачкан бакыттын
Көрүнгөн жол тес жеткен,
Көңдөй деген мектептен,
Андагы айыл жаштары,
Билим алып торолгон,
Кезинде ошол болгондон,
Кеп баштайын ошондон.
Баяны чыккан алыска,
Байсерке бала окуткан,
Жолочу деген мугалим,
Баарысынан тың чыккан,
Бекчорун деген агадан,
Балдар сабак окушкан.
Көңдөй ошол мектептен,
Көп бала келип окуган.
Сабатсызы жоюулуп,
Көзү ачылып окуудан.
Тамашаны көрсөтүп,
Акун ата күү черткен.
Акун улуу комузчу деп,
Алыс жакка кеп кеткен,
Татар жана калмак күүсүн,
Тарсылдата так черткен,
Орус күүсүн черткенде,
Оболоп жаштар бийлешкен,
Ошол сонун убактар,
Олжолуу сонун курактар,
Кетпейт кары эсинен,
Кээ бир кезде эстешкен.
Карылар улам тамшанып,
Кайрылгыс чакты эстешкен.
Азыр болсо мектеп жок,
Мемиреп жылдар узашкан,
Мектеп эмес, мезгил шок,
Кашкарга кеткен кайып куш,
Кайрылып кайра учпаган.
Шаракташкан балдардан,
Шайыр үнү угулбайт.
Конок небак кеткенби,
Кожоюн мезгил кайда учат?
Эчак сапар кеткендер,
Эсил кайран берендер,
Буулгуп өмүр ташкындайт,
Бу дүйнөбүз кайда учат?
***
Кызыл тумшук чөкө таан,
Кызык тура карасам.
Кырман тытып кышында,
Чыр-чур этете баятан.
Кызык турмуш өттү го,
Кызый-кызый көз ымдап,
Бай Көйдөйдө түптөлөт,
Бабалар жолу кылымдап.
***
Асмандап учкан ылаачын,
Ылаачын керсин кулачын.
Ылаачын биздин бабалар,
Ырчы ошону ырдасын.
Ырыстуу элдин баянын,
Ыргакка салып тактасын.
***
Бу турмушта булбул бар,
Буулугуп укмуш сайраган
Ырчылардын чыгарган,
Ырларын артка таштаган.
Булбулдун үнүн комузга,
Кошкон адам табылган.
Куттуу Көңдөй айылы
Кур калбаптыр андайдан.
Токобай ата Акуну
Токтобой комуз черткенде,
Тоо-талаага күү тарап,
Толукшуган үн тарап,
Толкундап толкуйт теребел.
Сыйкырдуу ошол күүлөрдүн,
Сырларын билчү келген эл.
Токобай ата Акуну,
Таланттан бүтүп даарыган.
Таалайлуу өмүр жаңырган,
Күүлөр учуп закымдап,
Күүлү ыргак калкыган.
Ата комуз черткенде,
Кайың укчу, тал укчу,
Каадалуу сонун жан укчу,
Каары катуу пенде укчу,
Кайыптан бүткөн пенде укчу,
Калаадан келген жан уккчу,
Каректеги жалгыз укчу,
Кара түмөн котолоп,
Калдайып келген эл укчу.
Бабабыз комуз черткенде,
Жашыл майсаң чөп укчу,
Жаалу катуу жан укчу,
Жайдары сүйкүм жан укчу,
Жашоо эңсеген пенде укчу,
Жайыттан келген киши укчу,
Жашап калган кары укчу,
Жайлоодон түшкөн эл укчу,
Ата комуз черткеенде,
Атасы жок бала укчу.
Акыйкат айткан чал укчу,
Ааламды кезген пенде укчу,
Арып келген шер укчу,
Ак калпак кыргыз эл укчу.
Бабалардын жолдорун,
Баян кылып черткен күү.
Алыскыны жакындатып,
Акун ата тапкан күү.
Кыя-кыя капталдан,
Кыялданып черткен күү.
Ак жайдын күнүн келтирип,
Акун ата тапкан күү,
Кой маарап, жылкы өткөнүн
Коңгуроо кылып каккан күү.
Арпа Тектир, Ат Жайлоо,
Акун ата тапкан күү.
Баястан, Торгой, Куржунду,
Баян кылып черткен күү.
Баа жеткис мезгил кеткенин,
Бай өмүр сапар чеккенин,
Баян кылып айткан күү.
Бармактарды жоорутуп,
Бабаларым черткен күү,
Акун ата аталып,
Ак баракка катталып,
Аян болуп кеткен күү.
Сан жылдарды жылоолоп,
Саан бээни кыроолоп,
Саргайып жүрүп тапкан күү.
Аты аталып Акун атанын,
Асмандан чачып ай нурун,
Алыска тарап кеткен күү.
Күүлөрүң калды жазылбай,
Күн Тийбестен ары ашпай.
Күйүткө элди салдыңбы,
Күүлөрдү керез калтырбай.
Күүгүмдө өткөн өмүрдөй,
Күүлөрдн доошу калган жок.
Күйүп кетти кайран өмүр,
Күн нурундай тамган жок.
Атабыз өнөр үйрөнгөн,
Ыбырай, Кара Молдодон.
Үч кыл комуз сырларын,
Быйыркы кыргыз ырларын,
Ыклас коюп үйрөнгөн,
«Чоң комузчу Акун»– деп,
Кеп козгоп улам өнөрдөн,
«Атаңын көрү талант»– деп,
Алар да өткөн дүйнөдөн.
Кара Көлдөн учкан каз,
Кайрылып кайра келет ээ.
Коңгуроо күүсүн безенткен
Комузчу кайтып келбейт ээ.
Арпа тектир, Ат жайлоого,
Аркарлар кайтып келет ээ.
Атагы чыккан комузчу,
А дүйнөдөн келбейт ээ.
Ак Кайкынын башынан,
Айланып куш учут ээ.
Элинин ыйык комузчусу,
Эми бир жолу келбейт ээ.
Сорок Таш деген жайлоонун,
Согонун терип жесек ээ.
Атагы жанган комузчунун,
Айлыбыз кайра көрсөк ээ.
Күүң да жок өзүң,
Дайынсыз кеткен адам бар.
Обону такыр кармалбай,
Сапар кеткен адам бар.
Каада күтүп кемибес,
Кайран элим кантти экен.
Калдайган чоң комузчуну,
Кара жер кантип алды экен.
Өзүңдүн күүңү жаздырганы,
Бир адам чыккан жок экен.
Эр эмгегин баалабас,
Элиң дагы караңгы экен.
Эмгекти жазып калтырганга,
Эр жигиттер жок экен.
Талантты такыр баалабай,
Тамагы менен жеген экен.
Таланттуу Акун комузчу,
Таптырбай кеткен экен.
Күүлөрүң калса жазылып,
Тарыхың жүрмөк айтылып,
Жаштар сени жомоктомок
Жашарган сонун баян болмок.
Атаңын көрү караңгылык,
Аңтарылды дүйнө жок калып.
Ак Сай, Көк Сай, Сары Сай,
Аткарылбас арман ай!
Бууракандап ичтен толкуйт,
Буулуккан чер тарабай.
Талант, өнөр жагынан,
Табылбайт сендей бир адам.
Жаратылыш өзүңө,
Жылындуу шык ыйгарган.
Темир Канат жерине,
Ысмың сенин берилмек.
Кара Көңдөй мектебине,
Кадырлуу өткөн талант деп,
Карыянын аты чегилмек.
Какшанып жанган радиодон,
Кабарың сенин берилмек.
Беккулу эмес кол боюнда
Мындай адам табылбайт.
Ыбырай, Кара Молдонун,
Аты менен тең турмак.
Табияттын белеги,
Талант деген табылбайт.
Көз жоосун өнөр азгырып,
Көркөмдүк чачып жаркырайт.
Зор комузчу, улуу талант,
Кылымда бир жаралат.
Айтылбай кеткен тарыхы,
Арманда кеткен бир талант.
Алтын сындуу чачылбайт.
Талант менен өнөр шыкты,
Баалагыла калайык!
Өнөр шык эгер өтүп кетсе,
Оңой менен табылбайт.
Алтын дагы табылат,
Мал-жаның дагы табылат.
Өкүттү салып сезимге,
Өнөр деген таптырбайт.
Ушундай тура шум жалган,
Талант деген элден калган,
Жакшы чыккан азаматтар,
Талант жолун баалаган.
Энчисин болуп журтуңдун,
Эл алдына айтып чыгарган.
***
Башкаларга намыз бербей,
Баатыр өттү, шер өттү.
Аты чыгып кыргыз ойнунан,
Айдыңданган эр өттү.
Эки баатыр эңишет,
Чылбырларын чайнашып,
Ары-бери жулкушат,
Намысты бербей кармашып,
Баатыр эле бир далай,
Атыгайдын Асылбек,
Эл алдында намыстанып,
Эрлер эми тирешет.
Узун бойлуу кең далы,
Урматтап турган адамды,
Куланбайдан Баякун,
Баатыр болчу бу дагы.
Ачакейдин Чундугу,
Эңишке түштү көп жолу.
Намысты бек кармаган,
Барктуу болчу баарынан.
Азап тартып калуучу,
Аны менен кармашкан.
***
«Балбан күрөш болот» деп,
Жарчылар жар чакырат.
Алдыга чыккан баатырга,
Албан байге тартылат.
Балбандар күч сынашып,
Багалектен алышат.
Күч атасын тааныбайт,
Күчөп келип кармашат.
Салабаттуу баатырдай,
Саадабайдын Абдырай.
Алдыга чыкты тартынбай,
Көңдөйдүн балбан Чокмору,
Көөнөрбөгөн эр болчу,
Түлөбердинин Сукейи,
Түйшөлбөй гана бек турат,
Даңкы көпкө угулат,
Даңазалуу эр турат.
***
Кылымга аты аталган,
Кыргый куштун берени,
Канаттарын каккылап,
Карагай черди жердеди.
Кыргыйдан баатыр кем беле,
Кыргыз элде береги.
Бабалар сыйлайт байыртан,
Баатырын чыккан элдеги.
***
Токторбайдын Аалысы,
Кетирген эмес намысты.
Атка жеңил тайга чак,
Ар нерсеге шамдагай.
Ыкчамдыгын көрсөтөт,
Ыстамдын уулу Ыбырай.
Батынып ага жакындайт,
Бапайдын Ырыскелдиси.
Айтикенин Аалысы,
Байыркыдан келаткан
Баатырыбыз бир далай.
Элибиз аны унутпай,
Эсине салат кайталай.
Канча жылдар өтсө да,
Карааны калган айтылбай.
Баатырларды эстейбиз
Баянын айтып келебиз.
Алып-учуп умтулган,
Атаңын көрү заман ай,
Жол жомогун улаган,
Жомокчу ушул бала ай,
***
Аскага өскөн бетеге
Ал жакка улар кончу эле.
Улуу тоонун ырларын,
Укмуштантып созчу эле.
Колумда турган калдыркан,
Кооз экен го карасам.
Колуңдан аны коё бер,
Ал байкушту аясаң.
Колумда турган калдыркан,
Кооз жергеме жарашкан.
Байрыкыдан кеп козгоп,
Баян айтып баратам.
Абалкыдан кеп козгоп,
Аян айтып баратам
Азгырылып өткөнгө
Аңгеме айтып баратам.
***
Ат дүбүртү дүңгүрөп,
Балбандар чаап келатат,
Жер айлана күү күчөп,
Жердештер артка сүрүлмөк,
Курун бекем курчанып,
Курумшудан Айтике,
Улакты тартып келатат.
Узай чаап арылайт.
Ак бозго камчы уруп,
Артынан чаң уюулгуп.
Баякун баба жакындайт,
Бай сөзүн айтып бакылдайт,
Күн нуруна чагылып,
Үзөнгүлөр жаркылдайт.
Үйүр тобу көрүнүп,
Күлүстөндөр арылайт.
Курумшудан бир эр бар,
Кула аты менен келатат,
Ырыстуу бир шер эле,
Ыстамдын уулу Ыбырай.
Эңип алып улакты,
Эңкейиштей баратат.
Карагер күлүк кашка ат,
Карааны сызат алыстай.
Кудуреттүү жан эле,
Кулеттин Ысайы.
Тартып алып улакты,
Ташкындай чаап баратат.
Кашка атка камчы уруп,
Карааны качып уюулгуп,
Тоготпой башка жандарды,
Толгон топтон арылады.
Анын арты жагынан,
Шоңконун Рыскелдиси,
Карала атка камчы уруп,
Калбай келет удургуп.
Жанатан даяр турган,
Жаманактын Абдысы,
Кошо чыкты камынып,
Коштон калбай ашыгып,
Ат дүбүртү угулуп,
Аяктан чаң уюулгуп,
Баатырлар чаап келатат,
Жер айланып дүңгүрөйт,
Жердештер артка сүрүлөт,
Сүрөмөлөп үн күчөйт.
Беш энебиз жер көчөт.
Угуттуу жер дүңгүрөйт,
Улакчылар улагын,
Алмай-телмей тартышып,
Ары-бери алышып,
Түбү калың берешен,
Түзөңдө турат калың эл.
Баатырларды карашат,
Учуп-жанып берендер,
Улам алга ашыгат,
Улакты тартып келатат.
Бабаларым баатырлар!
Улагыңды тарта бер!
Уламалап санжырачы,
Улуу кепти айтып кел!
Беккулунун берендери,
Колдон намыз чыгарбай,
Бабаларды уяткарбай,
Бир-бириңи эш тутуп,
Кара атка камчы уруп,
Кайып сызсын сапарлай.
Алдыга кеткен жол улап,
Атаңын көрү заман ай.
***
Күкүк куш Кара Колоттон,
Күүсүн төгүп безенет.
Куштун үнү мукамдуу,
Кумарланам миң ирет.
Күкүк кушту аңдыйлы,
Кылтак салып кармайлы,
Кылтак менен кармабайт,
Торго түшсө сайрабайт.
Анын үнүн уккуң келсе,
Акырын жылып жакын бар.
Куш үнүндө жалын бар,
Кудуреттүү үндү уксаң,
Курган жүрөк жалындаар.
Турак кылып жашаган
Туулган жерин ыр кылаар.
Турагымдан ыр чыкса,
Туугандарым макталса,
Жаш денеңде жүрөктүн,
Жалын чачаар жагы бар.
Кагылайын туугандар!
Аңгеме маек кургандар!
***
Баян айткан дастанчым,
Байыркыны жакындат.
Бабалардын ойнун айт!
Тээ байыркы салтын айт!
Терип-терип тепчип айт!
Калжаң-кулжаң кошуп ийбей,
Карыбаган чындыкты айт!
Укулуктуу болсун деп,
Учкай жерин чолуп айт!
Азга күтө тургула,
Ат жарышы башталат.
Көңдөй ичи күүлдөп,
Күлүктөр кетти дүңгүрөп,
Туу түбүндө алкынат,
Түмөнбайдын Тору аргымак.
Ооздугун карс чайнап,
Окуранат баш чайкап.
Ат жарышка кошулат,
«Күткөн ойду берсе, деп,
Күлүгүм чыгып келсе –деп,
Адамдар:– Оо, кудайлап,
Жаратканга табынат,
Бата берип жатышат.
Ат жарышы башталат.
Бүтөбайлар атын сүрөп,
Чабандесин жөлөмөлөп,
Дүңгүрөшүп келатат,
Дүбүрткө толуп кең аймак.
Аргамжы боюу жакындайт,
Атыгайдын Кула аргымак.
Жаныбар эми арыш алып,
Биринчи атка жакын барып,
Билгизбей арым арбытып,
Жанын сабап, даңкан чачып,
Жаадай сызып келатат.
Түмөнбайдын Ак желек,
Түмөнгө чыгып жарк этет,
Бийик-бийик жар келсе,
Бир изин жаза баспаган,
Ай караңгы түн келсе,
Андай жерден жаңылбас.
Акылы укмуш жаныбар,
Алааматта жаңылбас,
Айың болгон элине,
Айтып бүткүс кеби бар,
Дастанчым бул күлүктөрдүн,
Дайнын айтаар жериң бар.
Шоңконун Алабайталы,
Топ жарышта байге алган.
Томуктай күлүк чыкты деп,
Тоолук элдер мактаган.
Ооргуп-оргуп чаң чыгат,
Жарышкан аттар келатат.
Тынайдын Көккашкасы,
Тынбай арыш алыптыр,
Астыңкы жайга барыптыр,
А да кызып алыптыр.
Ай чапчыган аргымак,
Аттар кайда андагы?
Жонго карай созулуп,
Жолдор жатат баягы.
Алып-учуп сызышкан,
Аргымактар көрүнбөйт.
Алкынтып күлүк ат чабып,
Азаматтар бери өтпөйт.
Азаматтар өтпөгөн,
Агарып муңдуу жол жатат.
Аралап кеткен кыяны,
Ал кашка жол нени айтат?
Күндү чапчып алдырбас,
Күлүктөр кайда андагы?
Күңгөйгө карай созулган,
Күйүттү жол баягы,
Күңгөйгө учуп бараткан,
Күлүктөрдөн караан жок.
Күргүштөшөт күлүктөр,
Күлүстөндөн дарек жок.
Күлүстөндөр өтпөгөн,
Күбүрго кеткен жол жатат.
Күңгөйгө кеткен созулуп,
Күйүттүү жол нени айтат?
Беккулунун уулдарына,
Берешен бакыт тилегем.
Алыска чапкан күлүгү,
Ашып келсин жол менен.
Алдыга чыгып келе көр!
Аны айтамын ыр менен.
Арыбай чуркап күлүгүбүз,
Аппак нурун таратсын,
Асманда тийген күнүбүз.
Айдыңдуу жерде жашаган,
Аман болсун элибиз.
Бийикте турсун Теңирибиз,
Биримдик болсун демибиз.
***
Намыс жолун уланткан,
Баатырларды сыйлагыла!
Элдин баары эш туткан,
Эрендерди сыйлагыла!
Эстеликти бал-бал жанган,
Байыркы деп атагыла!
Эзелтеден келаткан,
Элиңерди сыйлагыла!
Барак ачып, обон ойлоп,
Баарын ырга салгыла!
Калтырбастан ой козгоп,
Кара сөзгө жазгыла!
Жазылбай унут калгандарды,
Жаңылык жазап ачкыла!
***
Ордо ойнуна келгенде,
Мамбетаалы ордочу,
Тоорумакты тооруган,
Жайнаган чүкө чыгарчу,
Жалгыз эле оюндан.
Мамбет деген ордочуну,
Калың журту мактаган.
Карааны тоодой Боогачы,
Калган эмес алардан.
Ылдыйкы Абды атабыз,
Намысты колдон талашкан.
Шайык дагы шашпаган,
Жайнаган чүкө чыгарган,
Ордо ойнун унутпай,
Дастандарга жазгыла!
Тереңде калган тарыхтан,
Тээ түпкү ата-бабадан,
Бул оюн калган Манастан
***
Кетирекей карыя,
Кеби элге жарыя.
Кең өтөктү аралап,
Керүүдөн жылкы айдаган,
Керимсел жел бетке урган.
***
Абадан деген карыя
Айткан сөзү жарыя,
Айдыңы чоң далдайып,
Адырдан жылкы айдаган,
Аркы өтөккө мал жайып.
***
Боогачы деген карыя
Боо түшкөн сөзү жарыя,
Боордош жерден кетпестен,
Бордунун белин жайлаган.
Боолотуп жылкы айдаган.
***
Кетирекей карыя
Кезинде а да жок болгон.
Кеби, сөзү кылыгынын,
Кээ бири калып коштолгон.
Кеп козгогом ошондон.
Тээ байыркы болгондон.
***
Кетирекей өтөктөн,
Кечинде келем жылкы айдап,
Кең өтөктүн өзүнөн,
Кербен жел согот закымдап.
***
Абласан өтөктөн
Аттарды келем мен айдап,
Атабыз өткөн жер көктөм,
Атыр жел согуп аймалап.
***
Балбактын уулу Абадан,
Коңгуроолу жылкы айдаган.
Көбүргөн өтөк тарапты,
Көбүрөөк өтүп жайлаган.
Абадандын Жолду уулу,
Кожожаш мерген аталган,
Коргулду бойлоп жашынган,
Кайып болуп закымдап,
Кайберенден калбаган.
Аркар, кийик бүт аткан,
Адырдан теке сулаткан,
Кайкып учуп көрүнгөн,
Карааны чыгып бөлүнгөн,
Канаттууну көзгө аткан.
Арыган эмес аңгемем,
Анын даңкын жатка айткам.
Алматай ажы таң калган
Бүлүнтүп бизди атпасын,
Азапка мерген салбасын.
«Кожожаш мерген экен»,-деп,
Сөз сүйлөгөн чебердеп.
Өзүнүн атак даңкын
Кеткен экен бекемдеп.
Өнөрлүү жанды унутпай,
Дайым эстей жүрөлү.
Кожожаш мерген бизде деп,
Аңгемелеп аста сүйлөйлү.
Бабалар айткан тарыхтан,
Баштайлы ушул аңыздан.
***
Аталардан кеп баштагам,
Абадан өтөк жайкалган.
Байыркы турган конуштар,
Бабалар сырын жашырган.
Жай саратан толуптур,
Жайнаган чак болуптур.
Кошубай кончу өтөккө,
Шоңколор келип конуптур.
Ай жаңырып, мал төлдөп,
Айран, жуурат толуптур.
Атыгай кончу өтөккө,
Ортоңку айыл конуптур.
Кошубай кончу өтөктө,
Каакым менен гүл жайнайт.
Качандыр өткөн бабалар,
Кайра артына кайрылбайт.
Агарып гүлдөр көрүнүп,
Ак Сайдын суусу агылса,
Жаздын маалы болуптур.
Арпа тектир конушка,
Язбек уулу конуптур.
Абадан кончу өтөктө,
Атыр жыттуу гүл жайнайт.
Алыска кетип жок болгон,
Аталар эми кайрылбайт.
Боордон туруп карасам,
Боогачы өтөк көрүнөт.
Боогачы өтөк жайлаган,
Боолотуп жылкы айдаган,
Боорлорум неге көрүнбөйт?
Жардан туруп карасам,
Жантай өтөк көрүнөт.
Жантай өтөк жайлаган,
Жайында малын айдаган.
Жаркындар неге кайрылбайт?
***
Айыл терең тынч уйкуда. Дабыш жок үн чыкпайт. Асманда толгон ай. Чыгыштан жаадырап чыга келип, Мен төрөлүп өскөн айылды алтын нурга бөлөп, магдыратып салды. Менин балалыгым өткөн жерлер алтын нурга бөлөнүп калды. Айланамда улуу тоолор. Касиеттүү Чоң Таш жайлоосу. Балалыгым өткөн жерлер алтын нурга бөлөнүп жатты. Алдымда Чоң-Ташымдын суусу ал күчкө келип күрүлдөп агып жатат. Бул касиеттүү аймактын баардыгы айдын алтын нурга бөлөнүп калды. Мен жерди карадым, жер жап-жашыл, тизеден келген шибер чөп. Анда-санда гана көйрөң жел мен бармын дегенсип согуп өтөт. Баардыгы терең уйкуда. Балалыгым өткөн ыйык жерди, тегерек ай алтын нурга бөлөп өтүп баратты. Жан-жагымда байыркы замандан бери жашап келаткан ата-бабам көргөн асыл тоолор. Бир кездерде менин ата-бабам дагы ай нурунда туулган жерди ушинтип карагандыр. Мен жап-жалгыз ушул жерде турам. Ушул жерде туруп, бул жерде өткөн жакындарымды, тааныштарымды эстеп жатам. Абаларымды, апаларымдын жаркын элестери көз алдыма даана келип турду. Алар менин эсимен кетпей турду. Алардын сүйкүм элестери менин көз алдымда даана турат. Мен кечөө бир таанышым менен келип ушул жерде таш короонун жанына туулган жеримди көрөйүн деп жалгыз конуп калгамын. Кулагыма жылкынын кишенегени, койлордун маараганы, уйдун мөөрөгөн даана угулуп турду. Тээ алыстан кандадйдыр бир суурдун ышкырган үнү угулгансыйт. Ошол мени суктандырган балалыгымда болгон суур окшойт. Алыстан атам, Аляз абам, Дүйшөн, Жусу, Кенебай, Сыдыш, Көкүш, Тынчылык Токуш байкелерим коюн айдап келаткан элестер көз алдыма келип-кетип турду. Аларды мен эстебей эле алар мени эстеп тургансыйм. «Сен эмнеге туулган жериңе көптөп бери келбей калдың- дегенсийт. -Туулган жерге келип бизди эстеп тур» дегенсийт.Энем, асыл жеңелерим Гүлүй, Бурулуш, Батма, Батый, Гүлбайра жана башкалар өз турмушун кылып жүргөнсүйт. Тээ алыста жылкынын кишенеген үнү, аларды түбүртү кулагыма даана келди. Ашыбай чоң атам бир тараптан жылкы айдап келаткансыйт. Ушундай элестер менин көз алдыма келип -кетип турду. Кечке жөө келип чарчаган окшойм. Атам салган таш короонун түбүнө жатып уктап алайын дедим. Жашыл чөптүн үстүнө жатып, чапанымы айкарасынан жамынын уйкуга кирдим. Түшүмө өткөн балалыгым кирсе экен. Эртең менен ойгонуп, аталар өткөн конушту аралап аларды ырга салайын. Касиеттүү туулган жерим сен барсың, сен барда мен бармын. Мага тааныш жаркын адамдар силер мени мененсиңер. Силердин сүйкүм элесиңер мени менен дайым бирге жашап келатат.
***
Керүүдөн туруп карасам,
Кетирекей өтөк көрүнөт.
Керилтип жылкы айдаган,
Кезинде бээни байлаган,
Кербендер неге көрүнбөйт.
Адырдан туруп карасам
Абадан өтөк көрүнөт.
Алкынтып жылкы айдаган,
Адырларга мал жайган,
Аталар бери өтүшпөйт.
Алкымдан туруп карасам,
Абласан өтөк бүлбүлдөйт.
Адырларга мал жайган,
Ак калпак кийип калдайган,
Агалар эми бери өтпөйт.
Коктудагы жолду өрдөп,
Кой менен жылкы өтөгөр.
Көөнөрбөс элдин тарыхы,
Көз алдыма келегөр.
Адырдагы жолду өрдөп,
Атчан жигит өтөгөр.
Аталардын тарыхы,
Айтканда эске келегөр.
Эңкейиште кырлардан,
Эчки, аркар өтөгөр.
Эзелкинин тарыхы,
Эсиме эми келегөр.
Байтак жолдо көрүнүп,
Башчы жигит өтөгөр.
Байыркынын баянынын
Бабалардын тарыхынын
Баары эске келегөр
***
Биз мурунку муундарга көз жиберели, айрыкча көзү өтүп кеткендерди ойлоп алалы.. Алардын абройлуу элесин, жүргөн-турганын дагы бир жолу эске салалы. Алардан биз үлгү-таалим алганбыз анан кантип биз аларды унутуп салмак элек. Алар мага үлгү болчу, жеке эле мага эмес баардык адамдарга жүргөн-турганы менен таалим болгон. Ошол жакшы элеси менен биздин эсибизде калбадыбы. Көзү өтүп кеткендердин бир гана жакшы жагын, үлгүлүү жагын эстөө эң жакшы. Мен бала кездеги чоң аталарымдын, чоң энелеримдин жакшылыгын эч убакта унутпайм. Алардын мага жасаган жакшы мамилелери менин көз алдыман кетпей элестелип турат. Алар ошонусу менен менин айланамда тирүү жүргөнсүйт. Айтымбет атам, Калый энем, Ашыбай чоң атмын кемпири, Баякун атамын кемпири жана башкалардын сүйкүм жакшы элеси мени менен жашап жаткансыйт. Бул ак кагазга алардын баарын атап өтүү мүнкүн эмес. Айрыкча мени менен көп жүргөн Түйтө жеенимин, бирге ойноп балалыктын жаркын элестерин өткөргөн, бул жерде эмес башка жакта көзү өтүп кеткен Жекшен досумдун жаркын элесин эч убакта унута албайм. Мындай жаркын адамдар ого эле көп, алардын жакшы элестерин мен кийинки баяндарымда улантаарымды силер унута көрбөгүлө. Мен силерге эмне дегим келет. «Көзү өтүп кеткен жаркын адамдардын элесин эч убакта унутпагыла, аларды эскерип тургула! Жана ар дайыма аларга багыштап куран окугула» дегим келет.Алардын бизге калтырган жакшылыгы, баарыбызга төгүлгөн жашыл нур сыяктуу эчтекеге бергис осуяттай сезилет .
***
Элчибай чечен тил безеп,
Санжыраны сайраган.
Этекке малын жайдырган.
Асый чыкма жылкыларды,
Адырга конуп саадырган.
Ак тору атына,
Арпа берип бактырган.
Серкесинин мойнуна,
Коңгуроону тактырган.
Кайран киши бу да өттү,
Буйрук тура ушундай,
Буюрбай калып а бала,
Көөнөрбөс Көңдөй ичинде,
Көп баян калды айтылбай.
***
Абалатып жылкыны
Алтымышбай ата айдаган.
Алдындагы малдары,
Адырлуу бетке батпаган.
Асый чыкма жылкылары,
Ак-Кайкыны жайлаган.
«Көнөрбөс бай экен»-деп,
Көргөн жандар мактаган.
***
Койсойбостон Канай бар
Койкоңдогон жандарды.
Колун бурап артка кайрып,
Кокуйлаткан далайды.
***
Койсойбостон Тапа бар
Койлорун жайып адырга.
Жылкыларын жайдырган,
Жылуу-Суунун алдына.
Жарды менен жалчыга
Жайы менен кайрылган.
«Берешен адам экен»,-деп,
Бет келгендер мактаган.
***
Тамырды кармап так айткан
Тамшанып туруп жатка айткан.
Ооруган жерди бат айткан,
Ааламда кезип келгендер,
Андай табып таппаган.
Ырымчылык жагы бар,
Ысымын эли даңктаган.
Азыркы эле дарыгердин,
Арбынын артка калтырган.
Дайындуу алыс элдердин,
Далай-далай пенденин,
Алкышына жараган.
Дүр-дүнөсүн жаза албай,
Дүкөнү ачык жабылбай,
Көңүлүн жакшы ача албай,
Көксөгөнүн таба албай,
Жайраган жалгыз баласы,
Жабылбай ойдун санаасы,
Артынан тукум тарабай,
Атаке» деп сөз айтпай,
Дүйшө табып бир келип,
Дүйнөдөн өттү арман ай.
***
Иймектеги Төрт Күлдө
Илгери өткөн чоң жыйын.
Ишибиз алга жылсын деп,
Ошондогу дайныбыз,
Ушу Көңдөй айлыбыз,
Исакеев аталган.
Андан бери кайкып учуп,
Алыстады көп заман.
Эл көтөрүп шайлаган,
Эмгеги асыл азамат,
Контр болуп катталган.
Азамат эр жери үчүн
Арбын кызмат жасаган.
Антсе дагы кутула албай,
Азап тартты жалаадан.
Отуз жетинчи жылда анан,
Темир Канат аталган,
Баардык ишти так айтып,
Жан дүйнөнү тазарткан,
Ак жорго минип чайпалган.
Абатай аба башкарган,
Абалайт жылдар сабалап,
Ал кездеги жаш бала,
Ак чач болуп картайган.
Темиркан биздин атабыз,
Мал чарбасын башкарган.
Далай-далай адамдар,
Дайны менен тың чыккан.
Өлбөс атак калтырган.
Ай айланып күн өттү,
Анан канча жыл өттү.
Күдүр-күдүр күдүр саз,
Күдүрдөн учуп өрдөк каз.
Темир Канат бул эмне?
Асмандап учкан Айрыплан.
Ак булутту аралаган,
Арыбай учуп сабалаган,
Абада жай калкыган.
Айрыплан -Темир канат,
Кага берсин канатын,
Алды жакка бара алсын.
Темир канат деген сөздү чыгарган,
Санжырачы жана акылман.
Ушул жерди Темир Канат деп атаган.
Темиркан ата өзү өттү,
Өзү өтпөсө көзү өттү.
Андай сонун адамды
Эскере биз жүрөлү,
Эстелик калып өткөндү.
***
Буйгаттан учкан кара куш,
Букарга кетип дарек жок.
Турагын таштап кетип,
Тунжуроодо дарек жок.
Букарга учкан кара куш
Бурулуп кайра келбеди.
Кандаштары аны жоктоп,
Кайгырып жашын ирмеди.
Ак баракка жазылбай,
Арманы бар ыр өттү.
А дүнөгө жол улап,
Армандуу бир эр өттү,
Туулган жерден айдалып,
Кулак болуп кармалып,
Кубалана сандалып,
Учкан куш жетпес жер эле,
Украина элинде,
Турганбай деген кары өттү,
Турмушта катуу кеишип,
Туура жолдо жетелешип,
Байбичеси дагы өттү.
Атыгайдын Тынайы,
Болуш болуп айдалып,
Болбогон жерден жаза алып,
Айдыңдуу жерден алыстай,
Агаларга салам бере албай,
Алыс жакта бу өттү.
Атагы бар Абдылда,
Айлына жетпей сапарда.
Алыс бөтөн жактарда,
Армандуу болуп ал өттү.
Чынгыштын Жоомарты,
Өз айлынын уулу эле.
Өктөмдүү бир жан эле,
Оо, дүйнөгө бу да өттү.
Кетирекейден Ысман бар,
Келбей калды канчалар.
Көңдөй жерден айдалып,
Кордукту көргөн адамдар.
Эл душманы аталып,
Куугундук жеди канчалар.
Өмүрдө нени көрбөдү,
Өксүктө өткөн кайрандар.
Анан мезгил өзгөрдү,
Эл досу экен эми алар.
Ак жеринен айдалып,
Азапты тартты канча жан.
Мазесин алган далайдын,
Маңгурттарга таң калам.
Келип кеткен өмүргө,
Кетирекей ким эле?
Койнунда тоонун төрөлгөн,
Кошубай деген ким эле?
Жайында бээни байлаган,
Жантай деген ким эле?
Аталар атын унутпай,
Айта жүргүн замандаш.
Качандыр өтүп кеткенди,
Кайра эскергин кары, жаш.
***
Турагы жок куш болбос,
Тууганы жок эр болбос.
Дареги жок жер болбос,
Башаты жок суу болбос.
Турагы жок учкан куш,
Туш келди жерге бир коноор.
Турагы жок эр болсо,
Коргоноору жок болоор.
Дайны жок суу айтылбайт,
Ак кагазга жазылбайт.
***
Ат жайлоодо канат кагып,
Алгыр бүркүт айланат.
Сай боюнда Сорок Таш,
Жол боюнда сороёт.
Ары-бери закымдап,
Айланып учуп куш конот.
Чермиш баба бул ташты,
Ойлуу карап тургандыр,
Таяк менен тыкылдатып,
Тамашалап ургандыр.
Көнөчөктү кайра эскерип,
Жылмая күлүп алгандыр.
Ташты урган Чермиш жок,
Тамашалуу баба жок,
Атадан калган дүйнө жок,
Атаңын көрү дүйнө бок.
***
Кулак болуп алыстарга айдалды,
«Көңдөйүм»– деп жалбырактай саргайды.
Тагдырлары жандап кетип азапты,
Асыл жерге алар жетпей калышты.
Сейит уулу Турганбай.
Таштаке уулу Кыдыр.
Артык уулу Ордобай.
Табылды уулу Орунтай.
Атыгай уулу Тынай.
Атыгай уулу Абдылда.
Шүкүр уулу Эсенгул.
Чынгыш уулу Жоомарт
Кетирекей уулу Ысман
Бапа уулу Рыскелди.
Акман уулу Токтосу
***
2- БӨЛҮК
«Така туякты сактайт, туяк тулпарды сактайт,
тулпар эрди сактайт,
эр элди сактайт».
Байыркы түрк макалы
«Эр жигит эл четинде жоо бетинде».
Байыркы ыргыз эл макалы
ЖООКЕРЛЕРДИН АРМАНЫ
Саргалдак учкан тоолордун,
Саргарып гүлү ачылды.
Сар-санаа болуп аарчыймын,
Салаалап аккан жашымды.
Саргарган сары жалбырак,
Самсаалап түшөт күзүндө.
Жалбырак жансыз калдырап,
Жабыккан элес жүзүмдө.
Боз булут баскан тоолорго,
Боздосом үнүм жетпеди.
Кабылдык душман огуна,
Кандаштар бизди эстегин.
Кайкыйт кушу тоолордун,
Кайрылып барып көрбөдүм.
Элесимди эстей жүр!
Эл-журт үчүн өлгөмүн.
Жаткан жайым белгисиз,
Сөөгүм калды кап-кайда.
Кайрылып жерди көргөнү,
Каркыра болом жаз-жайда.
Көк асманда сапарлап,
Тизилсе учса каркыра.
Жоо огунан жок болгон,
Жоокерди эске салгыла!
***
Поезд минип улантышып сапарды,
Берендерим кан майданга аттанды.
Арман күн ай, тагдыр экен түбөлүк,
Агаларым ал согуштан кайтпады.
Кан майдандан алар келбей калса да,
Кайрыла албай батыш жакта жатса да.
Аларды эстеп ыр чыгарган адам бар,
Айдың мезгил алыс жакка сызса да.
***
Унутулду жалган атак, даңк дагы,
Ушул кезде такыр калып айтылбай.
Жоокерлердин жасап өткөн эрдиги,
Жомок болуп ырларымда калгандай.
Ыр да ырдалып, санжырада айтылган,
Улуу эрдикти баштоо дагы улуу кеп.
Жердештерим корккон эмес ажалдан,
Ошол үчүн бизди коргоп жан кыйган.
Алардын улуу эрдиги баяндалат,
Ак кагазга көп элестер жазылат.
Даана жазсам абалардын жолдорун,
Дайнын ачып кереметтер жаңырат.
***
БҮТӨБАЙ АТАДАН КЕЛБЕЙ КАЛГАН
ЖООКЕРЛЕР
Чекир уулу Дүшөнбай.
Алаш уулу Мыйса.
Ысабек уулу Усубакун.
Менде уулу Акир.
Курман уулу Токтокадыр.
Абыш уулу Жолбун.
Абыш уулу Дүшөнбай.
Түмөнбай уулу айдыңбай.
Кулет уулу Турдубек.
Темиркан уулу Барктабас.
Темиркан уулу Кабыл.
Жараш уулу Канимет.
Жараш уулу Рыскелди.
Жараш уулу Бердалы.
Тыны уулу Олобай.
Тыны уулу Шарыпжан.
Асылбек уулу Абдырасул.
Асылбек уулу …
Акмат уулу Сырдыбай.
Акмат уулу Абдырай.
Атыгай уулу Кабыл.
Шабдан уулу Байбосун.
Ургазы уулу Кусейин.
Ыбыке уулу Апил
Аалы уулу Садыр.
Токтосун уулу Дүйшөмбү.
Желдең уулу Такиш.
Желдең уулу Саякбай.
Асан уулу Кудайберген.
Урманбет уулу Жакыпбек.
Урманбет уулу Үсөн.
КУРУМШУ АТАДАН
Баяман уулу Жумакун.
Акун уулу …
Турусбек уулу Шейше.
Турусбек уулу Темиркан.
Кутман уулу Бейше.
Шайке уулу Абырай.
Кайу уулу …
Орозбек уулу Байтур.
Асыл уулу Акмат.
Тапай уулу Жүдөмүш.
Тургунбай уулу Мамбетакун.
Мергенбай уулу Ыйман.
Самен уулу Төлөбай.
Самен уулу Карыбек.
Саты уулу Кабакан.
Саты уулу Казак.
Токтогул уулу Жусуп.
Токбай уулу…
Токбай уулу Мөкүш.
Токбай уулу Самүдүн.
Дүйшө уулу Заркыт.
Токтобек уулу Бектурган.
Айбек уулу Ачубакун.
Сарыбаш уулу Молдобай.
Ордобай уулу Үсөке.
Баякун уулу Нурдин.
Алыбай уулу Чекир.
Алымбай уулу Бакирдин.
Ачакей уулу Кубатбек.
Жумабай уулу Кемел.
Саадабай уулу Ыбырай.
Текебай уулу …
Осмон уулу Жусуп.
Молдоакый уулу Жангороз.
Молдоакый уулу Асанакун.
Сакы уулу Асанбек.
Турдубек уулу Токтоакун.
Жолдошбай уулу Тенти.
Тотосун уулу Мкамбет.
Кыдыр уулу Арун.
ШОҢКО АТАДАН
Эсенгул уулу Ыйманаалы.
Эрдөлөт уулу…
Бектемир уулу…
Күрөңкө уулу Касым.
Кетирекей уулу Асанбай.
Кетирекей уулу Мусажан.
Жийдебай уулу Бапыр.
Тыныбек уулу Шайыр.
Манапбай уулу Үсөнбек.
Сыдык уулу Жолдош.
Сыдык уулу Жоодат.
Миңжашар уулу Акмат.
Теңизбай уулу барктабас.
Сарыбай уулу Рай.
Бапы уулу Касымалы.
Мембетаады уулу Жылтыр.
Аалы уулу Асанаалы.
Садыбакас уулу Кабыл.
Маамбек уулу Мустаке.
Маамбек уулу Мукамбет.
КЫПЧАК ТУУГАНДАРДАН
Ыстам уулу Жаанбай.
Баяман уулу Көчөр.
Токторбай уулу Аалы.
Жумадыл уулу …
Намазаалы уулу …
КАЙТПАЙ КАЛГАН ЖООКЕРЛЕР
Кара куш неге уча албайт,
Кара кушта канат жок.
Кара жол турат даңгырап,
Кара жолдо караан жок.
Ак куш неге уча албайт,
Аппак кушта канат жок.
Ак дөбөнү карасам,
Агалардан дарек жок.
Кыргыйек неге уча албайт,
Кыргыйекте канат жок.
Кызыл Дөбөдөн серп салсам,
Кымбаттардан дарек жок.
ЖООКЕРДИН АРМАНЫ
«Душмандар менен алышып,
Кан майданда окко учтум.
Намыстуу эл журтумдун,
Наамын коргоп мен турдум.
Карааны алыс Көңдөйүм
Кагылайын эл журтум!
Ак үмүт менен шайландым,
Араңарда мен бармын,
Кичинемде бирге элем,
Кимиңерден кем элем.
Уулуңар менен тең элем,
Урушка сапар кетти элем.
Урматту элим дээр элем.
Калың колдун алдында,
Кагылышта жок болдум.
Кайыбынан мерт болдум.
Шоораты кенен жерим ай,
Шоңко, кыпчак элим ай!
Кош деген сөздү айта албай,
Коюланган жашым ай!
Кара Колот жеримдин,
Караанына калдым жете албай.
Көздөн аккан жашым ай,
Көөдөнүмү эзет ай!
Ийри Колот жерим ай!
Иймегиме калдым жете албай,
Ийнимдеги жүгүм ай!
Ичимдеги бугум ай!
Арпа Тектир, Ат Жайлоо,
Атадан калган жерим ай!
Ал жакка калдым бара албай,
Сорок Таш деген жерим ай!
Соолбос менин элим ай!
Согушка салып жок кылып,
Соолутту мени өлүм ай!
Туманга жаан аралаш,
Кара Каман, Чатыр Таш,
Кайта салам бербесмин,
Кайрылып сага келбесмин.
Апаттуу ушул согушту,
Айлыма айтып бербесмин.
Көңдөйдө калган атамын,
Көрбөйм го асыл элесин».
Кара Көңдөй элине,
Кара атчаным не жетпейт.
Кара атчаным мерт болгон,
Кара аты аны кайгысы,
Калың элге жете албас,
Каадалуу жерин көрө албас,
Кара атчандын айбы ушу.
Кан күйгөн согушта,
Кайтпай калды канча жан.
Күбүлдү бышкан мөмөлөр,
Күркүрөп учкан ажалдан.
Жоо менен кайта кармашып,
Жок болду эчен азамат.
Түйшүк тарткан шерлердин,
Түбүнө жетти аламаат.
Тоолук ушу бу элден,
Токсон эки жоокерден,
Туулган жерим айрылды.
Токсон эки агамдын,
Толбой кетти кайгысы.
Калдайып учуп бараткан,
Канаттары кайрылды.
Токсон эки жоокерибиз,
Таштап кетти айлымы.
Башынан айтып берейин,
Башынан анда сөз болсун,
Башкалар аны ойлонсун.
Бай өмүрүн эстерсиң,
Балким сен да билеерсиң.
Улуу тоонун аягы,
Урматтуу кеп баягы.
Баштагын деп баянды,
Жеринде калып зарыккан,
Жети өмүрүн карыткан
Жесири күтөт жоокердин,
Кайтадан бизге айтып кел!
Калкылдап булут көчкөнүн,
Канча бир мезгил өткөнүн,
Улуу тоонун аягы,
Урматтуу кеп баягы,
Баштагын деп баянды,
Батасын алган эл жердин,
Баласы күтөт жоокердин,
«Атаке!» атын айта албай,
Арманын сыртка чача албай,
«Чоо жайын айтып бергин- деп,
Чоң атам кайда кеткен» деп,
Небере улам ойлонот.
Баштан өткөн ал согуш,
Баардык жанды ойлонтот.
Ак канаттуу көгүчкөн,
Айлымдан кайта көрүнсөң.
Аккан жашым куюлат,
Айлыма жетпей бөлүнсөң.
Көк канаттуу көгүчкөн,
Көзүмө кайта көрүнсөң.
Көөдөнгө жашым төгүлөт,
Көңдөйгө жетпей бөлүнсөң.
Көгүчкөндөр агалар,
Көңдөйгө жетпей калгандар.
Аралап кеткен бул башты,
Айтып бүткүс арман бар.
***
«Келем» деп коюп келбеди,
Жараш улуу Канимет.
Айлында калган туугандары,
Аны эстеп кайгы жейт.
Дайым жүргөн жаркылдап,
Кабагына кар жаабас,
Бу дүйнөдөн табылбас,
Кайра экинчи кайрылбас,
Урманбеттин Жакыпбек,
Ушу да келбей калды ээ.
Урматы бийик кайран эр.
Маалында келбей калды ээ,
Маамбектен Мустаке,
Кайтпай калып элибизге
Капа чачып жергебизге.
Көөдөндөн муң эшилет,
Көңдөйлүк Мукамбет,
Окшошкон эки кайран эр,
Ойротто жок берендер,
Экөөнөн тең айрылып,
Канаттары кайрылып,
Капага баткан болуучу.
Калдайып жаткан кара жер.
«Аман болсо бул балдар,
Азамат болот дечү эле».
Кеткен бойдон майданга,
Келбей калды көп балдар.
Кайгы учуп каңгыган,
Учуруп колдо шумкарын,
Урук тууган кайгырган.
Ачакейдин Кубаты
Ачык айрым неме эле.
Армандуунун кабагын,
Ачып койчу бат эле.
Оо, дүйнө кетти кайран эр,
Тууган жерин сагынса да,
Аттанып чыкпас сапарга…
«Уулубуз качан келет» деп,
Улутунуп сурайт энекем,
Жашырынып көп ыйлайт,
Жашын төгүп жеңекем.
Эмне болот күнүбүз,
Эш туткан агам келбесең.
Кандай болот энекем?
Кантеер экен жеңекем?
Эчен-эчен жыл өттү,
Элестери айтылаар.
Эл жерине келбеди,
Эсил кайран абалар.
Кара Тоону айланып,
Канат кагат шумкарлар.
Калган тура кайрылбай,
Карааны сүрдүү абалар.
Омбу-домбу бел кайда?
Оболоп учкан куш кайда?
Обондуу назик ыр кайда?
Ойротту бузаар эр кайда?
Кара жел согуп өткөндө,
Каакымдарым кыбырап.
Камыштарым шыбырап,
Кайран эрлер кеткенде,
Кара Көңдөй бу калды.
Атыр жел согуп өткөндө,
Аппак гүлдөр кыбырап,
Арпаларым шыбырап,
Азамат эрлер кеткенде,
Арпа -Тектир жер калды.
Белди карай аттанып,
Беш агам сапар кетти эле,
Кеткендерден дарек жок,
Келген жок го алиге,
Беш агаман дарек жок,
Беш жол жатат созулуп,
Берендер келбей калды го,
Белди карайм томсоруп,
Бейгам ойду ойлонуп.
Токобай уулу Самүдүн,
Толукшуган пенде эле.
Тору атына камчы уруп,
Тоо боорунан кетти эле.
Токобай уулу кеткенде,
«Элиңе аман келгин» деп,
Энелер калды жаш төгүп,
«Калкыңа аман келгин» деп,
Карылар айткан ак тилек.
Арман күчөп ташкындай,
Айлына аман келе албай,
Алымбайдын Чекири,
Жалын өчүп окко учту,
Жазмыштан көрүп буйрукту.
Жолдошбайдын Тентиси,
Шейшемби күнү кечинде,
Шейит болуп ал кетти.
Кут төгүлгөн абалтан,
Курумшу эле атадан,
Канча азамат жок болду,
Кайгырып айтам ошону.
Ат көтөргүс жүк болду,
Арман күн мындай болобу,
Дүйнөдөн учуп жок болду,
Дүйшөнүн жаркын Зарлыгы,
Келбей калды а дагы,
Кейишке салып жандарды.
Тоодой сөзгө бек турган,
Токобайдын Бектурган,
Кейиштүү кеп козголгон,
Кеткен бойдон жок болгон…
Айтбайдын Ачубакун,
Ала барман пенде эле.
Кара Көңдөй жерин көрбөй,
Кайып болуп кетти ээ…
Күңгөйдөгү өтөккө,
Күкүк кушум конгон жок.
Күлүстөндөр батыштан,
Күн Тийбеске келген жок.
Арпа Тектир жайлоого,
Айланып куш конгон жок.
Апаатка кеткен агалар,
Ат Жайлоого өткөн жок.
Жабыгып кетип баратат,
Жалгыз атчан жолочу.
Жатындашы кеп козгоп,
Жашын төгөт шолоктоп…
Баатырлардан соз козгоп,
Башкача санаа, ой ойлоп.
Элди-жерди коргогон,
Эрендерди айтайын.
Чепте туруп бек болгон
Чеберден кеп баштайын.
Алыска ат дүрбөтүп,
Аттанышкан баатырлар.
Кара Көңдөй жерине,
Кайтпай калган канчалар.
Шашыла ат дүрбөтүп,
Шашып кеткен берендер.
Кара Көл турат калдайып,
Кара куш конбойт айланып.
Каардуу шамал чайпалып,
Кара Көл калды шалдайып.
Каары келип толкуган,
Кара Көл менин Көңдөйүм.
Кара куш менин жөлөгүм,
Кадырлаш биздин абалар.
Кайра келбей калгандар.
Кара Көлгө конбогон,
Кайтыш болуп жоголон.
Кайран гана баатырлар,
Кара куш ошол берендер.
Кайтыш болуп кеткендер.
Толкуган бу өмүрдөн,
Толкуй албай кол үзгөн.
Толкубай турат Кара Көл,
Толкундары не болгон.
Толкуну небак жоголгон,
Каадалуу учуп көрүнгөн
Кара кушту ок соргон.
Агаларды баяндап,
Акын эми сөздү улант.
Сап-сабы эми уланат,
Санжыралар куралат.
Жоргологун жомогум,
Калып калба туу жондо.
Алды жакка жол улап,
Арыш кере жорголо.
Апаат күндө жоголгон,
Агаларды баянда.
Баарысын тең так айтып,
Бирөөн унут калтырба!
Боордон жылкы айдаган,
Бокбасардан Шейше бар.
Тынбай тоого каттаган,
Тыныбектин Шакири,
Бай өмүрдү улаган,
Баямандын Көчөрү,
Койсойбостон Абдыр бар.
Осмондун Жусубу,
Эстеп келет бу уулду.
Толкуп-толкуп эл келет,
Токтосундан Мукамбет.
Айдыңы чыкпай тап-такыр,
А да келбей кечигет.
Уралынын Кемели,
Узаган бойдон келбеди.
Бабасын тарткан баягы,
Баякундан Нуридин.
Бая эле кетип кайтпады.
Сакиден Асанбек,
Саруунун Сукейи,
Айдыңдын Шыбыйы,
Алыс жактан аларды,
Ашыксам да көрбөдүм,
Айдыңы тааныш жандарды.
Урумга кеткен эр уулу,
Урманбет ата үч уулу,
Ар немеге тең уулу,
Ач кыйкырык чуу келсе,
Айгай салган үч уулу.
Азаптуу кезде жоо келсе,
Кармашка түшкөн үч уулу,
Кейиш менен кечигишип,
Келбей калган үчөө тең.
Созулуп кеткен үч жол бар,
Сапар келеер үч эр бар.
Үчөөнү күткөн үч жол бар,
Үч эр келбей калды анан
Кара жолдун үстүндө,
Капалуу ый каңгыган.
Ойсул ата жол менен
Ойсоңдой кетип баратат.
Ойроттуу бузаар берендер,
Оо, дүйнө кетти кайрылбайт.
Камбар ата жол менен
Кайрылбай сызып баратат.
Калкынан кеткен бөлүнүп,
Кайрандар эми кайрылбайт.
Баатырлардын айдыңы ай,
Түмөнбайдын Айдыңбай,
Эрөөлдө жоо коргогон,
Эки уулу бар Абыш атанын,
«Уулдарым келет» деп,
Энекем эки тон тиккен,
Уландары не келбейет,
Узун жол үнсүз мелтирейт.
Энеке муңга бөлөнөт,
Ээрчишкендер көрүнбөйт.
Асылдарын күткөн эненин,
Ак санаасы аткарылбай,
Жолду улап келген жок,
Жолбун менен Дүйшөнбай.
Мендиден Акир абабыз,
Кубаттуу эр көрүнөт,
Курмандын Токтокадыры,
Кейишке салып туугандарын,
Келбей калды бу дагы,
Жолду карап телмирип,
Бир-бирден бала жаш калды.
«Эмнең бар тагдыр бизде» деп,
Энелер көзүн жаштады.
Чекирден Дүшөнбай,
Капаны салып бир далай,
Айлына калды кайрылбай.
Канимет, Рыскелдилер ,
Ага менен инилер,
Анан дагы Бердалы,
Турагынан канат кагып,
Туйгундар такыр жаш кетти.
Эли-жерин көрө албай,
Эңсеген ойду жаза албай,
Үч туйгундан айрылып,
Энелер калды кайгырып.
Арбын-арбын айтаар сөз,
Молдоакыйдан Жанкороз,
Олжолуу эр Олжобай,
Атыгайдан Шарыпжан,
Ээрчишип айыл тарапка,
Экөө тең келбей калышкан.
Караандарын күткөн адам,
Кайгылуу ыр жазышкан.
***
Айылдаш бир апам бар эле согуштагы жолдошун эстеп, капаланып ыйлап алаар эле. Мен ойлочумун «Небак өткөн немени эмнеге эстейт» деп. Такыр эле акылы жок бала экемин. Ал өзүнүн тең курбу жаркынын эстеп жаткан тура. Канча жыл өтсө да анын сүйкүм элеси андан бөлүнбөй келе жаткан тура. Кандуу согуш канча адамды какшатты. Канча адамдын жүрөгүнө бүлүк салды. Эмесе ошол жаркындарды унутпай биз да эстей жүрөлү. Эгер алардын баары тирүү болсо, биздин айыл кандай чоң кубанычка бөлөнөөр эле. Алардын арасынан канча азаматтар чыгаар эле. Өткөн өттү деп айлыбыз алар жөнүндө эмнгендир көп эскербей келет.
***
Асылбектин Абдырасул,
Бир үйдөн эки уул,
Эки уул оңой бекенби?
Түтөп кетти дүйнө күн,
Асманга учуп кетти окшойт,
Арбын жагы дүйнөнүн.
Дүйнө деген курусун,
Эки уулдан айрылып,
Агалары жабыр тартты,
Арман алат кокуй күн!
Бир жери кем дүйнөнүн.
Атыгай Колот, Жол Колот,
Айдың көлгө каз конот.
Абалардан айрылсак,
Ак жашообуз не болот?
Тектир-тектир-тектир саз,
Тешик Көлгө каз конот.
Теңтуштан-теңтуш айрылса,
Деги эле жаман иш болот.
Урчук-урчук аскалар,
Учуна барып куш конот.
Уулдан эне айрылса,
Убайымдуу иш болот.
Керме-керме керме тоо,
Керме Тоого куш конот.
Кеткендерден айрылсак,
Кейиткен жаман иш болот.
Адырдагы текени,
Азгырып айдап келейин.
Армандуу кезде жок болгон,
Абалардан кабар берейин.
Каадалуу жазда жол кеткен,
Карачтан Кудайберген,
Кейишке салып туугандарын,
Кеткен бойдон келбеген.
Ачык айрым жайдары,
Аалынын Садыры,
А да келбей калдыбы?
Аралап туулган аймагын,
Ага-ини болуп бир өскөн,
Эшек минип жолдордо,
Ээрчишише бирге өткөн.
Балалыгын Көңдөйдө,
Баё чагын жөнөткөн.
Такиш менен Саякбай,
Кан күйгөн майдандан,
Келбей калды кудай ай!
Талканбайдан Кусейин,
Ыбыкенин Апили,
Бул тарапка келеби,
Көрбөй такыр калдык го,
Көркөм чачкан эрлерди.
Кайта айтамын арманды,
Агалар унут калабы,
Бу дүнөдө табылбас,
Кайра экинчи жаралбас.
Каадалуу Көңдөй уланы,
Кабыл менен Барыктабас,
Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кылымга татыр эрлерди,
Кыдырып чыксам табамбы?
Уулдардын атасы,
«Уландарым келет» деп,
Эки туйгун таптаган,
Элден окчун бактырган.
Кабар катты бере албай,
Карарып кара жол жатты.
Айдыңдуу уулдар келбеди,
Ата кушун агытты.
Кат кабарын бере албай,
Карарып кара жол жатты.
Жаратылыш ыр терметип,
Ушунчалык сырдуудай.
Туулган жерге кайтып келип,
Сыбызгытып чоор тартпайт.
Сырдыбай менен Абдырай.
Эстеп эки баланы,
Акмат чал такыр кайгырды.
Ак Эчкиде чуу барбы?
Ала Тоону күүгө салып,
Сайрап жаткан улары.
Турусбектен: Шейше, Темиркан,
Эки уулдан үн чыгабы?
Эки уул үнүн бербеди,
Энекесин күттүрүп,
Эңсеген жерге келбеди.
–Эй, иничек, иничек,
Кимди издеп жүрөсүң?
Айдың талаа, түзөңдү,
Аралап алып өтөсүң?
– Капам менин бир далай,
Эки агам бар эле,
Төлөн менен Карыбай,
Самен чалдын уулу эле,
Көрдү бекен ким бирөө?
–Эки агаңды көрбөдүк,
Андан башка не дейбиз.
Кайтпай калды согуштан,
Кара кагаз бергенбиз.
Касиеттүү жер делет,
Калдайган Көңдөй байыртан.
Көңдөйлүк болуп аталган.
Казак менен Кабакан.
Уулдары Сатынын.
Булар да келбей калышкан.
Эки агама эстелик деп,
Ушул ырды жараткам.
Токбайдан үч уул бар,
Үчөө үч ат минди эле,
Кара Колот жолун өрдөп,
Кан майданга кетти эле.
Небак бүткөн майданда,
Үч жолочу келе элек.
Кеткен бойдон айлына,
Келип салам бере элек.
Башына үйүп кайгыны,
Ата-эне жаман кайгырды.
Агат көлдөп көз жашы,
Аппак болгон чачтары,
Тирүүлөй көрүп азапты,
Ушунчалык чарчашты.
Малын багып оокат кылган,
Маамбектен эки уул бар.
Мукамбет менен Мустаке,
Кан майданга кетеерде,
Эки уулга арнап ата-эне,
Эки терек тикти эле,
Саатты кууп күн өттү,
Күндү кууп ай өттү,
Айды кууп жыл өттү,
Эбегейсиз закымдап,
Элек элеп заман өттү.
Эки уулдан дарек жок,
Дарек эмес кабар жок.
Эки терек дүпүйүп,
Алыс жактан көрүнүп,
Карап эки теректи
Ата-энеси жаш төгүп,
Алар эчак жок болушкан,
Алтын башка кайгы үйүп.
Атаны кокуй кор дүйнө,
Кор дүнө эмес жок дүйнө.
Калдайып көктө көрүнүп,
Каргалар учуп каркылдайт.
Кайгырган менен айла жок,
Кайрандар эми табылбайт.
Жон-жондордон көрүнүп,
Жорулар учуп салпылдайт,
Жооткон менен айла жок,
Жоголгондор табылбайт.
Эчен-эчен эр өттү,
Эр өтпөсө ким өттү?
Асман толгон ызы-чуу,
Айгайлаган чуу өттү.
Алдыда баштап жол салып,
Ат көтөргүз бирөө өттү,
Манас айтып бапылдап,
Шумдуктана шаңкылдап,
Бакир талант дагы өттү,
Комуз черте, үн салып,
Кой десе болбой, күү чалып,
Күрөңкөйдөн Касейин,
Күмүш үндүү бу өттү.
Керүү белди жайлаган,
Керилтип жылкы айдаган,
Кетирекейден эки уул бар,
Майданга кетип калышты,
Керүү бели жайлаган,
Кезинде тартты азапты.
Сүйдүрүп айткан макалды,
Сүйөрдөн Ыманаалы,
Ары куудул тамашачыл,
Адылдан Жылтыр бу өттү.
Адамда жок тамашачыл,
Аалынын уулу Асанаалы,
Манчыркап такыр шашылбас,
Манапбайдан Үсөнбек,
Чоң кыргында окко учту,
Тайманбас эрлер көрдү го,
Тагдырга жазган буйрукту.
Адырдан учкан чакчыгай,
Арылап учат карматпай.
Калган экен агалар,
Кайра артына кайрылбай.
Кара суудан учкан каз-өрдөк,
Каркылдап учуп өйдөлөт.
Алыска кеткен сапарлап,
Агалар эми көрүнбөйт.
Аскада турган жагалмай,
Ашыгып канат кага албай.
Туйгундар калды келе албай,
Тууганга салам бере албай.
Төрдүн башы Ат Жайлоо
Андай жайлоо кайда бар.
Каармандарды эстейли,
Мына ошондон пайда бар.
Алыс кеткен жоокерлер,
Тууган жерин сагынат.
Кубанып эстеп аларды,
Кусалык менен ыр кылат.
«Сагынычым зыпылдайт,
Учкан кушка жеткирбей,
Урумда жер болбостур,
Ушул Көңдөй жериндей.
Кара Каман ашуусун,
Калтырбай эстей берели.
Бир боорум Көңдөй жерине,
Бир барып салам берели!
Көл Төр ашуу тайгалак,
Көргөн адам жалтайлайт.
Көңүлдө калган жан досум,
Көзүмөн учуп баратат.
Чабалакей учкул куш,
Чарчадым кууп жете албай.
Көөдөндө чоң муңум бар,
Көңдөйгө бир жете албай».
Сары тору ат минген,
Сатыбалдынын Райы.
Бапайдын Касымаалысы,
Шабдан уулу Байбосун,
Турусбек уулу Темиркан,
Дагы канча жандар бар.
Абалтадан келаткан,
Арылбаган муңдар бар.
Малын айдап кайырган,
Өз ишине тың чыккан,
Мантикеден Ыйманкан.
Тагдырдан көрүп буйрукту,
Табылбас эрлер окко учту.
Азамат эрлер кеткенде,
Арпа Тектир жер калды.
Каадалуу өмүр сүргөн,
Кара Көңдөй бу калды.
Көөнөрбөс эрлер кеткенде,
Көп жашка барган чал калды.
Ак элечек оронуп,
Айдыңдуу эне жаш калды.
Алыска аты таанылган,
Акбоз жорго ат калды.
Жергеми күүгө бөлөнтүп,
Жер Үй деген суу калды.
Тайманбас эрлер кеткенде,
Тарам-тарам бел калды.
Созулуп бийик аскасы,
Сорок Ташым ээн калды.
Көөнөрбөс эрлер кеткенде,
Көк Сай деген суу кадды.
Көкдөйгө чыккан атагы,
Көк аргымак ат калды.
Айлынан эрлер кеткенде,
Ак Кайкы деген жер калды.
Алысты карап телмирип,
Айнектей сулуу жаш калды.
Аларды карап элейип,
Алайган көзгө жаш келип,
Алты жашаар асыл уул,
Айтылбаган кеп калды.
Акбозчон эрлер кеткенде,
Тешик -Көлүм бу калды.
Көлдө сүзүп көрүнгөн,
Көркөмдүү өрдөк каз калды.
Асылдарды узатып,
Кайрымдуу эже-карындаш,
Кара көзүн жащтады.
Боорлорум алыс кеткенде,
Борду деген жер калды.
Боорун араң көтөргөн,
Боз балдар эми жаш калды.
Кайрат күчтөн эчак тайган,
Кары-картаң чал калды.
Имерлиштен эрлер кеткенде,
Иймек деген жер калды.
Ийнинде турган жүгү көп,
Инилер эми жаш калды.
Каадалуу эрлер кеткенде,
Кара- Каман жер калды.
Ээрчен аттар туяк кагып,
Ээсин жоктоп окуранды.
Шарактап эрлер кеткенде,
Шагылдуу бел ээн калды.
Чатыраган жаштык мас,
Чатыр -Таш деген жер калды.
Каадалуу эрлер кеткенде,
Кайгысы жок ким калды?
Көөнөрбөс эрлер кеткенде,
Көнөчөк деген эл калды.
Жарашыктуу кыйры алыс,
Жарыктык Көңдөй жер калды.
Көсөмдөрүн узатып,
«Көзгө чабаар» эл калды.
Кайрандарын узатып,
Капасы жок ким калды.
Ой, капасы жок ким калды?
Миңжашардын Акматы,
Арпа Тектир жайыттан,
Адырда малын калтырган,
Кан майданга жол алган.
Кагылыш кан майдандан,
Келбей калды айлына.
Ата-энеси кайгырып,
Аябай батты кайгыга.
Сыдыктын эки баласы.
Кан майдандан жок болду.
Капага батып ата-энеси,
Кайгысы ташып чоң болду.
Токторбайдын Аалыса,
Тоодо жылкы кайырган.
Анын сүйкүм дабышы
Айланага жаңырган.
Ыстамдын уулу Жаамбай,
Набыт болду кайта албай.
Ыйманы ысык пенделер,
Алыста калды карылбай.
Мергенбайдын Ыманы,
Самен уулу Төлөбай,
Келбей калды кудай ай,
Кайгыбыз биздин ушундай.
Башында шайдоот жаралган,
Курумшудан Кабакан.
Кабары жок алыстан,
Канчалык да тыңшасам.
Ордобай уулу Үсөке,
Сакиден Асанбай,
Баатырлардын баардыгы,
Келбей калды кудай ай.
Кармашта намыз алаары,
Сыдыктын Жоодаты,
Жары калды телмирип,
Берген жок ага кабарды.
Учуп өткөн жалын жаш,
Теңизбайдан Барктабас.
Кайра экинчи кайрылбас,
Кабарын бизге таратпас.
Артында жалгыз баласы,
Бул жакка улам бөлүнүп
Турган эле санаасы.
Кулеттин уулу Турдубек,
Баласы, жары күтсө да,
Бул жакка кабар берген жок,
Ушундай тура дүйнө шок.
Саманчынын топ жылдыз,
Сапарлап жол чегет,
Саргайып күтүп жатса да,
Сагынып ырга салса да,
Сапарга кеткен жоокерлер,
Сагынган кезде жол келбейт,
Саргайтып неге кечигет?
Чоң чоку жактан нур бере,
Чолпон жылдыз чачырайт.
Чогусу менен жол кеткен,
Чоо жайы кетпес элестен,
Чолпондор неге жол келбейт?
Ааламдын нак ортосу,
Алтын казык жылдызы,
Аркы жактан чачырайт,
Абыр-шабыр ат минип,
Ат минсе да бат минип,
Алыс жакка жол кеткен
Абалар эми кайрылбайт,
Сары Аркар жылдыз батканда,
Таң агарып атканда
Майдандагы агаларга,
Чабаганды чаптырдык.
Чабаган чарчап барбаптыр,
Жетпептир берген кат кабар,
Агалар келбей калыптыр.
Алаштын Мисасы,
Ачык айрым жан эле.
Бир үйдүн ичинде,
Көкүрөк күчүк жан эле.
Алыс жакка кетеерде,
Апалары калды эле.
Кан майданга кетеерде,
Кандаштары калды эле.
А да келбей кайран эр,
Арманга бизди салдыбы,
Жол улап келбей калдыбы?
Караан болуп артында,
Каргадай бала калдыбы.
Жылганын куму эшилет,
Жылжыган суу эзгилейт.
Көңдөйдөн кеткен уландар,
Көрүнөбү ким билет?
Тектирдин куму жешилет,
Теминген суу жешкилейт.
Агалардан кабар барбы,
Анын жайын ким билет?
Тектирден теке өткөндө,
Тектирдин чөбү эшилет.
Теңтуштардан кабар барбы,
Тек жайын анын ким чечет?
Күн нуруна жылтылдап,
Күмүшкө-күмүш кошулат.
Күлүстөндөр кеткен жак,
Күңгөйдөн ары созулат.
Ай нуруна жылтылдап,
Алтынга алтын кошулат.
Асылдар узап кеткен жак,
Айылдан ары созулат.
Адырда жатат кашка жол
Ал кашка жол нени айтат.
Айланып узап жол кеткен,
Абаларың кайрылбайт.
Осмондун эрке баласы,
Кайрылып келбей калыптыр.
Кайгыны элге чачыптыр
Курумшудан Байтур бар,
Кайдын уулу дагы бар,
Тирүүсүндө көргөнбүз,
Тапай уулу Жүдөмүш,
Байтемирдин уулу бар,
Кайрылбай калды канчалар,
Дагы канча жандар бар,
Ат көтөргүс арман бар.
Кашкарга кеткен досума,
Кат жазсам кабар берген жок.
Кайып болгон абалар,
Кайрылып бизге келген жок.
Анжиянда досум бар,
А да кабар берген жок.
Алыска сапар жол кеткен,
Абаларым келген жок.
Беш тогол болбой бел чечпейм,
Жаз келген чакты эсептейм.
Жаадыраган жаз чакта,
Жаркындарга багыштап,
Жаратып ыр чиймелейм.
Ай менен жылдыз тогошот,
Айдыңдуу тоодон жел согот,
Агалар кетти майданга,
Арман күн кандай күн болот?
Жаалы катуу суук болгон,
Жалган куран айы бар.
Азаматтар кетишти,
Алдыда кандай күндөр бар?
Тогуз тогол айында,
Тоңдун жерин аралап,
Тору ат минип сабалап,
Алыскы кан майданга,
Агалар кеткен ыраактап.
Андан бери закымдап,
Айланып учкан канча убак,
Ой, айланып учту канча убак.
Ай, Үркөр жылдызга
Акырын барып жакындайт.
–Азаматтар келеби?
Акырындап кеп таштайт.
–Агаларың келет,-деп,
Үркөр жылдыз жооп айтат.
Абалар али келе элек
Арылдап учту канча убак.
Ай жаңырган убакты,
Ай арасы дечү эле.
Агаларым сапар барып,
Кайсы өтөккө кончу эле?
Аймактагы өтөктөрдүн,
Аралап баарын карадым.
Карасам да таппадым,
Кандаштардын караанын.
Байркыны айтпасак,
Башталманын баары өчөт.
Абалкыны айтпасак,
Абалардын аты өчөт.
Кылымдардан келаткан,
Кыйма-чийме даңкы өчөт.
Байыркынын тарыхын,
Баштабаска амал жок.
Эзелкинин тарыхын,
Эстебеске чара калган жок.
Ой, эч деле амал калган жок.
Борду менен өтөөрсүң,
Ботолуу төө жетелеп.
Боорлоруңу эстей жүр!
Боордошум шоңко тууганым!
Кулгуна менен өтөөрсүң,
Кулундуу бээ жетелеп.
Кулундарыңы эстей жүр!
Курумшу, кыпчак тууганым!
Бүлөөлү таштан өтөөрсүң,
Бүлөөлү журтту көчүрүп,
Бүркүттөрүңү эстей жүр!
Бүтөбай, саруу тууганым!
Оо, Бүтөбай, Саруу тууганым!
Улуу тоонун боорунан,
Улар кушту кармабайм.
Улар кушту кармасам,
Балапаны жайраган.
Барандуу учкан бүркүттүн,
Балапаны жетилген.
Керилип учуп зоокадан,
Кең мейкинди жиреген.
Жоокердин калган балдары,
Жоокер болуп жетилди.
Кооп туудурган азаптан,
Коргоп турат мекенди.
Сапардап жалгыз жолочу,
Сабына келип кошулган.
«Кара көйнөк» журту өсүп,
Каадалуу жерим толкуган.
Ой, каадалуу жерим толкуган.
Көзү өтүп кеткендерге,
Кайгырып куран окуйлу.
Алардын тагдыр жолдорун,
Аңдабай кантип коёлу.
Алар тирүү болгондо,
Жүрмөк болчу биз менен
Жүзүн көрүп күн нурунун,
Жүздөшүп турмак эл менен.
Алар тирүү болгондо,
Көңдөй жери байымак.
Көөдөнгө батпай кубаныч,
Кара көйнөк шаңданмак.
Жазмыш экен не кылалы,
Жараткан бизден айырды.
Эл алдында алардын
Элесин эстеп сыйлайлы.
Көзү өтүп кеткендердин,
Топурагы торко болсун!
Урпагы, урук, тууганына
Улукман аке жар болсун!
3-БӨЛҮК
ЭЛЕСИ ТУРАТ ЭСИМДЕ
Дүйнө- өмүр уул бердиң, бала бердиң,
Дүйнө-өмүр алоолонуп жана бердиң
Неге сен алыс кеткен сапарыңдан,
Ээри жок жайдаклаып кайра келдиң?
Дүйнө-өмүр, энчи бердиң, үй- жай бердиң,
Күн көр деп, бир керекти беленледиң.
Неге сен ыраак кеткен сапарыңдан,
Эскиртип канатыңды кайра келдиң.
Алыкул
Кыргыздын улуу акыны
Дүйнөдөн өтүп кеткендердин жакшы жагын гана
эстеңиз, жамандарына тил катпаңыз.
. Мухаммад Пайгамбардын осуяттары.
***
Көзү өтүп кеткендерди эстөө жакшы нерсе, аларга
куран окуу андан дагы жакшы нерсе, ал эми аларды ыр кылып,
унутпай эскерип жазуу, тирүүлөр үчүн бактылуу көрүнүш.
Байыркы түрк макалы.
***
Актан үчөө
Жаштын тиши ак,
Карттын чачы ак,
Өлгөндүн сөөгү ак.
Ыраактан үчөө
Өлгөн адамдан күн ыраак.
Аты начарга жол ыраак.
Кедейден бакыт ыраак.
Байыркы Монгол эл ырлары.
**
Жаманбы, жакшыбы көзү өтүп кеткен ар бир адамдын
өмүрү тирүүлөр үчүн санжыра же жомок.
Автор.
Өз өңүн улам көрсөтүп,
Жерде өсөт жашыл чөп.
Өктөм өмүр жакындай бир келип.
Өзүнүн жүзүн ачат өнүмдөп.
Өмүр сүргөн тирүүлөрдүн катарынан
Өлгөндөрдүн саны өтө көп.
Ойлонтуп бизди салып бушайманга
Ошол үчүн бу ааламда арман көп.
Бир үйдөн бирөө кетсе эле.
Калгандары аны эстеп кайгы жейт.
Өлгөн адам жалгыз эле өзү кетпей,
Тирүүлөргө арманды үйүп кетет.
Ошол үчүн кээ бир кезде тирүүлөр
Оттугу жок алоолонуп күйүп кетет.
Ошондуктан тирүүлөрдүн жүрөгү
Сөзсүз эле өлгөндөргө байланыштуу,
Бу дүйнөгө бир келип, бир кетесиң,
Ошол үчүн жашоо деле азаптуу.
Автор.
Айлыбызда канча сонун адамдар бар эле. Алар менен жүздөшүп жолугуп турчу элем. Бири-бирибизге мээрим чачып арка бел болдук. Тагдырыбы пенденин өмүрү аяктап бүтөт экен. Алар арабызда түбөлүк эле тирүү жүрчүдөй болгон. Бирок ичеер суусу түгөнүп, алар биздин арабыздан бөлүнүп, кыйры чексиз мейкиндикке сиңип кеткендей болду. Алар кеткен менен биздин жүрөгүбүздөн кетпей калды. Ар бир адамдын өмүрү өзүнчө эле китеп роман эмес беле. Баса ошонусу менен жашоо кызыктуу жана армандуу экен. Жараткан пендени жаратып, аны кайра алып кетмеги. Жашоонун ошондой болмогу. Алардын кетиши менен өмүр да эскирди, жашоо да эскирди. Кийинки муун алардын оордун басат. Ошол жаңы келген муун ата-бабасынын , жети атасынын санжыра жомок, ырларын унутпаса болгону. Мурункулардын көзү өтүп кеткен менен алардын өмүрүн кийинкилер улантышып жатат. Өмүр түгөнбөйт деген сөз ошондон калса керек. Өткөн муундар кийинки муундарга санжыра, жомок болуп айтыла берсин.
***
Бабаларым жашап өткөн Көңдөйдө,
Жамгыр куюп, бороон сокту көп ирет.
Өткөн мезгил эми бизге кайтып келбейт,
Бороон, жамгыр аны мезгил кайрып кетет.
Тагдыр экен жердештерим кайтыш болду,
Бүттү эми алар мага кайра кедбейт.
Антсе, дагы элестери көз алдымда,
Ал элести аң-сезимим кайрып берет.
ЭЛЕСИ ТУРАТ ЭСИМДЕ
Өлүм чиркин түгөткүр,
Өпөйгөн чалды алды.
Тиктегенде суктанткан,
Тили ширин жашты алды.
Ажал чиркин түгөткүр
Өнөрлүү жанды алды.
Жоргологон сөзү укмуш,
Жомокчу чалды алды.
Атагы элге таанылган,
Алып кетти талантты.
Капага салып жандарды,
Калың журтун какшатты.
Өлүм чиркин түгөткүр,
Эл башкарган бекти алды.
Караандуу жандан айрылып,
Калың журту какшады.
Эсеби жок чиркинге,
Эч бир арга табылбас.
Элден узап кеткендерди,
Эскере жүрчү замандаш.
Өтүп кеткендердин үнү:
Кайрымдуу менин таанышым,
Кадыр көңүл бар эле.
Жашообузда бир кезде,
Жаркын үмүт жанды эле.
Мен барган жакка сен дагы,
Учуп конуп бараарсың.
Армандуу өмүр өткөрүп,
Тагдырга көнүп каласың.
«Арабызда жашады» деп,
Арытпай эстеп атымды,
Арбагым алсыз болсо да,
Айта жүрчү затымды.
Элесим ээсиз болсо да,
Эстей жүрчү атымды.
Азыр турган эртең жок,
Армандуу тура дүйнө шок.
Ай, армандуу тура дүйнө шок!
***
Атаңдын көрү дүйнө күн,
Арманы көп дүйнөнүн.
Кейитип турган адамды,
Кейиши көп өткөндүн
Атаңдын көрү арман ай,
Армандын көп болгону ай.
Айдыңдуу эле адамдар,
А дүйнө кетти таптырбай.
***
Эзелкини эбиреп,
Эстеер киши болбосо.
Абалкыны баяндап,
Айтаар киши жок болсо,
Өткөндү такыр унутсаң,
Ошондо адам өкүнөөр.
Өкүм мезгил тарыхы,
Өксүк кылып өчүрөөр.
Биздин Көңдөй айлында,
Бийлер болгон бир далай.